Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Шал кишини бастырган экзоскелет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Француз аалымдары колу-буту, тулкусу, куймулчагы кыймылдабаган кишини бастырышты. АКШда мүйүзү жок букалардын жаңы тукуму өстүрүлдү. Ичкиликти көп ичкенден жүрөк кемтиги бар бала төрөлөт.

Шал кишини бастырчу экзоскелет

Моюн жүлүнү жабыркап, жаракат алган кишилердин болжол менен ар бир бешинчиси (20%) тетраплегия менен аяктайт. Тетраплегия - моюндагы жүлүн травмасынын айынан кол, бут, тулку бой жана куймулчак өз функцияларын аткара албай калышы. Франциянын Гренобль университетинин (Grenoble University Hospital) карамагындагы «Clinatec» изилдөө борборунун адистери жогорудагыдай денеси шал пациенттерге жардамдашып, аларды өз алдынча бастырчу нейропротездин үстүнөн иштешүүдө. Долбоорду профессор Алим - Луи Бенаби (Alim-Louis Benabid) жетектейт.

Жаңы жарым инвазивдүү техника экзоскелетти башкарыш үчүн мээнин сигналдарын пайдаланат.

Клиникалык изилдөөнүн талабына ылайык, экспериментке курагы 18-45 жаштагы, көптөн бери Франциянын социалдык камсыздоо системасында каттоодо турган эки пациент тандалып алынган. Алар - мурда мээсинен операция болбогон, антикоагулянттар (химиялык заттар жана башка дарылар) менен дарыланбаган, депрессия болбогон, организми магнитоэнцефалографияны (МЭГ), электроэнцефалографияны (ЭЭГ) же магни́ттик резона́нстык томогра́фияны (МРТ) жерибеген пациенттер. Ага карабай, бир пациент импланттарды орнотуудагы техникалык маселелерге байланыштуу эксперименттен четтетилген.

28 жаштагы эркек пациент C4-C5 жүлүнүнөн травма алып, натыйжада колу-буту, тулку-бою жана куймулчагы кыймылдачу эмес. Анын мээсинин сенсомотордук облусуна ар бири 64 электроддуу эки зымы жок эпидуралдык регистратор орнотулган.

Эпидуралдык электрокортикографиялык (ECoG) сигналдар экзоскелетке ыңгайлаштырылган нейрокомпьютердик алгоритмдин жардамы менен онлайн режимде окулуп турган. Пациент изилдөө жүргүзүлгөн 24 ай бою түрдүү тапшырмаларды мээсинде аткарып турган. Бул анын ар кандай чечимди же буйрукту өз алдынча кабыл алууну үйрөнүшү үчүн жасалган.

Ал 2017-жылдын 12-июнунан 2019-жылдын 21-июлуна чейин басканды имитация кылган жана колго ар кандай кыймылдарды жасаткан программаны мээнин оң жарым шарында өзү көзөмөлдөп турган. Бул тапшырмаларды аткарууда виртуалдык аватар же экзоскелет колдонулган.

Пациент жалпысынан 39 сыноодон өтүп, экзоскелеттин жардамы менен 145 метр аралыкты баскан. Ал басып баратканда жыгылып калбаш үчүн экзоскелетти атайын шайманга илип коюшкан.

Окумуштуулар пациент келечекте экзоскелетти жөлөп турчу шаймансыз эле баса алат деп ишенишет жана экспериментти эми бир нече пациент менен өткөргөнү жатышат.

Эки жыл мурда Сеуалдагы жеке менчик Корея университети менен Берлиндин Техникалык университетинин аалымдары экзоскелеттин эки бутуна майыптын мээсинен жөнөтүлгөн сигналды окуган жана аны компьютер аркылуу башкаруучу интерфейсти иштеп чыгышкан болчу.

Профессор Алим - Луи Бенабинин жетекчилиги менен иштелип чыккан нейрокомпьютердик алгоритм келечекте кайсы бир кырсыктын же оор илдеттин айынан кыймылдай албай калган адамдарды экзоскелеттин жардамы менен бастырат.

(Булагы: https://www.thelancet.com, https://www.sciencedaily.com)

Бала жүрөк кемтиги менен төрөлүшүнүн негизги себеби - ичкилик

Наристе бойго бүтөрдөн мурда атасынын үч ай катары менен ичкилик ичиши балада жүрөк кемтигинин коркунучун 44% көбөйтөт, ал эми апасынын үч ай катары менен ичиши 16% көбөйтөт. Бөбөктүн атасы бир отурушта беш порциядан* көп ичкилик ичсе, балада жүрөк кемтигинин ыктымалдыгы 52%, апасынын ошондой ичкенинен 16% жогорулайт.

Окумуштуулар дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү 350 миңдей баланын ден соолугуна байланыштуу 1991-2019-жылдары жарыяланган 55 изилдөөнү талдоонун натыйжасында ушундай жыйынтык чыгарышты. Алардын ичинен 41 747 бала жүрөк кемтиги менен, 297 587 бала сак-саламат төрөлгөн.

- Ата-энесинин ичкилик ичкени көбөйгөн сайын балада жүрөк кемтиги менен төрөлүү коркунучу жогорулай турганын байкадык, - дейт изилдөөнүн автору, Кытайдын Ортолук Түштүк университетинин профессору Цзяби Цин (Jiabi Qin).

Илимпоз баланын болочок ата-энесинин ичкилик ичиши наристе үчүн кооптуу болгондон тышкары алардын өздөрүнүн ден соолугу үчүн да зыяндуу экенин белгилейт. Ошондуктан түгөйлөр балалуу болууну пландаштырса, эркектер бала бойго бүткөнгө чейин жарым жыл, ал эми аялдар бир жыл бою ичкиликти оозго албашы зарыл экендиги, аял кош кат кезинде ичкиликти таптакыр ичпеши керек экендиги эскертилет.

Баланын жүрөк кемтиги менен төрөлүшү - кеңири жайылган тубаса дарт. Дүйнөдө жыл сайын болжол менен 1,35 миллион наристе же ар бир жүзүнчү бала жүрөк кемтиги менен туулат. Жүрөк кемтиги пневмониянын, инфаркттын, стенокардиянын, анемиянын, бактериялык эндокардиттин өнүгүү коркунучун күчөтөт. Бул оорулар балдар арасындагы өлүмдүн негизги себепчиси да болуп эсептелет.

Деген менен, алкоголь жүрөк кемтигинин коркунучун кантип күчөтөрү азырынча так белгисиз.

*Бир порция же стандарттык доза - 10 грамм таза алкоголь же 100 мл шампан же шарап, 30 мл күчтүү алкоголдук ичкилик же арак.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://journals.sagepub.com)

Мүйүзү жок букалардын тукуму өстүрүлдү

Калифорния университетинин (University of California, Davis) окумуштуулары геному редакцияланып, мүйүз өспөгөн букаларды өстүрүштү. Минтип өстүрүлгөн алты букачардын биринин да башына мүйүз чыккан эмес. Букачарлардын жана энелеринин геномунун анализи, турпаты алардын организминде эч кандай күтүүсүз өзгөрүүлөр жок экенин көрсөттү.

Демейде коопсуздук үчүн уй фермаларда бодо малдын мүйүзүн араалап коюшат же мүйүз өспөшү үчүн жаш кезинде түбүнөн күйгүзүп салышат.

Селекционерлер мүйүзү жок уйлардын абердин-ангус, орус, чыгыш фин жана редпол тукумун өстүрүшкөн. Алар башка уйлардай сүттүү эмес.

2013-жылы «Recombinetics» (St. Paul, MN) биотехнологиялык компаниясынын демилгеси менен донор уйдун плазмидасы колдонулбай эле мүйүзү жок аллеланын интрогрессиясына жетишүүнүн жаңы технологиясы иштелип чыккан. Ошол «мүйүзү жок генди» айбандын клеткасына киргизип, аны PC Celtic POLLED аллелине гомозиготалуу же окшош кылышат. Бул клетканы клондоп туруп донор уйдун жатынына салышканда мүйүзү жок музоо туулган.

Музоо чоңойгондо окумуштуулар анын эрендигин алып, бир нече уйду уруктандырып, мүйүзү жок жана дени сак алты музоо алышкан.

- Биздин изилдөө эки букачар мүйүздүн кабыгы жок табигый аллелди, а калган төрт букачар кошумча дагы плазмида катары белгилүү бактериалдык ДНКнын фрагментин мурастап алышканын көрсөттү, - деди Калифорния университетинин окумуштуусу Элисон Ван Эененнаам (Alison Van Eenennaam). Анын айтымында, плазмида айбандарга зыян тийгизбейт. Бирок интеграция редакцияланган геномго ылайык букадан тукум алганга жол ачты, себеби геномдо бөтөн ДНК же бактериялык плазмида бар эле, деп түшүндүрдү генетик айым.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com,https://www.nature.com)

Сатурн планетасынын жандоочулары 82 болду

Сатурдун жандоочуларынын саны 20га көбөйдү жана алардын саны боюнча Сатурн Күн системасындагы планеталардын рекордсмени болуп калды. АКШнын Карнеги институтунун астроному Скотта Шеппард (Scott S. Sheppard) баштаган окумуштуулардын жаңы табылгасынан улам мектеп окуу куралдары түзөтүлүүгө тийиш болот.

Илимий ачылыш Аалам койнундагы алыскы объектилердин табияты, ошондой эле Күн системасы жөнүндө түшүнүктү кыйла өзгөртүшү мүмкүн. Анткени мындай ачылыштын натыйжасында Сатурнду коштогон жандоочулар 82ге жетти.

1990-жылдардын аягынан бери жандоочулары эң көп планета деп Юпитер, анан Сатурн менен Уран эсептелчү. Ушу тапта Юпитердин 79 жандоочусу бар.

Сатурндун мурда белгисиз жандоочулары Гавайинин Муана-Кеа тоосундагы «Subaru» телескобунун жардамы менен ачылган.

- Дүйнөдөгү эң кубаттуу телескопторду пайдаланып, гигант-планеталардын тегерегиндеги кичине жандоочуларды табууну аяктайбыз. Жандоочулар Күн системасынын планеталары кантип калыптанганын жана эволюция болгонун билүүдө маанилүү роль ойнойт,- дейт С. Шеппард.

Жаңы жандоочулардын ар биринин диаметри орточо 5 чакырымга барабар. 17 жандоочу Сатурнга каршы тарапка айланат же астрономдор айткандай ретрограддык кыймылга ээ. Калган 3 жандоочу Сатурнды коштоп айланат. Алардын экөө планетага жакын экенине карабай, аны айланганга эки жыл сарпташат. Сатурндан алыстагы ретроград жандоочулар жана аны коштоп айланган бир жандоочу планетаны үч жылда бир айланат.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com,https://www.nationalgeographic.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG