Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:13

Орусияда ким кимди тыңшайт?


Орусиядагы шпиономанияга тамаша сүрөт
Орусиядагы шпиономанияга тамаша сүрөт

Орусияда адамдарды жашыруун тыңшоо кеңири жайылууда. Эксперттер муну Кремлдин оппозицияга укурук салып, бөлүп-жаруу аракети менен түшүндүрүшөт.

Буга кошумча бири биринин “сары изине чөп салып”, такымдап аңдыган коопсуздук кызматтары ортосундагы эрегиш да чоң салым кошууда.

Акыркы беш жылда саясий тыңчылык жана аңдуу Орусияда кеңири жайылганын Кремлдин көрүнүктүү сынчылары Владимир Рыжков жана Мамдуманын мүчөсү Геннадий Гудков менен быйыл январда болгон окуя айкын күбөлөйт.

Экөө телефондон мурда кездешкен жайда жолугушалы деп убадалашат. Жолукчу жай жөнүндө экөөнөн башка эч ким билбейт. Ага карабай, алардын сүйлөшүүсү видеотасмага тартылып, коопсуздук кызматтары менен ынакташ Live News сайтына жайгаштырылат. Мамдуманын мурдагы депутаты Рыжковдун айтышынча:

Владимир Путин жана мурдагы орусиялык жансыз (шпион) Анна Чапмэн интернеттеги "Войнушка" оюнундагы каармандар.
Владимир Путин жана мурдагы орусиялык жансыз (шпион) Анна Чапмэн интернеттеги "Войнушка" оюнундагы каармандар.
- Гудков экөөбүз кездешели деп телефондон макулдашканда жолукчу жайыбызды айткан эмеспиз. Жөн гана: “өткөндө жолуккан жайда кездешели”,-дегенбиз. Бул алардын дайыма бизди жашыруун тыңшап жүрүшкөнүн күбөлөйт.

Бул окуя, талдоочулардын айтымында, Кремлдин оппозиция лидерлеринин аброюн төгүп, ичтен ыдыратуу аракетин шарданалайт. Мурдарак оппозициячыл саясатчылар Борис Немцов жана Илья Яшин да ушундай “рентгенге” түшкөн.

Мамдуманын мүчөсү, КГБнын отставкадагы генералы Алексей Кондуров жогорку бийликтеги адамдардын уруксаты жок оппозиция лидерлери тыңшалбасын айтат:

- Менимче, бийликтеги кызыкдар адамдар катышпай бул иш жасалмак эмес. Бул сөзсүз эле Федералдык чалгындоо кызматы эмес. Азыр Ички иштер министрлигинин Е башкармалыгы оппозицияга каршы күрөшөт.

Оппозициячыл саясатчыларды кой Орусиянын коопсуздук кызмттары: Ички иштер министрлиги, Федералдык коопсуздук агенттиги-ФСБ, ГРУ же Башкы чалгындоо башкармалыгы, Федералдык тергөө комитетинин тийиштүү кызматтарынын бирин бири аңдуусу да аябай күчөгөн.

Мунун себебин Нью-Йорк университетинин профессору Марк Жильотти алардын бюджеттик каржылоо, мансап жана таасир үчүн болгон күрөшү менен түшүндүрөт.

- Бюджеттик акча үчүн күрөштүн жакшы бир жолу - президент Путинге же жетекчиликтеги башка үлкөн адамдарга маалымат бергенде мыкты кабардар болуу саналат, - дейт Марк Жильотти. - Эч ким көзү азиз сокурдай болгусу келбейт... Сиз бүйүр кызыткан жаңылыкта, камакка алууда, жансызды же шпионду кармоодо, эмнеде болсо да биринчи болгонду каалайсыз. Ошентип биринчи болуу үчүн бири-бириңиздерди аңдыйсыздар.

Орусиянын коопсуздук кызматтары ортосундагы таймаш жаңы көрүнүш эмес. 2006-жылы Маңзаттарына каршы күрөшүү боюнча федералдык агенттиктин иликтөөсүнүн натыйжасында ФСБнын эмерек аткезчилигине катыштыгы бар бир нече даражалуу жетекчиси жана өлкөнүн башкы прокурору Владимир Устинов кызматтарынан кол жуушкан. Келерки жылы ФСБнын агенттери эмерек аткезчилигин тергеген генерал Александр Булбовду камакка алаган.

Коопсуздук кызматынын агенти Федералдык коопсуздук кызматы тууралуу жаңы мыйзамга каршы Кызыл аянтта плакат кармап турган адамды кетиргенге аракет кылууда. Москва, 26-июль, 2010
Коопсуздук кызматынын агенти Федералдык коопсуздук кызматы тууралуу жаңы мыйзамга каршы Кызыл аянтта плакат кармап турган адамды кетиргенге аракет кылууда. Москва, 26-июль, 2010
​Азыр 2007-жылы түзүлгөн Тергөө комитетинин төрагасы Александр Быстрикин Башкы прокуратура менен тирешүүдө.

Орусияда акыркы беш жылда жашыруун тыңшоо эки эсеге жакын көбөйгөн. Жогорку Соттун маалыматына ылайык, 2006-жылы телефон тыңшоого, каттарды окуганга, сөздү жазып алганга 265 миң уруксат берилген. Былтыр андай уруксаттын саны 466 миңге жеткен.

Андрей Солдатов коопсуздук маселеси боюнча белгилүү орусиялык эксперт. Ал Орусияда жарандарды тыңшоону 2001-жылкы АКШдагы террордук чабуулдардан кийинки Батыш өлкөлөрүндөгү көрүнүшкө окшоштурат.

Бирок, Солдатов байкагандай, Орусияда бул иш ашыкча саясатташып кеткен жана коомчулук аны көзөмөлдөй албайт:

- Бизде, биринчи кезекте, Британияда, Кошмо Штаттарда жана башка өлкөлөрдө кеңири көзөмөлгө алгандай мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биздин өлкөнүн проблемасы - парламенттик көзөмөлдүн жоктугунда. Эң коркунучтуусу - оппозиция лидерлерине каршы операцияны ким жүргүзүп жатканын билгенге кыпындай да мүмкүндүк жок. Аны билгенге механизм да жок.

Владимир Рыжков менен Геннадий Гудковдун сүйлөшүүсүн мыйзамсыз видеотасмага тартып алып, Интернетке жарыялап жиберүү боюнча быйыл январда тергөө башталып, көп өтпөй дымып калган.

Ал эми оппозициячыл саясатчыларды жашыруун тыңшап, видео жана аудиотасмасын кремлчил сайттарга жана гезиттерге жарыялоо уланууда.

XS
SM
MD
LG