Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Эгемендиктин наркы демократия менен да өлчөнөт


Бишкек полициясы оппозициячыл жыйын маалында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин имаратын кайтарууда. 2006-жылдын 7-ноябры. ИТАР-ТАСС.
Бишкек полициясы оппозициячыл жыйын маалында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин имаратын кайтарууда. 2006-жылдын 7-ноябры. ИТАР-ТАСС.

Мындан 20 жыл илгери, 1990-жылдын 15-декабрында, Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңеши ал кезде советтик мамлекеттин бөлүгү бойдон кала берип жаткан жумурияттын эгемендиги тууралуу декларация кабыл алган.


Ала-Тоодогу айрым саясатчылардын Кыргызстандын көз каранды эместигине шек келтирген кээ бир жоопкерчиликсиз кадамдарына, олуттуу маселени чечээрде чет өлкөлөрдөн акыл сураганына күбө болгон сайын маркум Азамат Алтайдын (1920-2006) “силердин муун эгемендиктин кадырына анча жете албай жатат” деген өкүнүч сөзү эрксизден эске түшөт.

Саясий романтика

Мындан 20 жыл илгери болсо отуздун кырынан жаңы аттаган, ишке да, оюн-шоокко да чарчап-чаалыкпай киришкен романтикалуу чакты баштан кечирип жаткан элем.

Көрсө, ошондо мүлдө кыргыз коомчулугу, анын ичинде ошол кездеги улуу жана орто муун өкүлдөрү деле, реформалар романтикасына балкып жүргөн кезең экен.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин акыркы чакырылыштагы (1989-жылы шайланып, 1990-жылы февралда иш баштаган) курамы 350 депутаттан турган. Алардын 100ү Коммунисттик партиянын атайын тизмеси менен мандатка жетсе, 250сү бир мандаттык шайлоо чөлкөмдөрүнөн атаандаштык негизде шайланышкан.
Уламышка айланган ЖКнын депутаты, белгилүү реформачы коомдук ишмер Бегиш Ааматов 1990-жылы эгемендик идеясын ырааттуу жактаган.

Доорлор тогошкон кезде шайланган кыргыз депутаттарынын бир далайы Жогорку Кеңешке үстүртөн колдоо менен кирсе, башка бир даары таман акы, маңдай тери менен күрөшүп депутаттык мандатка жетишкен.

Ошол даңазалуу чакырыктагы депутаттардын айрымдары “оозуң кана?” десе, мурдун көрсөтсө, көпчүлүгү (алардын ичинде аткаминерлери да) өз учурундагы реформачыл маанайга ык койгон инсандар болгон экен.


Дал ошол тарыхый чакырыктагы Кыргыз парламентинин 1990-жылды жыйынтыктаган эң ири чараларынын бири – Кыргызстан Республикасынын (жумуриятыбыз бул расмий аталышка 1990-жылдын ноябрында жетишкенин мурда эскерген элек) эгемендиги тууралуу декларацияны кабыл алуусу болду.

Маскөөнүн мамилеси

“Ал кезде расмий Кремл бул кадамга кандай мамиле кылды экен?” деген суроо туулбай койбойт.

Албетте, эскичил коммунист лидерлер тишин кычыратып, “шашпа, сениби!” деп жатышты. Бирок бийлик тизгини реформачыл коммунист, СССРдин Президенти Михаил Горбачевдо болчу.

Ал болсо саясий амбициясы улам ашып-ташып жаткан Орусия Федерациясынын лидери Борис Ельцинди ооздуктай албай жаткан.

Анысы аз келгенсип, бир жагынан Балтика боюндагы өлкөлөр өз мамлекеттик эгемендигин чындап жарыялап, экинчи жагынан Кавказ менен Украина да көз карандысыздык идеясына ооп жаткан.
Тарыхый ЖКнын төрагасы Медеткан Шеримкулов "Азаттыктын" кабарчысы Жаркын Суран кызы менен. "Азаттык" үналгысынын Бишкек студиясы.

Айтор, мурдагы советтик мейкиндикте Кыргызстан өз эгемендигин жарыялаган биринчи жумурият болбогон менен, жамаатташ Борбордук Азия аймагында алгачкы “тентек” катары чыкты.

Ошондо да Кыргызстан парламенти 1990-жылдын 15-декабрындагы декларациясында Кыргызстанды конфедерациялык биримдик катары реформаланышы ыктымал болгон СССРдин курамынан чыккан өлкө катары жарыялаган эмес болчу. Акыйкаттык үчүн бул жагдайды да эске алуу абзел.

СССРден чыгаарын Маскөө Бишкектен озунуп айткан

Бир ирет пост-совтеттик Маскөөдөгү тарыхчылардын эл аралык жыйынына катышып калдым.

Эгемен Кыргызстандагы тарыхнааманын алгылыктуу жактары, саамалыктары, цензурасы жок шарттагы ийгиликтери тууралуу баян кылдым.

Ал ийгиликтердин арасында тээ байыртадан берки тарыхыбызды марксисттик-лениндик методологияга чидерленбестен жаңыча иликтөө, кыргыз тарыхынын буга чейин айтылбай келген доорлорун, тарыхый-географиялык ири мейкиндигин, этностук өнүгүү баскычтарын, тыйуу салынган тарыхый инсандарды калыс таразага салып изилдөө жана окутуу, чыгыш таануу жаатында өз алдынча адис даярдоого өтүү, Батыш менен Чыгыштын илимий чордондору менен жаңыдан алака түзүү сыяктуу маселелер бар эле.

Андан соң бир маскөөлүк кесиптешим негедир итиркейи келип суроо узатты:

- Деги СССР учурунда позитивдүү нерселер болду беле? Жетишкендиктин бүт баарын эле пост-советтик доорго ыйгарып салгандык туура эмес го?

Мен бул сыяктуу суроолорго бишкектик студенттериме ар дайым жооп берип келген элем. Ошондуктан жообум даяр болчу:

- Урматтуу кесиптеш! Мен тарыхчы катары тарыхнаамабыздагы жагымдуу өзгөрүүлөр тууралуу кеп козгодум. Албетте, СССР маалындагы илгерилөө тууралуу биз азыр да ырааттуу айтып келебиз. Илимде окуянын күңгөй-тескейи толук чагылдырылышы керек. Ал эми саясат жаатына келсек, Балтика боюндагы өлкөлөрдөн башка советтик аймактардын ичинен СССРден биротоло чыгаарын озунуп жарыялаган алгачкы үч жумурият – дал ушул советтик үч славян жумурияты – Орусия, Беларус жана Украина болгон. 1991-жылдын күзүндөгү Бела Вежа чытырман токоюндагы келишимди эстесеңиз, - дедим.

Бул жүйөгө макул болгонун билдирип, алиги кесиптешим башын ийкеп калды. “Кантсе да илимпоз эмеспи” деп ичимден ойлоп койдум.

Евробиримдик да кыялдан чыккан

Европа Биримдиги тээ 1950-жылдары алты өлкө (Белгия, Германия, Голландия, Италия, Лүксембург жана Франция) “Европалык экономикалык шериктештикти” түзгөн чактан бери тар жол, тайгак кечүүлөрдү жеңип ырааттуу өсүп-өнүгүп отурду. Азыркы тапта ага 27 мамлекет баш кошуп турат, алардын жалпы калк саны жарым миллиардды чапчыйт.

Ал эми Советтер Биримдиги 1991-жылы ыдыраган соң ордуна сунушталган ар кыл биримдик түрлөрү (КМШ, ЖККУ, ж.б.) иш жүзүндө өздөрүн ийкемсиз, чабал, мажирөө көрсөтүштү. Себеби алар көбүнесе расмий Кремлге байланган жансыз түзүлүш болуп калышты.

Эң негизгиси, өз ара жакындашуу, өлкөлөр аралык экономикалык, саясий, маданий, агартуудагы жана башка көйгөйлөрдү Евробиримдик сыяктуу орток чечүү идеясы, менимче, пост-советтик өлкөлөрдө деле биротоло жоюлуп кеткен жок. Ушунусуна шүгүр.

Евразия Биримдиги – азырынча кыял

Менин жеке оюмча, эки доорду баштан кечирген биздин муун болочоктогу эл аралык интеграция маселелерин Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигине жана ушул эле кылымда эки ыңкылапты жүзөгө ашырган каарман коомубуздун демократияга карай багытына кедергисин тийгизбестен чечүүнү жактайт ко дейм.

Лев Гумилев (1912-1992) Евразиянын тарыхый орток тамырларын иликтеген орус окумуштуусу эле.

Ал эми чыныгы демократиялык түзүлүш калыптанып жаткан Кыргызстанды коңшу авторитардык режимдер бооруна тартпастан, боорго тебиши мүмкүн. Ошондуктан коңшу калктарга да өзүбүзгө каалаган жетишкендиктерди тилейли.


Европа Биримдиги болсо бизден өтө алыс. Албетте, географиялык жактан алганда гана...

“Неге аларга бул ынтымакты Евразия Биримдиги катары реформалоого болбосун?” деп суроо салчуларга андан көрө Борбордук жана Чыгыш Евразия чөлкөмүнүн элдери өздөрүнүн коомун өздөрү демократиялык багытта реформалоого жетишсе, дал ошондо эриш-аркак жашоонун жаңы сереси пайда болот деп айтаар элем.

Болбосо, “алма быш, оозума түш” деген маанайга жетеленсек, анда “неге Европа Биримдиги көп өлкөлөрдү аттап өтүп келип демократияга белсенген Кыргызстанды өзүнө кошуп албайт” деп миң мертебе жана курулай ачуулана беришибиз деле ыктымал.

Чакан Кыргызстан ири коңшуларына реформачы катары өрнөк боло алабы?” – деген суроо да туулбай койбойт.
Монголиянын ордо шаарындагы нааразылык жыйыны. Улаан-Баатар. 2008-жылдын 1-июлу.

Башка замандаштар эмне дешээр экен, менин оюнча, Ички Азиядагы Монголия тегерегиндеги өлкөлөрдүн баарына, анын ичинде биздин чөлкөмдөгү “стандарга” өрнөк болуп турган чакта, албетте, “ооба” деп жооп кайтара алабыз.


Теңирге то-обо, тээ жыйырма жыл илгери ЖК кабыл алган чакан декларацияны учкай эскерүү аракетибиз эмне деген гана чубалжыган ойлорго жетелеп салбады!

XS
SM
MD
LG