Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Чырдан арылбаган ажылык


Сауд Арабия -- Кыргызстандык зыяратчылар Мекедеги ал-Харам мечитинде. 2-ноябрь, 2011.
Сауд Арабия -- Кыргызстандык зыяратчылар Мекедеги ал-Харам мечитинде. 2-ноябрь, 2011.

Өздөрүн демилгелүү топ атаган адамдар былтыр да ажылыкты уюштурууда жемкорлукка жол берилгенин айтып чыкты.

Бирок мындай дооматтарды ажылыкты уюштургандар четке кагууда.


Былтыркы ажылыкта да жемкорлук болгонбу?


29-августта Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын демилгелүү тобу деп аталган уюмдун жетекчиси Жыпарбек ажы Тойчубеков маалымат жыйынын өткөрүп, 2011-жылы ажылыкты уюштурууда коррупциялык иштер болгонун айтып чыкты. Анын пикиринде, былтыр ажылыкты уюштурган муфтияттын алдындагы “Ажылык жана умра” борборун жана ажылардын каражаты топтолгон “Вакф” фондун түзүү мыйзамсыз болгон.

- 2011-«Ажылык жана умра» борбору жана «Вакф» фонду түзүлүп, алар бир жылдын ичинде 576 569 долларды жок кылышкан. Бирок биз ал акча 1 млн. доллардан да ашат деп ойлойбуз.

Жыпарбек Тойчубеков бул фактылар кылмыш ишин козгоого негиз боло алат деп эсептейт. Ал бул иште мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун, аны менен катар “Вакф” фондунун деректири Базарбай Темишевдин, “Ажылык жана умра” борборунун кызматкери Бакыт Нурдиновдун жана башкалардын да күнөөсү бар деген ойдо.

Бирок мурдагы “Ажылык жана умра” борборунун өкүлү жана адвокаты Акин Токталиев мындай айыптоолорго негиз жоктугун “Азаттыкка” билдирди.

- Эгер коррупцияга жол берилгенде Бакыт Нурдинов, Базарбай Темишовдор жана Чубак ажы Жалиловдор өкмөттүн ардак грамоталары менен сыйланмак эмес. Мындан тышкары, эгер туура эмес өткөрүлгөн болсо, азырга чейин адамдардан да арыз-даттануулар келип түшмөк болчу. Мисалы, 2010-жылы туура эмес өткөнү үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын деректирине, орун басарына кылмыш иши козголуп, ажы башчылар соттолгон. Былтыр болсо андай иштер болгон жок да.

Буга чейин мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов да 2011-жылы мурда болуп келген ажылыкты уюштуруудагы коррупциялык аракеттерге бөгөт коюлганын, биринчи ирет акча каражаттарынын баары банк аркылуу төлөнгөнүн белгилеп, сын-пикирлерди негизсиз деп атаган болчу.

Ал эми ушул жылдын июль айында дайындалган муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла Эгембердиев “Ажылык жана умра” борбору менен ”Вакф” фондун мыйзамсыз түзүлгөн деп жоюп жиберген.


Быйылкы ажылык кандай болот?


Муфтият быйылкы ажылыкты уюштуруу иштери таза өтөөрүн айтканы менен коомчулукта ага күмөн санагандар жок эмес. Маселен, өздөрүн Кыргызстан мусулмандарынын демилгелүү тобу атаган топтун жетекчиси Жыпарбек Тойчубеков быйыл да ажылыкты уюштурууда коррупцияга жол берилиши ыктымал деп шексинет. Муну ал өткөн жылы ажылыкты уюштурууга катышкан айрым адамдар быйыл да муфтиятта иштеп жатканы менен негиздеди.

Анткен менен муфтийдин орун басары, Ажылык боюнча штабдын төрагасы Замир Ракиев ыйык зыяратты уюштурууда коррупцияга жол берилбейт деп ишендирүүдө:

- Андай иштер буга чейин болуп келсе керек. Буга диний адамдардын гана эмес башка жактагы адамдардын да кызыкчылыгы болот экен. Акча болгон жерге кызыккан адамдар да көп болот экен. Бирок быйыл колубуздун келишинче, Кудайдын жардамы менен эч кандай коррупцияга жол бербестен уюштурганга катуу аракетибизди кылып жатабыз. Жакшы өткөрөбүз деген тилегибиз бар.

Ракиевдин айтымында, буга чейин Кыргызстанга бөлүнгөн 4,5 миң квота аймактарга элдин санына карата бөлүнүп, ажы башчыларды тандоо сынагы да өткөрүлгөн. Ушу тапта ажыга барчулардын көбү акчаларын банктарга төгүп, алардын тек-жайын болсо, Улуттук коопсуздук кызматы текшерип баштады дейт Ракиев. Быйыл ажыларды Мекеге алып баруу үчүн “Кыргызтрансавиа” компаниясы тандалып алынган.
XS
SM
MD
LG