Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Качкындарга жан тарткан ырчы Кремлге жакпай калды


Андрей Макаревич.
Андрей Макаревич.

Орусиялык таанымал рок-музыкант Андрей Макаревич өткөн аптада ушул тапта куралдуу кармаш жүрүп жаткан Украинанын чыгышына барып, качкындарга концерт берген. Бул үчүн ал депутаттар тарабынан сынга кабылды.

Орусиянын бир катар депутаттары Андрей Макаревичке каршы багытталган кампанияны колдоп, Украинага барып, качкындардын алдында ырдаганы үчүн ырчыны мамлекеттик сыйлыктардан ажыратып, ал тургай чыккынчы деп табууну сунушташты.

Дээрлик 30 жылдан ашуун сахнадан түшпөй, мурдагы СССРдин бардык бурчунда ырлары жаңырып турган «Машина времени» рок-тобунун негиздөөчүсү Андрей Макаревичти «Украина ыктыярчылары» кайрымдуулук уюму чакырган. Алар жикчилдер жана өкмөттүк күчтөрдүн кагылышынан улам жабыркаган Украинанын чыгышындагы бир катар шаарларга барып, концерт берүүнү суранган.

Макаревич 12-августта уруш жүрүп жаткан Донецк облусунун Святогорск шаарында качкындардын балдарына барып ырдап, Фейсбуктагы баракчасына согуш жүрүп жатканын унутуп калган балдардын жыргап, кол чаап жаткан сүрөттөрүн чыгарган.

«Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаты Евгений Федоров "Известия" гезитине Макаревич узактан бери "фашисттердин өнөктөшү болуп келген" деп айтты.

«Ал өз тандоосун Орус Федерациясынын душмандарына кошулганда эле жасаган» деген Федоров Макаревичти бардык мамлекеттик сыйлыктарынан, анын ичинде 4-даражадагы “Мекен алдындагы эмгеги үчүн” орденинен ажыратууну сунуштады. Ошондой эле депутат Орусияга каршы билдирүү жасаган ким болбосун дароо мамлекеттик сыйлыктан ажыраткан мыйзам кабыл алууга чакырды.

Буга чейин Украинадагы жаңжалдан улам, үй-жайын таштап ички бозгунга айлангандарга жалооруп аяп келген Москва эмне себептен Макаревичтин концерттерине кыжырданганы белгисиз.

Таанымал аткаруучу буга чейин Кремлдин Украинага карата жүргүзгөн саясатын ачык эле сындап келгени белгилүү. Ал ушул жылдын мартында Крымды Орусия аннексиялап алган соң Фейсбуктагы баракчасына «Эгер биз баарын туура кылып жатсак, эмнеге бүткүл дүйнө бизге каршы?" деп жазган.

“Эхо Москвы” радиосуна 18-августта берген маегинде Андрей Макаревич депутат Федоровду сотко бериши ыктымалдыгын кыйытты:

- Эгер булар мени фашист деп атоону уланта берсе, мен өз ар - намысымды коргоо үчүн сотко кайрылууга мажбур болом,- деди Макаревич.

Орусиянын омбудсмени Эмма Памфилова мыйзам чыгаруучулардын мындай кадамын сынга алып, башкача ойлонгон адамдар менен күрөшүү үчүн мамлекеттик механизмдердин колдонулушуна каршы экенин билдирди.

Жазуучу жана публицист, «Завтра» гезитинин башкы редактору Александр Порханов атактуу музыкантты "кылмышкер жана чыккынчы" деп атады. Ал эми Эдуард Лимонов "Известияга" жарыяланган «Макаревичти эмнеге жазалаш керек?» деген блогунда «Рок-ырчыны дүйнөгө акылы жок, куугунтукталган, адашкан кой экенин көрсөтүшүбүз керек» деп жазды.

Санкт-Петербургдун федералдык жыйынынын депутаты Виталий Милонов ырчынын сыйлыктарын эле тартып алуу менен чектелбей, Орусия аймагында концерт коюуга тыюу салууну сунуштап жиберди.

«Азаттыктын» орус кызматына берген маегинде Макаревич эмне себептен уруш жүрүп аткан Украинага барып ырдаганын мындайча түшүндүрдү:

- Биринчиден, мени чакырышты. Экинчиден, кайсы аймактагы качкындар болбосун алардын көңүлүн көтөрүп ырдап берүү менимче жакшы иш. Үчүнчүдөн, ушундай кайгылуу окуялар мен ишенбеген маалымат каражаттары тарабынан чагылдырылып жаткандыктан, чындыкты билүүнүн жалгыз жолу - өз көзүм менен көрүү деп чечтим.

Рок-музыкант жикчилдердин борборуна айланып, өткөн айда украин күчтөрү тарабынан бошотулган Славянск шаарына барганда көргөнүн мындайча сүрөттөйт:

- Шаардын чет жакалары абдан талкаланыптыр. Салгылашуулар негизинен ошол жактарда болуптур. Шаар өзү чакан болгондуктан, азыр толугу менен калыбына келтирилиптир. Айрым көпүрөлөрдө гана салгылашуунун издери калыптыр. Таштандылар тазаланып, эл үйлөрүнө кайта баштаптыр. Башкы аянтта фонтандар атылып, музыка жаңырып, балдар ойноп, кыздар сейилдеп жүрөт. Абал тынч

Андрей Макаревич 1979-жылдан бери атактуу «Машина времени» тобун негиздеп, анын башкы солисти катары сахнадан түшпөй келет. Орусиянын Эл ырчысы жана башка көптөгөн жогорку наамдардын ээси. 2000-жылдары бийликтин позициясын колдоп жүргөн, ал эле эмес Москвадагы Пол Маккартнинин концертинде президент Путиндин жанында отурган.

2010-жылы Михаил Прохоровдун ишинин адилеттүү каралышын өтүнүп, бир катар чыгармачыл инсандар менен бирге президентке кат жазган. Ошондон бери Макаревич бийликти сынга алып, оппозициялык акцияларга байма-бай катышып келет.

Ал быйыл Орусиянын маданий интеллигенциясынан биринчилерден болуп орус армиясынын Украинага киргизилишине каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG