Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Украина: жикчилдер Путиндин тилин алган жок


Донецктеги орусиячыл жикчилдердин баррикадасы. 8-май, 2014-жыл.
Донецктеги орусиячыл жикчилдердин баррикадасы. 8-май, 2014-жыл.

Украинанын кырдаал чыңалып турган чыгышында орусиячыл жикчилдер эки жерде референдум өткөргөнү жатышат.

Расмий Киев жана анын Батыштагы өнөктөштөрү алдыдагы жекшембиге мерчемделген референдумдардын эч бир укуктук күчү жоктугун жана алар таанылбасын айтышууда.

Украинанын чыгышындагы жикчилдердин лидерлери 11-майга мерчемделген референдумдар өткөрүлө турганын кечээ дагы бир жолу ырасташты. Алардын мындай билдирүү менен чыгышына орус президенти Путиндин эки күн мурдагы чакырыгы түрткү берди окшойт.

Путин Москвада ЕККУнун учурдагы төрагасы, Швейцариянын президенти Дидье Буркхальтер менен жолуккандан кийин бүткүл украиналык диалогго мүмкүнчүлүк берүү үчүн Донецк менен Лугансктагы референдумдарды токтото турууга чакырган эле.

Бирок Украинанын чыгышында Донецк элдик республикасы түзүлгөнүн жарыялагандардын “Координациялык комитети” кечээги жыйынында рефендумдун убактысын которбоону чечкен.

Донецктеги жикчил кыймылдын лидери делгендердин бири Денис Пушилин кечээги басма сөз жыйында:

Орусиячыл жикчилдер референдумга даярдык көрүүдө. Донецк. 8-май, 2014-жыл.
Орусиячыл жикчилдер референдумга даярдык көрүүдө. Донецк. 8-май, 2014-жыл.
- Добуш берүүдө 11-майдагы референдумдун убактысын которбоо сунушу 100% колдоо тапты. Биздин Владимир Путин менен түз байланышыбыз жок. Биз орус президентинин сунушун кечээ массалык маалымат каражаттарынан билдик. Ал дагы ошентсе керек,- деди.

Донецк элдик республикасын жарыялагандар бул шаарда облустук бийлик имаратын басып алышкан.

Жекшембидеги референдумдан баш тартышпасын Лугансктагы жикчилдер да айтууда. Бул аймакта элдик губернатор деп жарыяланган Валерий Болотов Путиндин чакырыгынан кийин кабыл алынган чечимдер тууралуу буларды билдирди:

- Аймактык кеңеш өкүлдөрүнүн “сиз Луганск элдик республикасынын мамлекеттик өз алдынчалыгы жөнүндөгү актыны колдойсузбу?” деген жалгыз суроо менен 11 - майда референдум өткөрүү чечими өзгөрүүсүз калсын.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул билдирүүлөрдөн кийин Кремл Украинанын чыгышындагы жикчилердин чечимдерин анализдеп жатканын маалымдады.

Донецк жана Луганск облустарын кошкондо 6,5 миллиондой калк жашайт.
Жикчилдер уюштуруп жаткан референдумга алардын канчасы тартылат, добуш берүү өзү кандай өтөт, бул азырынча белгисиз.

Расмий Киев болсо аталган эки аймакта эч кандай референдум пландалган жок деп ырастоодо.

Лугансктагы орусиячыл жикчилдер.
Лугансктагы орусиячыл жикчилдер.
Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Андрей Парубий кечээ Киевден кабарчыларга:

- Донецк жана Луганск аймактарында эч кандай референдум пландалган жок жана өтө да албайт. Бул жөн эле саясий көз боёмочулук, пропаганда максатында гана жарыяланган саясий акция. Бул операция азыр да Орусия федерациясы тарабынан координацияланып жатат. Антитеррордук операция Донецк жана Луганск аймактарында жүргөн чагымчылар менен террорчулардын аракеттерине карабай улантыла берет,- деп билдирди.

Украинанын чыгышында мерчемделген референдумдар эч кандай укуктук күчкө ээ болбосун жана таанылбасын расмий Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү да белгилеп жатышат. АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри эки күн мурда:

- Биз Донецк жана Луганск аймагындагы жикчилердин сөздүн ачыгын айтканда көз карандысыздык боюнча жасалма жана ойдон чыгарылган референдум өткөрүү аракетине катуу тынчызданып жатабыз. Украинаны бөлүп-жаруучу бул мыйзамсыз иштерди биз чечкиндүү түрдө четке кагабыз - деген эле.

Мерчемделген референдумдар эч кандай демократиялык күчкө ээ эместигин, болгону Украинадагы кырдаалды гана курчутарын кечээ Еврошаркет дагы билдирди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG