Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:47

Беларустун «Атакеси» бийликти Коляга эч тоскоолсуз өткөрөт


А.Лукашенко. Саясий карикатурадан.
А.Лукашенко. Саясий карикатурадан.

“Күлкү кербендин” жаңы шиңгили Беларустагы жыйынтыгы талаш туудурган президенттик шайлоого байланыштуу соңку окуяларды чагылдырган азилдерден турат.

* * * * * * *

Ишканадан чыккан жумушчу эч кимге тийишпестен, эч баңгизат чекпестен, оозуна эч ичимдик жолотпостон көчөдө тынч келе жатса, алдынан автоунаа тороп калып, андан чыккан омончулар аны жыгып алып, келтектей башташат.

— Мени коё бергилечи, байболгурлар! Мен Лукашенко үчүн добуш бергем.

— Каратып туруп жалган айтпа! Ал үчүн эч ким добуш берген эмес!

* * * * * * *

— Орусиянын эмне өлкө экенин аңдадым.

— Эмне экен?

— Ал Лукашенконун эле долбоору тура! Ал өлкө “эгерде мага баш ийбесеңер, анда ушундай жакыр өлкөдө жашап каласыңар” деп Атаке (Батька) элине сес көрсөтүү үчүн керек долбоор экен...

* * * * * * *

Болочоктогу президенттик шайлоодо Беларуста тандоо үчүн чыныгы мүмкүндүк жаралат: калк Алекстандр Лукашенко менен анын уулу Коля экөөнүн бирин эркин тандай алмакчы.

* * * * * * *

Башка бир азилде сөз оюну камтылган:

— Деги канчанкыга чейин (“доколе”) бизди башкарам деп ойлойсуң? –– деп Беларустун калайыгы Лукашенкого кайрылды.

— Коля бийликке келгиче (“До Коли”), –– деп ал уулунун атын айтып агынан жарылыптыр.

* * * * * * *

Бишкектен качып келип, Минскиде баш паана тапкан досу Курманбектен Лукашенко сурап калыптыр:

— Элди башкаруу улам кыйындап баратат, анын сыры эмнеде деп ойлойсуң? Чынын айт!..

— Досум, мурдагы шайланган кишиге шылтап, бардык кемчиликти түртө салайын десең, мурда да, андан мурда да, андан да мурда да өзүң эле шайланган болчусуң да... –– деп ал да улутунуптур.

* * * * * * *

Беларустун БШКсынын башчысы Лидия Ярмошина шайлоодон кийин жаркылдап президенттин кабинетине кирип келди:

— Сизге менин эки башка кабарым бар, Александр Григорьевич. Бири –– жакшы, экинчиси –– жаман. Кайсынысынан баштасам?

— Деги жакшысын оболу айта салчы.

— Сиз — Беларустун нагыз шайланган президенти болуп калдыңыз.

— Өх-х!.. А берки, жаман кабарың эмне эле?

— Бул жолу да Сиз үчүн эч ким добуш бербей койду.

* * * * * * *

Беларустагы президенттик шайлоо баягы “Голливуддун” мушкер Рокки Балбоа жөнүндөгү көркөм тасмасындай: ар бир жаңы фильмде башкы кейипкер уламдан улам картая берет, картая берет, бирок ар бир фильмде ал атаандаштарын жеңе берет, жеңе берет...

* * * * * * *

“Беларуста калайыктын басымдуу көпчүлүгү президент Лукашенкону колдоп добуш берди”, –– БШКнын өкүлү жарыя кылды.

“Ал эми калктын басылган эбегейсиз зор көпчүлүгү “каршымын” деп добуш берди”, –– деп оппозиция өкүлү каяша кылды.

* * * * * * *

(Ар кыл интернет булактардан).

XS
SM
MD
LG