Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

Кыргыз дааватчылар Орусияда соттолууда


Орусиянын Новосибирск облусунун прокуратурасы “Таблиги жамаат” уюмунун 16 мүчөсүнө айып такты.

Бир жарым жыл мурда экстремизмге шектелип кармалгандардын 15и Кыргызстандан, дагы бири Тажикстандан. Орусияда тыюу салынганына карабай бул өлкөдө “Таблиги жамаат” кыймылынын ишине аралашкан кыргыз мигранттар азайбай келет.

Орусияда экстремисттик кыймыл деп саналган “Таблиги жамаат” уюмунун Новосибирсктеги тобунун лидерлери Кыргызстандын жараны, 42 жаштагы Нурлан Борбиев жана Тажикстандын жараны, 36 жаштагы Иброхим Джурахуджаев экени аныкталды. Калган 14 киши Орусиянын жарандыгын алган кыргыздар экени маалым болду. Алар 2013-жылдын аягында уюмдун атайын жыйынын өткөрүп жатканда колго түшкөн эле. Тергөөдө аныкталгандай, бул жарандар 2009-жылдан бери аталган уюмдун мүчөсү болуп келишкен.

Новосибирск облусунун прокурорунун жардамчысы Анатолий Медведенко буларды билдирди:

- Бул топ ислам дининин радикалдык агымы деп саналган “Таблиги жамаат” уюмунун мүчөсү болуу менен бирге, мамлекеттик түзүлүшкө каршы болуп, мусулмандар жашаган өлкөлөрдө бүткүл дүйнөлүк халифат орнотуу идеясын жайылтып жүргөн. Алар үгүттөө иштерин Новосибирск облусунда жана Орусиянын башка аймактарында жүргүзүшкөнү белгилүү болду. Алар мечиттерде эмес, атайын батирлерде чогулуп жүрүшкөн жана радикалдык багыттагы китептерди таркатканы аныкталды.

Новосибирск облусунун прокуратурасы “Таблиги жамаат” уюмунун мүчөлөрүнө карата айыптоо корутундусун 15-июнь күнү бекиткен. Сот аларды айыптуу деп тапса, ар бири кеминде эки жылдан эркинен ажыратылышы мүмкүн. Новосибирск прокурорунун маалымат катчысы Дмитрий Лямкин мындай дейт:

- 16 жаранга тең тыюу салынган “Таблиги жамаат” экстремисттик уюмунун идеясын жайылткан, топко мүчөлөрдү кабыл алууга аракет кылган жана эл аралык радикалдык кыймылдын жыйындарына катышкан деген айып коюулуп жатат. Айыптоону прокурор толук бекитти, ишти сотко эми өткөрүп беребиз.

“Таблиги жамаат” уюмунун аракеттери Орусияда 2009-жылдан бери мыйзамсыз деп саналат. Өлкөнүн Жогорку Соту бул кыймылды экстремисттик деп таап, анын идеяларын жайылтууга тыюу салганы менен анын мүчөлөрү аракеттерин азайткан жок. Эки жыл мурда Оренбургда төрт киши бул уюмдун идеясын жайылтып жүрүп кармалса, Новосибирск шаарында орус улутундагылар тарабынан түзүлгөн “Таблиги жамааттын” куралдуу тобу полиция имаратына чабуул койор алдында колго түшкөн. Булардын дээрлик баары жоопко тартылган.

Ушул окуяларга карабай Орусиядагы кыргызстандык мигранттар арасында да “Таблиги жамаат” кыймылынын идеясын колдоп, аны жайылткандар аз эмес. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлүнүн жардамчысы Бактыбек Карашев мына ушуга кабатыр:

- Борбордон башка шаарларды айта албайм, бирок Москва шаарындагы мечиттерде Кыргызстандын жарандарына “Орусияда “Таблиги жамаатка” аралашпагыла” деп тынбай эскертип турабыз. Ошого карабай бул уюмга мүчөлүккө өткөндөр толтура. Биздин жарандар Кыргызстанда “Таблиги жамаат” уюмундагылар менен байланышып жүрүп, анан Орусияга келгенден кийин да алардын ишмердүүлүгүнөн чыга албай калып жатат. Орусиянын аймагында бул жамаатка тыюу салынгандан кийин жамааттын идеясын жайылтуу туура эмес. Ислам дининин негизги жоболорун аткарууга тыюу салбагандан кийин, биз жергиликтүү элдин мыйзамын сыйлашыбыз керек.

Ал арада Кыргызстанда “Таблиги жамаат” уюмунун катары кеңейүүдө. Расмий маалыматтар боюнча өлкө боюнча 10 миңдей дааватчы аталган уюмдун атынан иш алып барса, бейрасмий маалыматтарда алардын саны мындан он эсе көп экени айтылат. Ал тургай Кыргызстандагы диний лидерлер “Таблиги жамаатка” мүчө болууга үндөгөн учурлары арбын.

Диний аалымдардын бири Чубак ажы Жалилов өзүнүн сабактарынын биринде мындай деп айтканы бар:

- Азыркы учурда өзүнүн жакшы таасирин берип жаткан жамаат - дааватчылар, “Таблиги жамаат”. Булар элди ыйманга чакырууда эң сонун таасирин берип жатат. Муфтияттын бир тыйынын, айлык албастан элге кызмат кылып жатат. Эгерде биздин чиновниктер да ушул дааватчылардай иштегенде, анда биз дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкө болуп кетсек керек эле.

Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен “Таблиги жамаат” кыймылы расмий иш алып барган жалгыз өлкө. Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстанда бул уюмдун ишмердигине толук тыюу салынган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG