Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Горилла "байбиче" рекорд койду


Ашкабак жеп отурган горилла.
Ашкабак жеп отурган горилла.

Адамдын денесине окшош түктүү тери. Суу астындагы байыркы бакча. Эң узак жашаган горилла.

Денедей сезимтал электрондук тери

Роботтор менен протездер адамга жана анын денесине улам көбүрөөк окшоп баратат. Бирок электрондук терилер адамдын териси сезген нерсенин баарын эле сезе бербейт. Мисалы, дененин түгү бизге майин жел жүргөнүн туйдурат. (Илимпоздордун ырасташынча, түк дененин 95% өсөт).

Адамдын денесиндеги түктөрдөй эле абанын агымын сезчү сенсорлорду Кытайдын Харбин технологиялык университетинин окумуштуулары Лифенг Хао (Lifeng Hao), Рангуо Баа (Rongguo Ван) жана кесиптештери иштеп чыкты.

Окумуштуулар адамдын терисине болушунча окшош электрондук терини жасоо үчүн негизи силикон резинадан жасалган кобальт микроөткөргүчтөрдү жана адамдын чачындай ичке металл жиптерди колдонгон.

Ар бир микроөткөргүчтүн жоондугу 50 микрон жана ал калыңдыгы 5 микрон айнек аралашмасы менен капталган. (Микрон метрдин миллиондон бир, миллиметрдин миңден бир бөлүгү).

Мындай жасалма тери бетине конгон чымынды, саатына 10 километрге чейин ылдамдыкта соккон майин желди жана 4,5 килограммга чейинки жүктү ошол замат туят. Сыноо учурунда электрондук теринин бетине 1 килограмм жүк 10 миң мертебе коюлса дагы, ал сезгичтик касиетин жоготкон эмес.

Абанын алсыз толкундарын же байкалбаган желдин агымын роботтордун “электрондук чачы” магниттик талаанын өзгөрүүсүнүн натыйжасында сезет. Протез колу бар адамдар эми кармаган буюмун же заттын өзгөчөлүгүн сыйпап сезчү болушат.

“Мага түктүү электрондук терини жасоо тууралуу идея кызым менен ойноп жаткан кезде келди. Ал мен сезбегендей кылып, колума колун тийгизгенге аракет кылды. Бирок анысынан эч нерсе чыкпады. Себеби менин колумдун түктөрү дайыма тийип-тийбеген нерселерди да сезет”, - дейт Лифенг Хао.

( Булагы: https://www.researchgate.net, https://www.acs.org)

Жарыктай ылдам компьютер

Түштүк Кореялык окумуштуулар экситондорду1 плазмондорго2 айлантып, плазмонду кайра экситонго өзгөртүштү. Бул жарыкты башкаруунун нанотехнологиясы жакынкы жылдары фотондук компьютерлерди жасоого мүмкүндүк берет.

Интеграциялык наноструктуралардын физика борбору (Center for Integrated Nanostructure Physics, кыскача CINAP) жана Фундаменталдык илимдер борборунун (Institute for Basic Science, кыскача IBS) окумуштуулары иштеп чыккан компоненттер фотондук компьютерлердин жаңы муунун жасоодо базалык элементтердин бири болот.

Фотондук компьютерлерде маалымат жарык түрүндө сакталат. Ошон үчүн фотондук компьютерлер кадимки электрондук компьютерлерге караганда алда канча тез иштейт. Бирок мындай компьютердин элементтерин жасоо өтө татаал. Себеби компьютердин элементтеринин өлчөмү аларды иштетүүдө колдонулчу жарыктан кыска. Бул проблеманы, физика илиминде айтылгандай, үстүңкү плазмондорду колдонуп чечсе болот.

Плазмон - алтын, күмүш, алюминий сыяктуу металлдын бетине жарык тийгенде пайда болчу эркин электрондордун термелүүсү, толкуну.

Түштүк Кореянын окумуштуулары күмүш наноөткөргүчтөрдү жана эки өлчөмдүү жарым өткөргүч материал - молибдендин дисульфидин (MoS2) колдонуп, маанилүү үч компонентти: фототранзистор, оптикалык мультиплексор жана оптикалык сигналдарды берчү сенсор жасашкан. Бул приборлор биз сөз башында айткан плазмон-экситон-плазмон кубулушунун негизинде иштейт. Кыймылга келип, плазмонго айланган экситондорду электр сигналдарына айлантса болот жана андай процессорлорду ылдам иштечү өтө сезгич оптикалык сенсор катары пайдалануу мүмкүн.

(Булагы: https://www.ibs.re.kr, https://www.researchgate.net, http://www.dailytechinfo.org/)

Суу астындагы байыркы бакча

Археологдор Канаданын батыш кыйырындагы Британ Колумбия чөлкөмүндөгү байыркы бакчадан карарып калган жүздөгөн картошкаларды казып алышты.

3200- 3800 жыл мурдагы бакча бир кезде суу астында калган экен. Азыр бул саздак жер. Кыртыштагы белгилерге караганда, байыркы адамдар индиан картошкасынан вапато туберс, латынча Sagittaria latifolia) мол түшүм алуу үчүн суунун агымын көзөмөлдөөнүн бир кыйла татаал инженердик ыкмаларын пайдаланышкан экен.

Британ Колумбиясындагы Саймон Фрайзер университети жана Katzie Development Limited Partnership фирмасынын Таня Хофманн (Tanja Hoffmann) жетектеген археологдору байыркы бакчаны Ванкувер шаарына жакын райондогу жаңы жол курулчу жерден табышкан. Береги жай жүздөгөн жылдар бою саздак бойдон тургандыктан өсүмдүктөр жана жыгач шаймандар бузулбай жакшы сакталган.

Илимпоздор бүтүнү жана бузулгандан (чиригенден) калганы болуп, бардыгы 3767 вапато картошкасын жана 150 жыгач шайман табышкан. Көп жылдык өсүмдүктөргө кирген вапато бүгүн Түштүк Канада жана АКШнын саздуу жерлеринде кездешет.

Түбү жаңгактай болгон вапато түпкүлүктүү элдер үчүн маанилүү азык экени, кууругандан кийин даамдуу болуп каларын америкалык изилдөөчү Уильям Кларк (1770-1838) жан дептеринде жазган.

Бакча бир өлчөмдөгү таштар менен жабылган экен. Вапато ошол астына таш төшөлгөн жайга тигилиптир. Мындан улам анын тамыры жерге терең сүңгүп кете алган эмес жана түшүмдү кыртыштан жеңил тапканды мүмкүн кылган деп айтылат Science Advances журналынын 21-декабрдагы санына чыккан макалада.

Бул табылга Инди океанынын түндүк батышында саздак жана суулуу жерлерде жашаган эл биздин доорго чейин эле дыйканчылык кылганын ырастаган алгачкы материалдык далил.

(Булагы: http://www.livescience.com, http://advances.sciencemag.org)

Коло "байбиче" эң узак жашаган горилла

2016-жылы 22-декабрда горилла Колонун 60 жыл жашаганы аныкталды. Коло зоопаркта туулуп, чоңоюп, 60тын кырын ашкан биринчи горилла. Ал АКШнын Огайо штатындагы Коламбус зоопаркында жашайт.

1956-жылы Коло жаңы туулганда илимпоз-зоологдор гориллалар качан жана кандай төрөлөрү жөнүндө абдан эле аз билишчү.

Колонун табигый чөйрөдө эмес "үй шартында" төрөлүп, анан да ийгиликтүү багып чоңойтулуусу гориллаларды жаңы шартта өстүрүү боюнча эксперименттерди улантууга кеңири жол ачканын белгилешет зоологдор.

Азыр Колонун төрт баласы бар. Алардан тараган 16 горилладан дагы 12си туулуп, алардан үч горилла жарыкка келди. Горилладан таралган соңку тукум JJ былтыр 2016-жылы 30-сентябрда таңкы 1:18де туулган. JJ менен Коламбус зоопаркында жарыкка келген гориллалардын саны 32ге жеткен.

Экваториалдык Африканын жапайы дүйнөсүн байырлаган гориллалар демейде 37,5 жыл өмүр сүрөт. Ошого Коло өз кандаштары арасында узак жашоо боюнча рекорд койгонун маалымат каражаттары 2012-жылы дүңгүрөтө жазышкан.

Колонун жашоосу окумуштуулар үчүн баалуу илимий булак. Горилла картайганда улгайган адамдар сыяктуу ызы-чуудан качып, жай жана тынч жашаганды жакшы көрөт, тамак-ашты да ылгап, мүнөзү баладай назик боло баштайт, аларды да улгайган курактагыларга мүнөздүү илдеттер тооруйт экен. Азыр Колого сөөктүн артрит дарты жабышкан. Маймылдын буту-колу жакшы кыймылдап турушу үчүн зоопарктын кызматкерлери атайын көнүгүүлөрдү иштеп чыгышкан жана манжаларын активдүү иштетсин деп, тамакты майда кесип беришет.

Коло горилла мурда жашылча жана мөмө-жемиштерди сүйүп жесе, аларды азыр оозуна албайт. Андыктан зоологдор анын тамагына витамин жана башка ден соолугуна пайдалуу азыктарды кошуп беришет.

- Коло – гориллалардын адамдар падышалыгындагы сербаа элчиси. Жылына он миңдеген адамдар Колонун туулган күнүн майрамдашат. Биз андан пайдаланып, жапайы дүйнөдөгү гориллалар кандай түйшүккө кабылганы жана алар жоголуп кеткени калганын адамдарга айтып беребиз, - дейт Коламбус зоопаркы жана аквариумунун куратору Одра Майнельт (Audra Meinelt).

Эң узак жашаган эркек горилла Озие (Ozzie) 55 жашта. Ал АКШнын Атланта зоопаркында жашайт.

(Булагы: http://www.livescience.com, http://people.com/pets, https://www.columbuszoo.org)

Түшүндүрмө:

1 Экситон- бул диэлектрик, жарым өткөргүч же металлдагы молекуланын (атомдун) козголгон абалындагы квазибөлүкчө жана ал кристаллда көчүп жүрө берет, бирок электр заряды менен массасын кристаллга алып өтпөйт.

2 Плазмон- плазманын термелүүсүн кванттоого жооптуу квазобөлүкчө) жана ал электрондук эркин газдын коллективдүү термелүүсү формасында байкалат (болот).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG