Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Илим дүйнөсү: Он миң жылдык саат - акылдын символу


10 000 жылдык сааттын шайман-тетиктери. Jeff Bezos/Twitter
10 000 жылдык сааттын шайман-тетиктери. Jeff Bezos/Twitter

10 миң жыл иштечү саат АКШдагы Сьерра-Диабло тоосунда жайгашкан. Ал бир жылда бир жолу “тык” деп добуш чыгарат. Жебеси 100 жылда бир нокотко жылат. Күкүгү болсо миң жылда бир жолу үн салат. Илим дүйнөсүнүн соңку жаңылыктары.

Бир нече кылымдар бою адамга кызмат кылган сааттар бар. Алсак, Прагадагы атактуу астрономиялык саат 1410-жылдан бери иштеп жатат. Ал эми АКШнын Сьерра-Диабло тоосундагы саат 10 миң жыл тынбай жүрүүгө тийиш. Бул 25 жылдан эсептегенде төрт жүз муундун өмүрү.

10 миң жылдык сааттын механизмдерин монтаждоо иштери башталганын 20-февралда "Long Now Foundation" бейөкмөт уюмунун директору Александр Роуз (Alexander Rose) "Твиттерде" маалымдады.

10 000 жылдык саат орнотулчу тоодогу ороо. Техас штаты. АКШ.
10 000 жылдык саат орнотулчу тоодогу ороо. Техас штаты. АКШ.

Долбоордун негизги демөөрчүсү, дүйнөдө таанымал "Amazon" компаниясынын башчысы Жефф Безос (Jeff Bezos) социалдык медиада түбөлүктүү саатка арналган видеоклипти жарыялады. Билдирүүдө саатты куруу идеясынын атасы, гениалдуу Денни Хиллиске, Александр Роузга жана саатты жасаган командага алкыш айтылат.

Жефф Безос 2011-жылдан бери бул долбоорго 42 миллион доллар жумшаган. "Blue Origin" компаниясын да негиздеген Жефф Безос - дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири. Эгер Безос акча бербесе, керемет идея ой боюнча каларын Денни Хиллис былтыр айткан:

“Биз сүйлөшүүдөн соң тоону бир нече миллион долларга сатып алган элек... Бир күнү эле Жефф Безос телефон чалып: "Сен дагы бир саат куруп жаткан турбайсыңбы? Мен бул идеяң үчүн акча төлөп бермекмин" деди. Бул иштин башталышы болду. Себеби ал учурда Космостук агенттиктин саатын куруп жаткам... Бул абадан күтүүсүз коңгуроо болду...”

Келечек менен тең жашачу сааттын концепциясын илимпоз-жазуучу, ойлоп тапкыч Дэнни Хиллис (Danny Hillis) 1995-жылы иштеп чыккан. Андан алты жыл мурда 10 миң жылдык саатты куруу идеясын алгач сунуш кылган. Идеяны жүзөгө ашырыш үчүн өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес "Long Now Foundation" уюму түзүлгөн. Учурда бул уюмда кыялга сыйбас долбоорду колдоп, тапкан үлүштөрүн кошкон 3300 ашуун мүчөсү бар.

Дэнни Хиллис өзү суперкомпьютерлерди жана жасалма интеллекттерди жасоо тармагында иштеген "Thinking Machines Corporation" компаниясын да түптөгөн.

10 000 жылдык сааттын биринчи прототиби. Илим музейи, Лондон.
10 000 жылдык сааттын биринчи прототиби. Илим музейи, Лондон.

Түбөлүктүү саатты курууга жаңычыл британ композитору Брайан Ино, америкалык белгилүү техножазуучулар Кевин Келли жана Стюард Бренд да дасмия (демөөрчүлүк каражат) кошкон. Алардын оюнча, бул саат “узакка созулган ой жүгүртүүнүн символу” болуп калышы керек. Мисалы, Жефф Безостон бул долбоорду каржылоонун себебин сурашканда, “адамзат үчүн алыскы келечекке сереп салган көз караштын болгону маанилүү” деп эсептей тургандыгын айткан.

Сааттын тетиктери дат баспаган болоттон, титандан жана керамикадан жасалган. Ал кубатты (энергияны) күндүзгү жана түнкү температуранын ортосундагы айырмадан пайда болгон термелүүдөн алып, 10 миң жыл бою жана андан кийин да иштей берет. Арийне, сааттын эскирип желип калган шайман-тетиктери алмашылып турат.

Саат жайгашуучу тереңдиги 150 метрлик ороо же шахта 2011-жылы курулуп бүтүп, ага диаметри 3,8 метрлик эшме шаты орнотулган. Андан бери механикалык сааттын тетиктери чогултулуп жаткан.

Прагадагы Астрономиялык саат. Ал 1410-жылдан бери иштейт.
Прагадагы Астрономиялык саат. Ал 1410-жылдан бери иштейт.

Маалымдалгандай, өлбөс саат бир жылда бир мертебе “тык” деп добуш салып турат, жебеси 100 жылда бир нокотко жылат. Күкүгү болсо миң жылда бир жолу дарчадан башын чыгарып, “күкүк” деп сайрайт.

Жефф Безос АКШда чыкчу "Wired" журналына айткандай:

“Бул саат өмүр сүрүп жатканда Кошмо Штаттар болбойт. Бүтүндөй цивилизациялар өсүп-өнүгүп, кыйрайт. Башкаруунун жаңы системасы ойлоп табылат. Сиз элестете албайсыз - эч ким элестете албайт - биз бул саатты ушунун баарынан өткөргүбүз келет”.

Деген менен дүйнөгө 10 000 жыл кызмат кыла турган саат адамзатта цивилизация менен жарыша жашачу технологиялык кереметтерди жасагандай жөндөм бар экенин да даңаза кылат.

(Макала Батыш маалымат булактарында чыккан материалдарга таянып даярдалды).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG