Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

"Кээсин окуганга үлгүрбөдүк". Парламент топ-тобу менен кабыл алган документтер


Жогорку Кеңеш 29-июнда кезектеги сессиясын жыйынтыктап, эки айлык каникулга тарады.
Жогорку Кеңеш 29-июнда кезектеги сессиясын жыйынтыктап, эки айлык каникулга тарады.

Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга кетердин алдында 50дөн ашык мыйзам долбоору менен токтом долбоорлорун топ-тобу менен кабыл алды.

Документтердин көбү экинчи жана үчүнчү окууда каралып жатат деген негизде талкуусуз өттү.

Парламент депутаттары 29-июндагы сессиянын акыркы жыйынында саат түшкү бирге чейин эле 30га жакын мыйзам долбоорун кабыл алды. Алардын арасында прокуратурадан тергөө укугун алып, аны Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) берүү жөнүндө долбоор да бар. Кабыл алынган документтердин көбүнүн демилгечиси президент же Министрлер кабинети.

Шарапаткан Мажитова.
Шарапаткан Мажитова.

“Жалпылап айтканда, Жогорку Кеңештин ишин канааттандырарлык деп эсептейм. Ошол эле кезде кемчиликтер да бар. Кээ бир мыйзам долбоорлорун жакшы талкуулабай, дыкат карабай өткөрүп жиберген учурлар болуп атты. Аны өзүбүз деле сезебиз. Көп мыйзам долбоорлорун окуганга үлгүрбөй өткөрүп жиберген да окуялар болду. Кемчиликсиз иш болбойт. Биз президент менен Министрлер кабинетинин стратегиялык багытын колдоп, мамлекет өнүгүшү үчүн чечимдерди кабыл алып бердик деп ойлойм”, - деди депутат Шарапаткан Мажитова.

Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кетерде мыйзам долбоорлорун талаш-талкуусуз эле арты-артынан кабыл алган учурлар буга чейин да болгон. 29-июнда кабыл алынган документтин арасында парламент каршы чыгып кийин кайра иштелип чыккан “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору да бар. Аны да президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Жогорку Кеңеш 29-июнда кезектеги сессиясын жыйынтыктап, эки айлык каникулга тарады
Жогорку Кеңеш 29-июнда кезектеги сессиясын жыйынтыктап, эки айлык каникулга тарады

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга ылайык, мыйзам демилге кылуу укугу Жогорку Кеңештин депутаттарынан тышкары президентке, Министрлер кабинетинин төрагасына берилген.

Ошондой эле өзүнө тиешелүү маселелер боюнча Жогорку Сот жана башкы прокурор да мыйзам долбоорун демилге кыла алат. Ал эми парламенттин ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун соңку кайым айтышуусу парламенттин салмагы, кадыр-баркына байланыштуу маселени күн тартибине чыгарды. Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылган депутаттардын бири Шайлообек Атазов мындай деди:

Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

“Парламенттеги талкуу сөзсүз эле аткаруу бийлиги менен душманга айланды дегенди түшүндүрбөйт. Эдил Байсаловдун парламентте сүйлөгөн сөзү боюнча үч фракция кызматтан алынсын деген чечим чыгарып, президентке сунуш бергенбиз. Анын жыйынтыгын жакында угабыз”.

Президент демекчи, адатта Жогорку Кеңештин сессиясынын акыркы күнүндө мамлекет башчы жыйынга катышып сөз сүйлөчү. Бул ирет Садыр Жапаров келген жок. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев 30-июнда президент Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна старт берерин жана ага депутаттар да катышарын айтты.

Парламентарийлер бул жолку сессияда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялап тарыхий чечим кабыл алды.

Документ Жогорку Кеңеште талаш-талкуу менен өттү. Парламенттен сырткары оппозиция ага каршы чыгып “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзгөн. Ага мүчө болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “бийликти күч менен басып алууга” шек саналып кармалган. Алар муну саясий куугунтук деп санап келет.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“Жогорку Кеңештин трибунасына туруп алып депутаттарды “бар ары” деп жаткандан кийин башкалар тууралуу эмне дей аласың. “Колуңду сындырам. Камайм. Сага көрсөтөм” деген сөздөр бизде катардагы эле сөз болуп калды. Мындай мамиле менен биз ийгиликке жете албайбыз”, - деди парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев.

Кыргызстанда ар бир чакырылышка “бийликтин көзүн караган парламент, принципиалдуу маселелерде депутаттар позициясын коргой албайт” деген сын-дооматтар айтылып келет. Ушундай эле сөздөрдөн азыркы чакырылыш да куру калган жок.

Юрист Эржан Сулайман депутаттардын ишмердиги тууралуу ой бөлүштү:

“Ушул эле депутаттардын көбү өткөн чакырылышта да депутат болгон. Алар убагында парламенттин алсыз болушуна, депутаттардын санынын азайышына жол ачкан Конституцияны колдогон. Тилекке каршы шайлоодо депутаттардын санын азайтуу боюнча убадалар да берилген. Эл да өзүнүн өкүлдөрү парламентте кыскарып жатканын түшүнгөн жок. Парламенттин азыркы ыйгарым укуктары менен да иштесе болот. Өкмөт депутаттар менен эсептешип, алардын пикирин сыйлаш керек. Парламентке эмне жетишпейт дегенде Жогорку Кеңештин депутаттарына эрк менен билим жетишпейт. Биздин депутаттардын айрымдарынын эрки болсо билими аз, билими жакшы болсо эрки жок. Ошондуктан ар кандай ойго келбеген демилгелер көтөрүлүп жатат”.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG