Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Ажылык жакындаганы айыптоо башталды


Муфтият быйыл кайрадан ажылыкты уюштурууда коррупцияга жол берди деген дооматка калды.

Ажылык квотанын баасы эки эсе өсүп, чет элдик жарандар Кыргызстанга бөлүнгөн квотанын эсебинен ажыга камынууда деген айыптоолорду муфтият четке кагууда. Кыргызстанда ажылык чыры жыл сайын орун алып, айрымдары соттук териштирүүгө жеткен учурлар болгон.

Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов ажылыкты уюштуруу иштеринде болуп көрбөгөндөй коррупция орун алып жаткандыгын айтып, буга ал муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевди айыптады. Бакыт Нурдиновдун Бишкектеги маалымат жыйынында билдиришинче, атайын кыргыз паспортторун алган Өзбекстандын 40 жараны Бишкек шаарына бөлүнгөн ажылык квота эсебинен Мекеге жөнөп жатат.

"Ошондой эле быйыл ажылыктын баасы 2300 доллар деп бычылганына карабай, квота алып берем деген ортомчулар анын баасын 4 миң доллардан ашырып жиберди", - дейт Нурдинов.

- Азыр 4,5 миң долларды ачык эле “капчыгы” сурап жатат. “Ушул акчаны берсең киресиң”,- деп, запаска алынып коюлган тизмени ачык эле сатып жатышат. Ажы башчыларды тандоодо болсо, жарыя берилген жок. Сынак болоордо өзүнүн кишилерин чакыра калып жатат. Биздин билишибизге караганда, жыйырмадай депутат Рахматулла менен сүйлөшүп, 5-10 кишиден өз адамдарын ажыга барчулардын тизмесине, ошондой эле ажы башчылыкка кошуп жатат.

Бирок айтылган бул дооматтар чындыкка коошпойт дейт Кыргызстан
мусулмандарынын дин башкармалыгы. Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев чет элдик жарандар ажыга жөнөп жатат дегенди четке какты.

- Ал бул айткандарын далилдеп бериши керек. Анткени бул муфтияттын эле үстүнө жалаа жабылып жаткан жок, бул мамлекеттик, укук коргоо органдарына да коюлган айып. Ага ишене турган болсок, бул Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алууга чет элдик жарандарга да шарт түзүлүп жатат дегенди билдирет. Эгер кимдир бирөө Кыргызстандын паспортун алып, ажыга барам деп, бизге паспортун тапшырып кетсе, бул жерде биздин күнөөбүз жок.

Рахматулла ажы Эгембердиев ажылыктын быйылкы баасы 2300 доллар гана экендигине токтолду.

- Биздин штаб 2300 доллардан ашык акча албайт жана төлөтпөйт. Мурда Бакыт Нурдиновго окшогондор, же башкаларбы, 20-30 паспортту өздөрү көтөрүп келип, тапшырып жүргөн болсо, азыр паспорттун ээси өзү гана келип тапшырат. Андан соң келишим түзүлөт. Ар бир түзүлгөн келишим, таза, ачык-айкын болушу үчүн видео тасмага да тартылып жатат. Ушул сыяктуу иш-чаралардан кийин гана ага жеке номер жазылып берилет. Ошондуктан үстүнөн акча алып жатат, берип жатат деген сөздөр негизсиз.

Быйыл ажылык сапар үчүн Сауд Арабия Кыргызстанга 3 600 квота бөлгөн. Бул жылдагыга караганда 900 квотага аз. Сауд Арабия муну Меке шаарында ири курулуш иштери жүрүп жаткандыктан дүйнө боюнча ажылардын санын 20 пайызга кыскартканы менен түшүндүргөн.

Президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Табылды Орозалиев ажылыкты уюштуруу иши мыйзам боюнча муфтияттын моюнунда болгондуктан, мамлекеттик мекемелер ага өз ыйгарым укуктарынын чегинде гана кийлигише аларын билдирди.

- Мисалы, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эмдөө керек болуп калса, же транспорт маселеси чыгып калса, биз тиешелүү органдар менен байланышып, жардам бергенге аракет кылабыз. Ал эми мындай түздөн-түз “тигиндей кылгыла, мындай кылгыла” деп, кийлигишпейбиз. Ага мыйзам ченемдүү укугубуз жок.

Кыргызстанда ажылык сапар жыл сайын бири-бирин коррупциялык аракеттерге айыптоо менен коштолот. Анын айрымдары соттук териштирүүгө жана мыйзамдарды өзгөртүүгө чейин жеткен. Быйыл ажылар ыйык сапарга сентябрь айынын ортосунан тарта учуп баштамакчы.
XS
SM
MD
LG