Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Путин өз өкмөтүн мактады, расизмди сындады


Дондогу Ростов шаарынын тургундары Владимир Путиндин сөзүн кафеде сыналгы аркылуу угууда. 2010-жылдын 16-декабры.
Дондогу Ростов шаарынын тургундары Владимир Путиндин сөзүн кафеде сыналгы аркылуу угууда. 2010-жылдын 16-декабры.

Орус премьери Владимир Путин өз өкмөтү дүйнөлүк каржы кризисинен жеңүүчү болуп чыкты деп эсептейт. Ал, ошондой эле, өлкөдө «экстремизмге жол берилбеши керек» деди. Мурдагы жылдардагыдай эле, 16-декабрда сыналгыдан көрармандардын суроолоруна жооп берип жатып, орус өкмөт башчысы дүйнөлүк кризистен кийинки эки жыл ичинде өлкөдө турмуш оңолуп жатат деп ырастады. Ашынган улутчулдарга байланыштуу да сүйлөп, ал «экстремизмге жол берилбеши керек» деди.

Сыналгыдан төрт жарым саатка созулган суроо-жооп программасына Владимир Путин өзүн жеңил сезгендей, шайдоот келди.

Экрандын алдында орун алгандан кийин ал Орусиянын Ички дүң өндүрүшү быйыл дээрлик төрт пайызга өскөндүгүн белгилеп, каржылык капсалаңдын эң оор күндөрү артта калды деди.

Путин ошондой эле Орусияда жашоо шарты оңолуп жатат деп ырастап, буга далил катары мындай көрсөткүчөрдү мисалга келтирди:

- Өзүңөр деле карасаңар. Өткөн жылы бизде 6.2 миллион жумушсуз болгон. Эски жумуш орундарын калыбына келтирип, жаңыларын түзүп атып, биз жумушсуздукту 1.200.000ге кыскарттык. Бул чынында да абдан жакшы көрсөткүч.

Адатта өтө кылдаттык менен сахналаштырылган, бүт өлкө боюнча видео-байланыш аркылуу жүргүзүлгөн суроо-жооп программасы Путинге өзүнүн улут башчысы катары зоболосун көтөрүүгө эң бир жагымдуу мүмкүндүк түзөт. Азыркы тапта "Путин 2012-жылы кайра президенттик шайлоого катышат экен" деген ушак-айың тарап жаткан чак.

Путин жай айларындагы улуу өрттө үйлөрү күйүп кеткендердин маселесине кайрылып, курулуш иштерине жогору баа берди. Бул өрттү ал жыл ичиндеги эң каргашалуу окуя деп баалады.

Анын курулушчуларды мактаган сөзүнө далил катары экрандан Москванын сыртындагы айылдардын биринен жаңы түшкөн татынакай үйлөр көргөзүлдү. Путин бул үйлөрдө мурда бүлбүлдөп араң күйгөн электр жарыгынан башка эч нерсе жок болсо, бүгүн мындагы тургундар газ, ысык-муздак суу, жүздөгөн телеканалдар жана тез иштеген интернет байланышы менен да камсыз болгонун канагаттануу менен санап өттү.

Путинге айрым ыңгайсыз суроолорго да кайрылууга туура келди. Өткөн ишембиде Москвада 5 миңден ашык футбол күйөрмандары расисттик ураандар менен чыгып, өңү бурууларга кол салган эле. Бул күнү жабыр тарткандардын арасында болгон бир жазыксыз кыргыз жараны тепкиден көз жуумп, бир нече кыргыз атуулу токмок жеген.

Укук коргоочулар Кремл улутчул топторду колдоп, грузиндерди депортациялоо менен улутчулдуктун чырагына май тамызат деп сындап келишет.

Бирок өкмөт башчы Путин Орусия көп улуттуу, көп диндүү өлкө экендигин белгилеп, «эсктремизмге жол жок» деди. «Тартип болушу керек» деген Путин тартип коргоочулар «улутчул демонстранттарды» теске сала алды деп мактады:

– Болбосо биздин либералдуу интеллигенция сакал-мурутун кырып салып, башына каска кийип, радикалдар менен Кызыл аянтта өздөрү согушууга мажбур болмок.

Путин сүйлөгөн күнү анын башкы идеологдорунун бири «оппозиция өзү уруксатсыз демонстрацияга чыгып алып, расист хулигандарга жаман өрнөк болуп жатат» деп ырастаган.

Путин аймактык бийликтердин зордукчул кылмышкерлерге алы келбей калып жаткандыгын да мойнуна алды.

Өткөн айда түштүктөгү Краснодар аймагында бир айылда жергиликтүү кылмыштуу топ 12 кишини, анын ичинде төрт жаш баланы өлтүрүп салган эле.

Азыр көпчүлүктүн көңүлү өлкөнүн бир кездеги эң бай адамы болгон, 2003-жылдан бери түрмөдө отурган мунай дөө-шаасы Михаил Ходорковскийдин тагдырына бурулуп турган кез. «Путин менден саясий атаандаш деп корккондуктан, мени түрмөгө салышты» деп келаткан Ходорковскийдин үстүнөн сот ишинде жакын арада өкүм чыгышы керек. Ага мамлекеттик каражатты ысырып кылган деген айып коюлууда.

Соттун өкүмү чыга элек болсо да, Путин Ходорковскийди «ууру» деп атап, алтургай, советтик доордогу атактуу ырчы-акын Владимир Высоцкийдин «ууру түрмөдө отурушу керек» деген сөздөрүн эске салды.

Мосвкада сот ушул шаршембиде Ходорковскийдин үстүнөн сот ишин ушул айдын этегине калтырды.

Өкүм жаңы жылга чукул чыкса, «Советтик саясий көрсөтмө сот процесстеринин заманбап түрү» деп сындалган бул сот ишинин жыйынтыгына майрамга алагды болгон эл көп назар албай калат болушу керек.

XS
SM
MD
LG