Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:19

"Президент мурдагы бийликтин кемчиликтеринен сабак алышы керек"


Акылбек Түмөнбаев.
Акылбек Түмөнбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Элдик" депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев "Азаттык" менен болгон маегинде "президент Садыр Жапаров буга чейинки бийликтегилер кетирген кемчиликтерден сабак алууга тийиш" деп айтты.

Эл өкүлү мамлекет башчы менен туугандык мамилеси, саясатка таасири, парламенттеги талаштуу демилгелер жана бийликтеги күмөндүү топтордун кесепети тууралуу суроолорго жооп берди.

- Парламент эс алууга кетер алдында иш кызыды, өткөн апталарда өтө кызуу талаш-тартыштар болду, алардын биринде Акылбек Тогузбаевич, сиз президент Садыр Жапаров менен куда-сөөктүк мамилеңиз тууралуу суроого да жооп кайтарып, буга чейинки бийликтеги туугандык алака-катыштар, көрүнүштөр тууралуу кеп козгодуңуз. Аталган талкуунун чыккан себеби жөнүндө мен сизден тактагым келип жатат. Чынында эле сиздин президент менен куда-сөөктүк мамилеңиз Жогорку Кеңеште кайсы бир таасирди артырууга түрткү болуп жатабы?

- Парламент экинчи каникулга кетер алдында турабыз. Бүрсүгүнү акыркы отурум болуп, жабылыш болот. Канча деген мыйзамдар бар, ошол мыйзамдардын баары мен же башка бир депутат үчүн эмес, башкача айтканда, жеке кызыкчылык үчүн эмес, мамлекет үчүн. Насыя, грант маселелерине жана дагы башка маселелерге тиешелүү парламент бекитип бере турган көптөгөн мыйзамдар бар. Ошондой шашылыш мыйзамдардын бардыгын 29-июнда, түнкү саат 11-12ге чейин болсо да өткөрөлү, бекитип берели деп, өткөндө депутаттар төрага Нурлан Тургунбекович Шакиев менен сүйлөшкөнбүз.

Эми кудалыгыбыз жөнүндө буга чейин да айтылып келе жатат. Президент менен куда экендигибизди элдин баары билет. Биз мектепте окуп жүргөнүбүздө эле агабыз Садыр Нургожоевичтин эжесине баш кошкон. Мен ал үчүн сыймыктанам, кубанам. Ал кезде менин депутат болорумду, ал эми Жапаров президент болорун эч ким билген эмес. Куда деген миң жылдык деп коёт. Куда суу кечирет деген жакшы кеп бар. Агам өтүп кеткен. Агам менен жеңемдин балдары бар, неберелери бар. Неберелери үйлөнүп-жайланабыз деп жатканына мен өтө курсантмын.

- Бирок ошол талкуунун жүрүшүндө буга чейин бийликтегилер туугандык мамиленин аркасы менен бир топ мыйзамсыз иштерге барган деп айтып калбадыңызбы. Азыр дагы ошол сыяктуу иштер болуп жатканы үчүн ушул маселе көтөрүлгөн жокпу? Тактап айтканда, президент менен жакын мамилеңизди кайсы бир маселелерди чечүүгө колдонгонуңуз үчүн ушул талаштар чыккан жокпу?

- Менин депутат болуп шайланганыма бир жарым, эки жыл болуп калды. Буга чейин да мамлекеттик органдарда иштеп келгем. Мени менен иштеп жүргөн, мени жакшы тааныган кишилер баары билет. Мен Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алияр Абжалиев сыяктуу Садыр Нургожоевич Жапаров президент болуп келгенден бери өзүмдүн, туугандарымдын же балдарымдын кызыкчылыгы үчүн эч бир жерде чуркаганым жок. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды жазып, кызмат кылып жатам. Өткөндө да айттым. Куда деген түшүнүк Сооронбай Жээнбековдун маалында пайда болду. Кудасы парламентте депутат болуп отурду. Алияр Абжалиев президенттин кудасы экенин билгизип, бизнесмендерди коркутуп, анча-мынча бизнестерин тартып алып, дагы бөлөк көптөгөн жаман иштерге аралашты. Даниель Ажиев деген жигит да Абжалиевдин уулу боюнча кандай кайрылуу жасаганын өзүңүздөр билесиздер. Мен бирөөнүн бир тыйынын албай, тескерисинче, бирөө ооруп жатса, же кандайдыр бөлөк жардамга муктаж болуп жатса өзүмдүн айлыгымдан бөлүшүп, элге жардам берип келе жатам. Мен «президент менен кудамын же жакынмын» деп текеберленип, бирөөнү коркутуп-үркүткөнүм жок.

Маектин видеосун төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот:

- Кадрдык же башка маселелерге аралашуу жаатында эмне дейсиз?

- Мен парламентте туура эмес болуп жаткан иштерди ачык айтып, президентибиз укса экен, ушуну көрүп-билсе экен деп аракет кылып келе жатам.

- Дагы бир маселе, парламентте көтөрүлгөн талаштуу демилгелердин бири бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк өкүл катары каттоо боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат. Анын демилгечилеринин бири сиз экенсиз. Жарандык коом, эл аралык уюмдар бул мыйзам демократияга доо кетирерин, анын 95% Орусиядан көчүрүлүп алынгандыгын эскертип жатышат. Айрым депутаттар демилгечи болуудан баш тартышты. Сиз эмне себептен демилгечи болдуңуз? Кандай негизде аталган мыйзам долбоорун колдоп жатасыз?

- Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам сунуш кылынган, көп депутаттар демилгечи болгонбуз. Бул мыйзам азыр иштелип жатат, каникулга чейин каралбайт, күзгө калды. Күзгө чейин биз өзүбүздүн депутаттар менен кеңешип, жаңы мыйзамды кароого коёбузбу, койбойбузбу бул боюнча көп талкуу болот. Менин өзүмдүн жеке ой-пикирим бар, ал депутаттар менен дагы сүйлөшүп жатам. Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзамдын автору биздин эжекебиз (Надира Нарматова – ред.), ошол киши демилгечи болуп, "бизге кошул" дегенде кошулгам. Бүгүнкү күнү ал боюнча ойлонуп жатам, кандай чечим кабыл алам, аны айтам.

- Бирок сырттан жардамды мамлекет деле алып жатат, жарандык коом ачык-айкындык үчүн күрөшөт, өлкөдөгү жемкорлук, дегеле туура эмес иштерди эскертип жатат деп жатышпайбы. Жарандык коомдун болушу, ага карата көзөмөлдүн күчөшү боюнча көз карашыңыз кандай? Мисалы, акыркы учурда бийлик тараптан куугунтук болуп жатат деген да пикирлер айтылып жатпайбы?

- Эми ар бир мамлекетте, ар бир жерде бейөкмөт уюмдар ошентип, куугунтук болуп жатат деп айтат экен. Сиз Болот Темиров жөнүндө айтканы турасыз го. Мен эми журналисттерге куугунтук болуп жатат деп, эч жерде айтканга укугум жок. Негизи мамлекетибиздин өнүп-өсүшүнө журналисттер да салымын кошуш керек да. Ал бирөөнүн жамандыгын издеп, бирөөгө асылып, анын тууганы ким, кандай жана эмне болгон адам экенин чукуп чыгып, элге жарыялап, калпты-чынды жазып жатпайбы. Анын үстүнө анын жарандыгы бөлөк мамлекеттики экен. Ошондуктан ал өлкөдөн чыгарылды. Мен, мисалы үчүн муну эч куугунтук деп ойлобойм.

- Бирок жемкорлукту ачыктап, "мобул жерде мыйзамсыздык болуп жатат, мобу жерде мындай маселелер бар" деп эскерткен журналисттер да көп да. Алар көп көйгөйлөрдү таап чыгып жатышпайбы.

- Аларды мен дагы колдойм. "Мобу жерде жемкорлук болуп жатат, тиги жерде казынаны жеп кетишиптир" деп ачыкташса, аны президент да, өкмөт да, баарыбыз көрүп-угушубуз зарыл. 30 жыл ичинде мамлекетибиз кандай акыбалга туш болгондугу, миллиондогон акчалар уурдалып, чет жактан келип жаткан насыялар, гранттар сол чөнтөккө кеткени тууралуу баарыбыз айтып жатабыз. Ал эми үч жылда өлкөдө кандай жылыштар болду, канчалаган бала бакчалар, мектептер салынды, жолдор оңдолду – өзүңүз көрүп, күбө болуп жатасыз. Буга чейин канча деген акча карызга келип, бүгүн 5 миллиард акча моюнубузда илинип турат. Бул тууралуу маалыматыңыз бар. Ошончо каражаттын баары максатуу жумшалганда, мамлекетибиз гүлдөп-өнүкмөк. Азыр бардык жерде көйгөй бирдей: суу жок, бала бакча жок, мектеп жок. Илгерки , 40-50-60-жылдары курулган бала бакчалар, мектептер. 30 жылдан бери эч нерсе оңолгон жок да. Мына, ЖЭБди курабыз дедик. Мен ошондо Эсептөө палатасында аудитор болуп иштеп жаттым эле, өзүм текшерип чыктым. Бир техникалык экономикалык негиздемеси жок 386 млн. долларга курдук дешти. Иш жүзүндө 150 млн. акча кеткен жок. 150 млн. долларга ЖЭБди жаңылайбыз деп, Максим түзүп кеткен ага чейинки долбоор бар. 150 миллионго куруп, калган акчанын баарын чөнтөгүнө салып, Сапар Исаков качып жүрөт. Каякта жүрсө да ошол акчага чардап жүрөт. Канча деген акча уурдалды, өз бизнестерин жолго коюшту. Шадиев Аскар деген Америкада качып жүрөт. 200бү, 500бү фура трак алып алыптыр. Ошолор мамлекетти тоноп бүтүрдү да.

Сооронбай Жээнбеков үч жылда эмне иш кылды? Кыргызстан үчүн бир жакшылык кылбай, өзүн президент кылып койгон киши менен согушуп, мамлекетти тоноп-талады. Куда деген ошонун тушунда пайда болду. Иниси Асылбек Жээнбеков экөө, дагы башка депутаттар менен биригип алып, далай мыйзамдарды чүргөп, банктар боюнча мыйзамдарды кабыл алышып, 2009-жылдан бери төлөнбөй келе жаткан салыктарды эсептен чыгарып салышты. Ошол чакырылышта Азамат Арапбаев деген депутат бар эле. Ошол Асылбек Жээнбековдор менен бирге ушундай мыйзамдарды кабыл алышкан.

- Бирок ошолор жоопко тартылган жок да? Азыркы күндө жоопко тартылып жатабы?

- Сооронбай Жээнбеков экс-президент катары резиденцияда жашап, мамлекеттин машинесин минип, мамлекеттин эсебинен күзөтчү жалдап, мамлекеттин эсебинен тамактанып, мамлекеттен жүз миңден ашуун сом пенсия алып жатат. Мамлекеттик жеңилдик бир эле өзүнө берилгенби же бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө берилгенби? Мен азыр ушул тууралуу маселе козгоп жатам. Кудай буюрса, мен муну парламентте көтөрөм. Мыйзам иштеп чыгам. Президентибизге кайрылып, бул кишинин экс-президент деген макамын алдырганга аракет кылам. Анткени ал андай макамга татыктуу эмес.

- Сөз эркиндиги жөнүндө суроо бергим келип жатат. "Азаттык" радиосунун айланасында да бир топ окуялар болуп өтпөдүбү. Мисалы, Биринчи Май райондук соту анын ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? Сөз эркиндиги жөнүндө маселе көтөрүлгөндө "Азаттыктын" айланасындагы да маселелер козголуп жатпайбы.

- Мен "Азаттыктын" журналисттерин сыйлайм. Сиздердин бир гана катачылыгыңыздар, Баткендеги тажик-кыргыз согушун кыргыздар баштады деп маалымат бергениңиздер болду. Ошол себептүү буга президент да, өкмөт мүчөлөрү дагы өзгөчө көңүл буруп, ушундай жагдайга туш болдуңуздар. Бул боюнча мен өз көз карашымды өкмөттөгүлөргө да, президентке да айткам. Бирок ошол кезде ошол маалыматты сайттан өчүрүп салгыла деп талап кылышканда, силер өчүрө албайбыз дегениңер да көп таасир этти.

- Демек, жалпысынан "Азаттыктын" жабылышын колдобойт экенсиз да?

- Колдобойм.

- Сиз ал видео маалымат тууралуу айтып калдыңыз. Ал тууралуу "Азаттык" эл аралык журналистиканын баардык принциптери сакталгандыгы жөнүндө өз позициясын билдирген. Эми ал башка кеп. Мен дагы бир нерсе тууралуу сурагым келип жатат. Парламент жөнүндө сөз кылып калбадыңызбы. Парламенттин ишмердигине кандай баа бересиз? Соңку учурда Жогорку Кеңештин бели мертинди, президенттин администрациясынын кол баласына эле айланып калды, депутаттар өз көз карашын коргой албайт деген сындар айтылып жатпайбы. Чын эле ошондой болгон жокпу? Сиздин пикириңиз кандай?

- Сырттагы кишилер айта берет. Ар бир депутаттын өз көз карашы бар. Сиз да журналист катары ар бир отурумда, комитетте талаш-тартыш, талкуу болуп жатканын көрүп жатасыз. Ар бириңиздер көрүп жатасыздар. Сыртта көрө албас эки-үчөө жүрөт. Мен аларды жакшы билем. Алар шайлоодо добуш да берген эмес. Добуш берип, депутаттарды кадырлап-барктагандар баары көрүп жатат. Бир мандаттуу округдан 36, партиялык тизме менен 54 депутат шайланып келбедиби. Ар бири жер-жерлерде элдин арыз-муңун угуп, мыйзамдарын жазып, бүгүнкү күндө өздөрүнүн ой-пикирин президенттен да, өкмөттөн да тартынбай тике айтып жатат. Бели мертинди, белин кайрып салды деген ал калп сөз.

- Сиз буга чейинки маектериңизде президентти курчаган айрым адамдар туура эмес иш алып барып жатканын айтып, керек болсо алардын аты-жөнүн ачык айтууга да даяр экениңизди билдиргенсиз. Буга бир жарым, эки жыл болуп калды окшойт. Алар кимдер жана алар жөнүндө ачык айтууга убакыт жеттиби же президент андай кишилерден арылдыбы?

- Туура, бул жөнүндө былтыр айткам. Алар азыр да өз ордунда иштеп жатат. Президенттин жанында ар кандай кишилер бар. Көз боочулары да бар экен. Кудай буюрса, алар тууралуу баарын ачык айтам. Айта турган күн жакындап калды. Экономикага зыян келтиргендер бар, казынага түшүп жаткан салыктарды, бөлөк булактардан келип жаткан акчаларды туура эмес пайдалангандар да бар. Анын баарын эл да көрүп-угуп жатат, мен да көрүп-угуп жатам. Президентке күнүгө киргенге мүмкүнчүлүк болбойт. Чынын айтканда, ал азыр күнү-түнү иштеп жатат.

- Кандайдыр бир туура эмес иштер болсо, сиз сын-пикир айтууга даярсызбы?

- Ар дайым айтууга даярмын. Садыр Жапаров 2005-жылы бир мандаттуу округдан депутат болуп шайланып келди. Түп округунан. Андан кийин 2007-жылы мен «Ата Мекен» партиясы менен оппозициядан баргам. 2010-жылы алар «Ата Журт» партиясын түздү. Садыр Нургожоевич: «Кел, биздин партияга кир, шайлоого биз менен бирге бар», - дегенде да мен «Ата Журтка» кошулбай, «Ата Мекен» менен баргам. Муну неге айтып жатам. Биздин мамлекет үчүн ой-максатыбыз түз, бирок саясий көз карашыбыз ар башка.

- Учурда президент баш болгон бийлик мурдагылардын каталарынан сабак алып жатабы же жаңылыштык кетирген учурлары да барбы?

- Сабак да алып жатат, эски бийликтин каталарын кайталап жаткан учурлары да бар. Завод-фабрикаларды талкалап, айыл чарбаны, мал чарбаны бүлүндүрүп, коррупцияга аралашкан мурдагы аткаминерлердин балдары да ошол нерселерге көнүп калат экен да. Президенттин айланасына ошондой кишилер барып калып жатат да. Тилекке каршы, алардын тамыры оңой менен кыркылбайт экен. Алардан тазаланууга убакыт келди, президент алардын баарын өзү да көрүп жатат, эл да айтып жатат. Мен өзүнө түз барып айта албасам да, парламенттен анда-санда кыйкырып айтып жатам. Көрүп-угуп жатат. Өзү канча куугунтук жеди, түрмөдө отурду. Ошол себептүү мага бир гана мамлекет, эл керек, биз жаркыраган, жакшы өлкөдө жашашыбыз керек деп, күнү-түнү аракет кылып жатат. Жанагылардын баарын парламенттеби, анда-санда кезиккендеби, айтып калып жатабыз. Тиешелүү сабак алат деп ойлойбуз. Бирок дагы да айта турган көп кеңештерибиз бар. Ал киши президент катары тегерегиндегилерди эле эмес, бөлөктөрдү да уга билиши зарыл. Атамбаев: "Мен айланамдагыларга эле кулак салып, беш жыл эч нерсе укпаптырмын. Мени сындагандарды жаман көрчү элем", - деп кетирген катасын моюнга албадыбы. Ар бир президентти чөйрөсүндөгүлөр бузганга аракет кылат экен да.

- Кези келгенде айтам деп жатпайсызбы, кеч болуп калбайбы?

- Кечиктирбегенге аракет кылам. Айтчу убакыт келди.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG