Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Керри: Украина чыгышында "Крым сценарийи" кайталанууда


Жонн Керри (оңдо) жана Катерин Эштон АКШ Мамдепартаментиндеги пресс-конференцияда. Вашингтон, 6-май 2014
Жонн Керри (оңдо) жана Катерин Эштон АКШ Мамдепартаментиндеги пресс-конференцияда. Вашингтон, 6-май 2014

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин 11-майда чөлкөмдүн төбөлсүздүгү боюнча референдум өткөрүү планын Вашингтон сынга алды.

“Биз болочокто Украинаны бөлүүгө багытталган бул мыйзамсыз аракетти кескин сындайбыз. Бул кырдаалды деэскалация аракети жүрүп жатканда дагы көп проблеманы түзүүнү көздөйт.” Мындай билдирүүнү АКШ Мамкатчысы Жон Керри 6-майда Вашингтондо Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон менен болгон сүйлөшүүдөн соң жасады. Бүгүн Украиналык аскерлер Донецк облусундагы Мариопул шаардык кеңешин орусиячыл согушчандардан бошоткону маалымдалды.

Орусиячыл жикчилдер Донецк жана Луганск облустарында 11-майга мерчемдеген референдум Украинанын чыгышын автономиялуу деп жарыялап, андан соң Киевден күнкорсуз деп Москванын амирине өтүп кетүүнү көздөйт. 16-мартта Крым автономиясынын москвачыл жетекчилери өткөргөн референдумга шылтап, Орусия 2 миллионго чукул эли бар аймакты өзүнө кошуп алган. Кремль оболу Украинанын курамындагы Крым жарым аралга аскер киргизгенин танып жаткан.

Бирок Владимир Путин 18-апрелде болгон түз телебаарлашуусунда крымдыктардын “коргонуу отрядарынын артында орусиялык аскерлер турганын” моюнуна алган:

- Албетте, Крымдын өзүн коргоо күчтөрүнүн артында биздин куралдуу күчтөр турган. Алар кылдат, мен мурда айткандай, чечкиндүү жана кесипкөйлүк менен аракеттенди. Референдумду башка жол менен ачык-айкын, адилеттүү, татыктуу өткөрүү жана адамдарга өз пикирин билдирүүгө жардамдашуу мүмкүн эмес эле. Унутпаңыздар, Крымда жакшы куралданган 20 миңден ашуун (украиналык) аскер бар болчу.

АКШ Мамкатчсы Жон Керри 6-майда Вашингтондо Европа Биримдигинин тышкы иштер комиссары менен болгон сүйлөшүүдөн кийин жасаган билдирүүсүндө Москванын Украинаны бөлүп кетүү аракетин сындап, Донецк жана Луганск чөлкөмүндө Крымда мартта болгон оюндун сценарийи кайталанганы жатканын айтты:

- Бизди орусиячыл жикчилдердин 11-майда Донецк менен Луганскта, түз айтканда, көз карандысыздык жөнүндө ойдон чыгарылган, жасалма референдум өткөргөнү жатканы аябай тынчсыздандырат. Биз Украинаны мындан ары да бөлүү боюнча мыйзамсыз аракеттерге макул боло албайбыз.

Керри “берегидей жасалма шайлоонун жыйынтыгын цивилизациялуу бир да өлкө тааныбасын” баса белгиледи.

Москва Крымды аннексиялап алганга байланыштуу АКШ жана Евробиримдик президент Путиндин жакын чөйрөсүнө санкция жарыялаган. Кремль Украинанын орус тилдүү чыгышындагы жикчилерди колдоп, кырдаалды бейстабилдештирүүнү токтопогон соң Батыштын санкциялары дагы кеңейтилген.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон Вашингтондо Жон Керри менен болгон кездешүүдөн кийин Украинанын келечегин жарандар өздөрү терең ойлонуп чечиши керектигине токтолду:

- Украинанын бүгүнкүсү жана болочогу эмне болорун украиналыктар өздөрү чечет. Алар өлкөнүн дүйнөдөгү ордун өтө кылдат чечүүгө тийиш.

25-май - Украинада президенттик шайлоо күнү. Серепчилер жикчилдер 11-майда Донецк жана Луганск регионунда орусиячылдар референдум өткөрүүгө умтулуусунун максатын президенттик шайлоону болтурбоо аракети катары баалоодо. Бул эки облуста 6, 6 миллион эл жашайт.

Катерин Эштон жана Жон Керри Орусиянын Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча апрелде жетишилген Женева макулдашуусуна ылайык, өзүнө алган милдеттенмесин аткарбай жатканына да көңүл бурушту. Ошол эле учурда Москва Украинанын жаңы бөлүгүн аннексиялоого аракет кылчу болсо, мурдакылардан да катаал санкциялар колдонулары эскертилди.

Мурда айтылгандай, жаңы санкциялар Орусиянын экономикасына каршы багытталып, коргоо өнөр жайы, финансы жана отун энергетика сыяктуу тармактарын камтыйт.

XS
SM
MD
LG