Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Жасалма күн карама жарыкты үнөмдөйт


Күн карама.
Күн карама.

Генетиктер азыркы адамдардын аталарын тапты. Жасалма күн карама даярдалды. 1000 С0 же андан көп ысыган күн меши. Күмүш жондуу бугу-чычкан кайра табылды.

Генетика XIX кылымдагы адамдардын этегин ачты

«Жентек», Ян Стендин эмгеги. 1664-жыл. Сүрөттө бай голландиялык бөбөктү кармап турат. Артындагы эркек эки манжасын мүйүз сыңары көрсөтүп, бөбөк башка эркектен төрөлгөн деп ишарат кылууда.

XIX кылымда Европа шаарларындагы жакыр бүлөлөрдөгү аялдар никесиз төрөгөн учурлар арбын болгон. Муну Левен католик университетинин илимпозу Маартин Лармюзенин (Maarten Larmuseau, KU Leuven in Belgium) социалдык-экономикалык топтордогу бул көрсөткүчтү тактоого арналган генетикалык изилдөөсү айкындады.

Буга чейин баланын биологиялык эмес аталары кеминде 30% түзөт деп эсептелчү. Бирок акыркы 20 жылда бир катар өлкөлөрдө ДНКны изилдөө өгөй аталуу (extra-pair paternity) балдар орточо 1% гана болорун айгинеледи.

XVII кылымда аристократтар арасында мындай көрсөткүч чоң экени Лармюзени шек санаткан. Анткени бай эркектер менен алардын аялдарынын жаш айырмасы чоң болгон.

Ал жетектеген топ генеалогиялык жазуулардын негизинде Белгия менен Нидерландда ата-теги бир же бир атадан тараган 500 жуп эркекти аныктады. Алардын теңи 1840-жылга чейин туулуп, эң карысы 1315-жылкы экен.

Түгөйлөрдүн ар бири түпкү атасынын Y хромосомун мурастап алган. Тестирлөө учурунда ДНКлары төп келбей калса, тукумундагы башка эркектердин ДНКлары текшерилген. Бул изилдөөгө ыктыярдуулар гана катышкан. Атасынын каны башка чыгып, балдары өз ара араздашпашы үчүн жакын туугандардын ДНКсы изилденген эмес.

Изилдөөнүн жыйынтыгы окумуштуулар күткөндөй болгон эмес. Фермерлер, бай көл өнөрчүлөр жана көпөстөр арасында никеси жок аталар 1% жакын болгон. Ал эми кара жумушчулар менен токуучулар арасында бул көрсөткүч 4% жуук, XIX кылымда калк жаш жайгашкан шаарлардагы жумушчуларда болсо 6% чейин жана байгер шаардыктар чөйрөсүндө 0,5% жакындайт. «Мунун себебин түшүндүрө албайбыз. Алардан сурай албайсың да», - дейт М. Лармюзо.

Ошондуктан шаарлык жакыр аялдар жыныстык зомбулуктан жакшы корголгон эмес. Жалпы муунду алганда бул көрсөткүч 1,6% түзөт.

М. Лармюзонун айтымында, 30 миллион киши өз тегин билгиси келгендиктен анын негизинде 500 миң киши үчүн тесттин жыйынтыгы күтпөгөндөй болору калетсиз.

(Булагы: https://www.newscientist.com, https://en.geneanet.org)

Күмүш жондуу бугу-чычкан кайра табылды

Бул жөнүндө жапайы дүйнөнү сакташ үчүн күрөшкөн «Global Wildlife Conservation» (GWC) уюму жетектеген эл аралык окумуштуулар тобу жарыя кылды.

Бугулар тукумуна кирген вьетнам музоочосу (Tragulus versicolor) дүйнөдөгү эң майда ача туяктуу сүт эмүүчүлөр тобуна кирет. Салмагы 4 килограммга да жетпеген, чоңдугу мышыктай же коёндой макулуктун кебетеси чычкан менен аргындашуудан жаралган бугуга окшош. Ошондон улам аны бугу-чычкан деп да аташат.

«Күмүш жондуу бугу-чычандын кайры табылышы биологиялык көп түрдүүлүк, айрыкча, жоголуу коркунучу астындагылар Вьетнамда сактала берет деген чоң үмүт жаратат», - деди вьетнамдык окумуштуу Хоаң Мин Дүк (Hoang Minh Duc).

Эл аралык окумуштуулар тобу күмүш жондуу вьетнам музоочосун табыш үчүн атайын экспедиция уюштурган.

Бул түркүмдөгү бугу-чычкандар жөнүндө XX кылымдын башына чейин көп деле маалымат жок эле. Алардын төрт даанасы 1910-жылы Вьетнамдын түштүгүндөгү Нячанг шаарына чукул жерде табылып, илимий мүнөздөмө берилген. Бирок 1990-жылдан бери окумуштууларга кезикпей, бугу-чычкандар жоголду деп эсептелчү. Бирок кээ бир жергиликтүүлөр макулукту токойдо көрүп калганын айтышчу. Ушундан улам GWC уюму бугу-чычкандарды жапайы айбанаттардын эң көп изделген 25 түрүнүн тизмесине кошкон.

Экспедиция маалында үч провинциядагы бугу-чычкан болушу ыктымал деген жайларга фототузак орнотулуп (Англ.- camera trap, орус.-камера ловушка), беш айда вьетнам музоочосунун 275 сүрөтү тартылып алынган. Кийин аймакка дагы 29 фототузак орнотулуп, беш айда жаныбардын 1880 сүрөтү чогултулган.

Бул сүрөттөрдүн негизинде Вьетнамдын Илим жана технология академиясы, Зоопарктарды жана жапайы табиятты изилдөөнүн Лейбниц атындагы институту (Leibniz Institute for Zoo and Wildlife Research) жана GWC уюму чычканга окшош вьетнам музоочосун (T. Versicolor) кайра табылды деп жарыялады.

(Булагы: http://www.sci-news.com/, https://www.nature.com)

Жасалма күнкарама

Жарыктын булагын ээрчип, ага бурулуп турчу күн карама тейдеги микротүзүмдү Калифорния университети (UCLA) менен Аризона штатынын университетинин (АSU) окумуштуулары жасашты. Микротүзүмдүн чоңдугу ийненин көзүндөй.

Биомиметикалык* материалдан жасалган күн караманын сабагына окшош цилиндр материал SunBOT деп аталат. Диаметри 1 мм чамалуу наноматериал лабораториялык сыноо учурунда 75 градустук бурч менен түшкөн жарык нурунун 90% жакынын өзүнө сиңириш үчүн ийилип, өзүнө ылайыктуу абалда турган. Ал Күндү же жарыкты ээрчип, абалын өзгөртө берет. Муну доцент Зимин Хе (Ximin He) өз коллегалары менен аныктап жазышты.

Алардын айтымында, келечекте жаңы технологияны күн панелдерин оптималдуу иштетүү, сууну туздан арылтуу жана роботторду орун котортуу, жылдыруу үчүн пайдаланса болот. Ошондой эле акылдуу терезелерде, космостук кемелердин күн парусун жасоодо, оптикалык багыт берчү системаларда жана медициналык роботтордо колдонуу мүмкүн.

Окумуштуулар өсүмдүктөрдүн күндүн жарыгына болгон имитациясын колдонуунун нанотехнологиялык жолдорун көптөн бери изилдеп жүрүшөт. Өсүмдүктөрдүн багытталып берилбеген жарыкка жана тегиз берилген жарыкка тез реакция кылышы настия деп аталат. Мындай касиетке каакым да ээ. Каакымдардын гүлүнүн чанагы күндүн жарыгы жайнап тийгенде ачылып, жарык азайган учурда кичирейип калат.

Изилдөөчүлөрдүн бири, биоинженер Сөң-Вук Ли (Seung-Wuk Lee) айымдын айтымында, SunBOTторду имараттын чатынын бетине тизип, «күн карамалардын чакан токоюн» жасап койсо болот. Мисалы, биомиметикалык наноматериалдан жасалган чатыр курулушта же өндүрүштө колдонулган материалдардан узак кызмат кылат. Себеби, Күндүн жарыгы түшкөн бурч өзгөргөндө ал да анын ээрчип өзгөрүп турат.

Азыркы материалдар төбөдө тийген Күндүн астында кыймылсыз жаткандыктан, узакка чыдашпайт. Андай материалдар өзүнө тийген күндүн энергиясынын 22% жакынын сиңирет. Ал эми наноматериал жарыкты өзүнө сиңирип алгандан тышкары аны жылуулукка айлантат жана температура жогоруласа кысылып тыгыздалат.

*Биомиметиктер (англ. biomimetic nanomaterials же biomimetics, bioinspired materials) - биоматериалдардын касиетин кайталаган (туураган) же жаратылышта бар принциптердин негизинде жасалган жасалма материалдар.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.sciencenewsforstudents.org)

1000 С0 же андан көп ысытчу күн меши

Атактуу магнат Билл Гейтс колдогон жаңы стартап «Heliogen» күндүн энергиясын буга чейинкиден алда канча натыйжалуу пайдаланып, 1000 С0 ысычу күн мешин жасоого кудурети жетерин жарыялады.

1000 градустан бийик температураны алыш үчүн «Heliogen» компаниясынын инженерлери кызгалдактай жайнаган күзгү панелдер чогулткан күндүн нурун бир фокуска топтошкон.

Мынча жылуулукка жана натыйжалуулукка жетүүдө күзгүлөрдү күндүн жарыгын максималдуу топтогондой оптималдуу абалга жайгаштырчу өзгөчө акылдуу компьютердик программалык камсыздоо колдонулган. Бул система Күндүн абалын жана башка жагдайларды эске алып, ар бир күзгүнү эң ылайыктуу позицияга жайгаштырат.

Жасалма интеллектти мурда Массачусетс технологиялык институту (Massachusetts Institute of Technology, MIT), Калифорния технологиялык институту (Caltech) жана башка илимий изилдөө институттарында эмгектенген адистер иштеп чыгышты.

Жаңы технологияны цемент, болот, айнек сыяктуу кокстуу көмүрдү колдонгон өндүрүштө жана электр энергиясын өндүрүүдө колдонуу мүмкүн. Анын өздүк наркы арзан болгондуктан, «Heliogen» компаниясынын башкы директору жана негиздөөчүсү Билл Гросс (Bill Gross) климаттык кризисти жөнгө салууга олуттуу салым кошот деп ишенет. Электр энергиясына дүйнөдө энергияга болгон талаптын 1/4нен азы туура келет.

1000 С0 ашыкча ысытылган бууну же туздун эритиндисин алганга керек температурадан бир кыйла көп. Туздун эритиндиси электр энергиясын өндүрүүдө арадагы жылуулук алып жүрүүчү катары пайдаланылат.

Мындай температура жалгыз күндүн энергиясын пайдаланып, отун энергиясын көп керектеген технологиялык процесстерди аткарууга да жол ачат.

Билл Гросстун сөзүнө караганда, күн мешинин конструкциясына айрым өзгөрүүлөр киргизилсе, ал 1500 градустан да жогору ысыйт. Бул көмүр кычкыл газын жана сууну өзүнчө элементтерге бөлүп, суутек же суюк суутектүү көмүртекти өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аларды автомобилдердин күйүүчү майы - бензиндин ордуна колдонсо болот.

(Булагы: https://freenews.live, https://www.sciencealert.com)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG