Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Орусия: оппозиция лидерлеринин үйлөрү тинтилди


Блоггер Алексей Навальныйдын Москвадагы үйүнө кире бериште, 11-июнь, 2012
Блоггер Алексей Навальныйдын Москвадагы үйүнө кире бериште, 11-июнь, 2012

Орусияда массалык демонстрациянын алдынан оппозициянын лидерлеринин үйлөрү тинтүүгө алынды.

Владимир Путиндин үчүнчү ирет президент болуп шайланганына каршы оппозиция бүгүн ири демонстрация уюштуруп жаткан.

Куралданган полиция өкүлдөрү шейшембиде оппозициянын лидерлери Борис Немцов, Илья Яшин, Алексей Навальный, Ксения Собчак, Сергей Удальцов жана башка кеминде дагы беш адамдын үйүн тинтүүгө алды.

Сергей Удальцов анын үйүнө полиция таң атпай келгенин айтат.

“Таң эртелеп саат 7де эле полиция менен Тергөө комитетинин кызматкерлери эшикти каккылай башташкан. Ошол эле учурда алар менин ата-энемдин үйүн да аңтарып чыгышыптыр, - деди активист. - Алар 6-майдагы окуялар боюнча кылмыш ишин тергөөнүн алкагында менин үйүмдү тинтүү боюнча токтомду көрсөтүштү”.

"Солчул фронттун" координаторунун айтымында, полиция анын компьютерин, файлдар сакталган флешкасын, iPad жана чөнтөк телефонун опуздап алып кетишти.

Оппозициялык лидерлердин баары бүгүн демонстрация болоор күнү суракка чакырылышкан. “Демек, эптеп бизди бүгүнкү митингге барышпасын деп жатышат”, - дейт Удальцов.

“Мени өзүм баштаган “Миллиондор маршына” бардырбоо үчүн булар мунун баарын жасап жатышат”, - дейт Удальцов.

Бүгүнкү суракка Яшин, Навальный жана Собчак да чакырылган.

Атайын чагымбы?

Адам укугун коргоочу Лев Пономарев тинтүү “бүгүнкүгө пландалган митингди үзгүлтүккө учуратуу үчүн жасалганын” айтат:

“Бийликтер мында уюштуруучуларды коркутуп, аларды мүмкүн болушунча митингге кыжырдануу менен келишин каалап жатат. Мен ушул эфирден пайдаланып, элдерге кайрылаар элем. - Бүгүнкү митингде бийликтин азыркы провокациясына алдырбагыла. Биз митингди тынч өткөрүп алышыбыз керек, бул өтө принципиалдуу маселе”.

Ал эми Тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин Москвада журналисттерге: “Тинтүү зарылчылыгы 6-майдагы массалык башаламандык учурундагы мыйзам бузуулар жана кармалгандан кийин бийлик өкүлдөрүнө карата күч колдонуу менен байланышкан кылмыш иштеринин негизинде келип чыкты”, - деди.

Талаштуу мыйзам

Непада оппозиционерлер массалык башмаландыкты уюштурган деп табылса, анда 10 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Бул жолку тинтүү Орусияда президент Владимир Путин бийликтердин уруксатысыз митингге чогулгандарга айып пул бир нече эсеге көтөрүлгөн мыйзамга кол койгондон кийин болду.

Бүгүн демонстрацияны өткөрүүгө Москванын бийликтери уруксат беришкен, бирок ага келгендердин саны 50 миңден ашпоосу керектиги көрсөтүлгөн.

Орусия оппозиция былтыр декабрда өткөн парламенттик, кийин мартта өткөн президенттик шайлоолордун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG