Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Кара-Кыргыз Автоном Облусуна чейинки мамлекеттүүлүк үчүн күрөш башаты унутта калбайт


Кыргыз Республикасынын облустары.
Кыргыз Республикасынын облустары. Заманбап карта.

Кыргызстан быйыл күзүндө советтик мамлекетттүүлүк түзүлүшүнөн болгон Кара-Кыргыз Автоном Облусунун негизделгендигинин 100 жылдыгын белгилейт. Ошол эле учурда ага чейинки өтмүштүк мезгилде да чөлкөмүбүздө эгемендик үчүн күрөштүн даңазалуу баскычтары бар экендиги жана аларды чогуу кароо зарылдыгы талашсыз. Тарыхчынын блогу.

Кара-Кыргыз Автоном Облусунун түзүлүшү

2024-жылдын 14-октябрында эгемен Кыргыз Республикасы жалпы Советтер Биримдигине кирген советтик Орусия Федерациясынын курамындагы Кара-Кыргыз Автоном Облусунун негизделгендигинин 100 жылдыгын расмий белгилемекчи.

Бул мааракени кеңири белгилөө тууралуу Кыргызс танда атайын президенттик жардык да чыгарылган.

1922-жылы декабрда Советтер Биримдиги (СССР) түзүлдү деп расмий жарыяланганда, бул федерациялык социалисттик мамлекеттин аймагында байырлаган, бирок өз мамлекеттүүлүгү түзүлбөй кала берип жаткан бир катар этностордун арасында кыргыз улуту да бар болчу.

1924-жылы январда Түркстан Автоном Социалист Совет Республикасынын (АССР) Кеңештеринин XII курултайына келген кыргыз тектүү делегаттар жана аларды колдоп чыккандар Орусия болшевиктик Компартиясынын Борбордук Комитетине (жеке басар болуп бийлеп калган саясий партиянын жетекчилигине) жана СССР Борбордук Аткаруу Комитетине (өлкө парламентине) кайрылышып, дээрлик бир миллион калк саны бар “кара кыргыз” улутунун этностук өзгөчөлүктөрүн эске алууну жана кара кыргыздарды өз алдынча улут катары таанууну талап кылышкан.

Ал кезде казак улутунун алгачкы советтик автономиясы РСФСРдин курамындагы “Кыргыз АССРи” аталышы менен түзүлүп калгандыктан (1920–1925), казактардан айырмалоо үчүн кыргыз улутунун аталышы орус тилиндеги расмий адабиятта “кара кыргыз” этноними аркылуу белгиленген.

1924-жылы 11-майда Түркстан Компартиясынын VIII курултайы жана Орусия болшевиктик Компартиясынын Борбордук Комитетинин Борбордук Азия бюросу СССРдин курамында РСФСРден өз алдынча Өзбек ССРин жана Түркмөн ССРин түзүү сунушун көтөрүп чыкты.

Андан тышкары бул курултай жана бюро Кара Кыргыз Автоном Облусун түзүү демилгесин да колдоого алышты (бирок бул автоном облус кайсы чоңураак советтик жумурияттын курамында түзүлүшү керектиги маселеси ал кезде ачык бойдон калды).

Кыргыздардын саясий жетекчилигинде болочокку Кара Кыргыз Автоном Облусун “РСФСРдин курамында түзүү керекпи, же РСФСРдин курамындагы Кыргыз АССРинин (б.а. Казакстандын) курамында түзүү керекпи?” деген суроо боюнча кызуу талаш жүрдү.

Ал эми 1924-жылы 4-июнда Орусия болшевиктик Компартиясынын Уюштуруу бюросу Борбордук Азиядагы жумурияттар тууралуу атайын токтом кабыл алып, анда “кара кыргыздардын автоном облусун түздөн-түз РСФСРге киргизүү аркылуу өзүнчө бөлүп чыгуу” тууралуу чечим да камтылды.

Бул токтом 12-июнда Орусия болшевиктик Компартиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун колдоосун тапты.

Иманалы Айдарбеков (1894–1938)
Сталиндик жазалоолордун айынан набыт кеткен мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбеков (1894–1938) Кара Кыргыз АОсунун ревкомунун төрагасы болгон.

1924-жылдын 14-октябрында XI чакырылыштагы Бүткүл Орусиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин экинчи сессиясы кабыл алынган чечимге ылайык, РСФСРдин курамында Кара Кыргыз Автоном облусу түзүлдү. Бул чечимди Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин сессиясы да тастыктады.

Ошентип, кыргыз айдыңдарынын кыргыз улуту үчүн советтик мамлекеттүүлүк түрүн түзүү боюнча экинчи аракети байсалдуу аяктады.

Андан ары бул чечимди жүзөгө ашыруунун башка иштиктүү чаралары да уюштурула баштады. (Алар жөнүндө быйылкы маараке жылында байма-бай талкуу болоору бышык).

Эмне үчүн бул иш-аракет – экинчи жолку аракет болчу?

Тоолуу облус түзүү далаалаты – советтик кыргыз автономиясын түзүүнүн алгачкы кадамы

1920-жылы 1-майда чөлкөмдөгү кеңештер РСФСРдин курамында Түркстан АССРин түзүү тууралуу чечим кабыл алышкан. Түркстан АССРинде улуттук аймактык бөлүштүрүү маселелери 1920-жылдан тартып жаңы күч менен талкуулана баштаган.

Ал эми 1921-жылдан тартып кыргыз айдыңдары да Кеңеш (Совет) мамлекетинин курамында өз улутунун аймагы үчүн айырмалуу автономиялык макамды ыйгаруу талабын көтөрө башташкан.

1920–1921-жж. Түркстан АССРинин БАКынын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган мурдагы солсул эсер, кийин болшевик болгон жана акыры басмачылык кыймылына өтүп кеткен кыргыз мамлекеттик ишмери Төрөкул Жанузак уулу (Жанузаков; адабий тегаты Канаев; 1893–1921) мырза да 1921-жылы Түркстан АССРинин жетекчилерине кайрылып, кыргыздар да өз алдынча аймактык макамга ээ болушу керек, деп билдирген.

Тарыхчы Арслан Капай уулунун белгилешинче, Анжыян тараптын кыргыздары 1920-жылы Анжыян шаарына жыйылып, кыргыз-кыпчак курултайын өткөргөндүгүн советтик мамлекеттик ишмер Махмуд Ботпаев эскерген.

Басмачылар болсо кыргыз, кыпчак, өзбек, тажик ж.б. элдерден куралган жана болшевиктерге эч баш ийбеген эгемен мусулман мамлекетин түзүү идеясын байма-бай көтөрүп жатышкан.

Бул учурда чөлкөмдүн батышында Бухара Элдик Совет Республикасы (Бухара Халк Шура Жумурияты; 1920–1924) жана Хорезм Элдик Совет Республикасы (1920–1923; андан соң Хорезм ССРи – Хорезм Шура Сосиалист Жумурияты; 1923–1924) деген көз карандысыз саналган сателлит (Кремлге багыныңкы) жумурияттар өкүм сүргөн.

Жалпы Борбордук Азия чөлкөмүнүн бир катар аймактарында болшевиктер менен алардан толук эркиндикке жетишүүнү эңсеген эгеменчилердин “басмачылык” кыймылынын ортосунда айыгышкан куралдуу күрөш жүрүп жатты.

Дал ушул шартта, 1922-жылы март айында, мурдагы “алашчы” Эшенаалы Арабай уулу, мурдагы солчул революционер (эсер) Абдыкерим Сыдыков жана Жусуп Абдыракманов сыяктуу кыргыз айдыңдары Тоолуу Кыргыз облусун түзүү демилгесин көтөрүшкөн.

Ал түгүл 1922-жылы 26-мартта Түркстан АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин чакан Президиуму Түркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз облусун түзүү тууралуу токтом да кабыл алган.

Бул автономдук түзүлүшкө Пишпек (Бишкек), Каракол, Нарын жана Талас өрөөнүнүн аймактары кирген жана Тоолуу облустун борбору катары Кочкор кыштагы белгиленген.

Ал эми басмачылык кыймылы дагы эле улантылып жаткан түштүк аймактар маселеси ачык бойдон калган.

1922-жылы Пишпек (Бишкек) шаарында Тоолуу облусту уюштуруу курултайы да чакырылган. Ага 425 делегат катышмак. Бирок РСФСРдин Улуттар маселеси боюнча элдик комиссары Иосиф Сталиндин шашылыш буйругуна ылайык 4-июнга белгиленген бул курултайдын ишине бөгөт коюлган.

Ошентип, 1922-жылдын март–июнундагы Тоолуу Кыргыз облусун түзүү аракети өтө кыска убакыт ичинде эле жогортодон жасалган тоскоолдуктун айынан майнапсыз аяктаган. Негизи, бул тыюу салган Сталиндин буйругу Владимир Лениндин улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу тууралуу жобосуна караманча каршы болгон.

Арийне, бул Тоолуу Кыргыз облусун түзүү далаалатынын тарыхый мааниси чоң. Кыргыздар советтик Орусиянын курамында болсо да автономдук мамлекеттик түзүлүштү негиздөө ниетин гана билдирбестен, анын алгачкы саясий уюштуруу кадамдарын жасоого үлгүрүшкөн.

Бул майнапсыз аяктаган аракет кыргыздардын улуттук мамлекет түзүүгө багытталган саясий таламын чагылдырган болочокку саясий күрөшү үчүн маанилүү тарыхый көпүрө жана баалуу саясий тажрыйба болуп калган.

Бул аракет аркылуу совет кыргыз айдыңдары “биз дагы айырмалуу улутпуз, биз дагы өз аймагыбыздын автономиялуу макамына жетишүүгө акылуу улутпуз!” деп өз доошун бийик чыгара жар салышкан.

Эми ретроспективалык тасманы андан да арткараак тарапка жылдырып койсок...

“Алаш Ордо” автономиясы жана Түркстан автономиясы

Болшевиктер 1918-жылы 30-апрелде Орусия Советтик Республикасынын курамындагы Түркстан Совет Республикасын түзгөн (ал автономия 1920-жылы сентябрда Түркстан (автоном) Социалисттик Совет Республикасы деп аталып калган жана советтик Орусиянын курамында болгон.

Бирок болшевиктик Түркстан Совет Республикасын түзөөрдөн алда канча мурдагы автономия түзүү кыймылдарына байланыштуу окуяларды эскере кетүү абзел.

1917-жылдагы Феврал демократиялык ыңкылабынын натыйжасында Орусияда падышалык режим биротоло кулаган соң, жалпы мурдагы падышалыктын аймагында, анын ичинде Борбордук Азиядан Эдилге (Волга боюна) чейинки ири аймакта бир нече өз ара айырмалуу автономиялуу жумурияттарды түзүү аракеттери удаа жүргөн.

Бир жагынан, маселен, Борбордук Азия чөлкөмүнүн түндүгүрөөгүндө казак, кыргыз жана башка түрк тилдүү элдердин “Алаш Ордо” өкмөтүн түзүү үчүн күрөш жүрсө, экинчи жагынан, Борбордук Азиянын Фергана жана ага чектеш аймактарында Түркстан автономиясын (аны борбор шаарына карата “Кокон автономиясы” деп да коюшат) негиздөө аракеттери жүргөн.

Бул эки автономия болочокку демократиялуу, көп партиялуу, федерациялык Орусия жумуриятынын алкагында болот, деп болжолдонгон.

Бирок болшевиктер солчул эсерлердин колдоосу астында 1917-жылы Өктөбүр ыңкылабын уюштурушуп, демократиялык Орусия жумуриятын Уюштуруу жыйынын өткөртпөй коюшкан жана өлкөдө “пролетариат диктатурасы орноду” деп шардана кылышкан.

Ал эми ар кыл таптардын, этностордун, диндердин, саясий партиялардын өкүлдөрү негиздеген ар кыл мамлекеттүүлүк түрлөрү (анын ичинде “Алаш Ордо” жана Түркстан автономиясы, мурдагы эмирликтердин ордуна түзүлгөн Бухара жана Хорезм элдик жумурияттары, Башкыр автономиясы, ж.б.) 1918–1920-жылдардын ичинде болшевиктер тарабынан муунтуп жок кылынган.

Евразиядагы болшевиктер мажүрөөлүк кылган айрым аймактарда, маселен, Финляндияда, 1918-жылы Орусиядан таптакыр көз карандысыз болгон демократиялуу жумурият негизделген. Ыраакы Чыгышта дагы 1920–1922-жылдары сателлиттик өткөөл мамлекет (Ыраакы Чыгыш Республикасы) жашап турган.

Өтө аз убакыт жашагандыгына карабастан, болевиктер муунтуп жок кылган “Алаш Ордо” менен Түркстан автономиясы Борбордук Азия чөлкөмүнүн этностук-саясий тарыхында бараандуу рол ойноп калышкан.

Себеби болшевиктер чөлкөмдөгү ар кыл улуттарды өзүнө тартуу үчүн бул демократиялуу автономиялардын ордуна атаандаш түзүлүш катары бир гана болшевиктик партия үстөмдүк кылган советтик автономиялык түзүлүштөрдү сунуштоого жана курууга аргасыз болушкан.

Демек, Түркстан АССРин жана андан кийинки чөлкөмдөгү союздук жана автономиялуу түзүлүштөрдү “Ленин өз ыктыяры менен борбордук азиялык элдерге жөн гана белек кылып берген мамлекеттүүлүктөр” катары эмес, бара-бара эгемендикке жетүүгө умтулган демократиялуу күчтөрдүн улуттук мамлекет куруу идеясынан бул калктарды түпкүлүгү дүйнөлүк (азырынча орусиялык) коммунисттик мамлекеттин бир автономиялуу бучкагын түзүү идеясына ыктатып алуу далаалатынын түшүмү катары аңдоо абзел.

Албетте, XVIII кылымда – XX кылымдын башында Эдил, Оролдон Алтайга чейинки ири аймактын ар башка өңүрлөрүндө падышалык Орусиянын баскынчыл саясатына каршы эгемендик күрөштөрү жана көтөрүлүштөр жүрүп тургандыгын да белгилеп айтуу зарыл.

Кыргызстандын өзүндө боштондук кыймылдары 1855–1868-жылдары (түндүктө) жана 1873–1876-жылдары (Ферганада) катталган. 1898-жылы Анжыян көтөрүлүшү, 1816-жылы жалпы Борбордук Азиянын ар башка очокторундагы улуттук боштондук көтөрүлүштөр дүрт жанган. Алар да калайыкты эгемендик идеясынын байрагы астында бириктирүү аракеттери болгон.

Бул мурдагы тарыхый окуяларды дагы советтик мамлекеттүүлүк түрлөрү үчүн күрөштүн идеялык пайдубалынын келип чыгышынын алгачкы тарыхый катмарлары катары кароо абзел.

"Ата-Бейит" эскерүү жайы
"Ата-Бейит" эскерүү жайындагы сталинизм курмандыктарынын айкели.

Кыскача тыянак

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда Кара-Кыргыз Автоном Облусунун негизделгендигинин 100 жылдыгы гана өзгөчө бөлүнгөн окуя катары салтанаттуу белгиленип тим болбостон, 1924-жылга чейинки доорлордогу ата-бабалар жүргүзгөн демократиялуу автономиялык түзүлүш жана көз карандысыз мамлекет үчүн күрөштүн ар кыл тарыхый барактары өз ара тыгыз байланышта эскерилиши керек.

Кара-Кыргыз Автоном Облусу кийин Кыргыз Автоном Облусу (1925), андан соң Кыргыз АССРи (1926), ал эми 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болду.

Айтмакчы, дал ушул түзүлүштөргө жетишүү үчүн күрөшкөн кыргыздын негизги мамлекеттик ишмерлери (Эшенаалы Арабай уулу, Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Жайнак Саадаев, Сыдык Чоңбашев, ж.б.) 1930-жылдардагы сталиндик репрессиянын жазыксыз курмандыктары болушкан.

Жалпысынан, 1991-жылы Кыргызстан толук эгемендикке ээ болгонго чейинки ар бир доордогу мамлекеттик ишмер бабалардын эмгектери калыс жана татыктуу эскерилиши зарыл.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG