Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:33

Апта: суунун куну, Пан Ги Мундун чакырыгы...


БУУнун баш катчысы Пан Ги Гун менен кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев
БУУнун баш катчысы Пан Ги Гун менен кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев

Узап бараткан жумада Кыргызстан июнь коогалаңынын беш жылдыгын эскерди. Буга тушташ Кыргызстанга БУУнун баш катчысы келди. Тажикстанда суу маселесине арналган эл аралык конференцияга кыргыз делегациясы катышты. Жогорку Кеңеш акыйкатчынын жылдык баяндамасын жактырган жок.

Пан Ги Мун демократияны өнүктүрүүгө үндөдү

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Борбор Азия регионун кыдыруу алкагында Кыргызстанда да болду. Ал Кыргызстанда эки орчун маселеге көңүл бурду. Анын биринчиси - 2010-жылы июнь коогасына байланыштуу болсо, экинчиси - Кыргызстанда демократия, парламентаризмди өнүктүрүү жана адам укуктарын сактоого байланыштуу болду.

Пан Ги Мун 11-июнда Ош шаарына барып, июнь коогасында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду. Ал кандуу калабанын күнөөкөрлөрү адилет жазасын алышы керектигин белгилеп, улуттар аралык мамилени мындан ары чыңдоого үндөдү.

Ошол эле күнү Пан Ги Мун Бишкекте өткөн “Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алынган сабактар жана анын келечеги” деген аталыштагы конференцияга катышып, анда жарандык коомду жана демократияны өнүктүрүү маселесине көңүл бурду:

- Мен сиздерди жарандык коом менен тыгыз иштешүүгө чакырам. Анткени бул алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууда эң маанилүү. Жарандык коом, адатта, парламенттик демократиянын өнүгүшү үчүн жан үрөп иштейт.

Президент Алмазбек Атамбаев менен жеке жолугушууда Пан Ги Мун Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы демилгесин жарыялады. Демилге кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жашаган эки өлкөнүн жарандарын, өзгөчө аялдардын жана жаштардын өз ара кызматташуусун жакшыртууну көздөйт. Ал БУУнун Тынчтыкты жаратуу фонду аркылуу ишке ашырылат.

Пан Ги Мундун Кыргызстанга бул экинчи жолу келиши. Биринчи сапары 2010 - жылы болгон. Баш катчы Кыргызстанга келгенге чейин суу маселесине байланыштуу Тажикстанда өткөрүлгөн эл аралык конференцияга катышты. Бишкек жана Ошто иш-чараларга катышкандан кийин Казакстанда өтүп жаткан дүйнөлүк диндердин лидерлеринин курултайына барды.

БУУнун баш катчысынын келиши менен региондогу маселелерди чечүүгө салым кошулабы деген үмүттөр да жок эмес. Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Улуттар уюмунун региондогу суу, чек ара маселеси сыяктуу орчун жана курч маселелерди чечүүгө рычагдары жок деп эсептейт:

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

- Реалдуу рычагдар мамлекеттердин колунда. Ошондуктан маселе эки тараптуу чечилет, же чоң мамлекеттер аралашып чечиши мүмкүн. Ансыз түзүлгөн кырдаал ордунда кала берет го. БУУ негизинен маалымат чогултат, өзүнүн пикирин айтат.

Аликбек Жекшенкулов Пан Ги Мундун Борбор Азияга сапары региондо экстремизм, маңзаттарын мыйзамсыз ташуу, регионалдык маселелер жана интеграциялык жараяндарга байланыштуу экенин кошумчалады.

БУУ Кыргызстандын ири донорлорунун бири. Анын Кыргызстанда 19 уюму бар. Алар саламаттык сактоодон тартып, коопсуздукка чейинки түрдүү багыттарда иш алып барышат. Маселен, Азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча уюму эле Кыргызстанда 25 программанын үстүндө иштеп жатат.

Темир Сариев региондогу суу-энергетикалык маселени көтөрдү

Баш катчы Пан Ги Мун Кыргызстанга келерден мурун Тажикстанда суу боюнча эл аралык конференцияга катышты. Ал конференцияга Кыргызстандан өкмөт башчы Темир Сариев баш болгон делегация дагы барды. Сариев 8-июнда конференция башталардан бир күн мурун Дүйшөмбү шаарында тажик президенти Эмомали Рахмон, өкмөт башчысы Кохир Расулзада менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Өкмөт башчыны коштогон кыргыз делегациясынын курамы эле Дүйшөмбү шаарындагы сүйлөшүүлөрдө көңүл борборунда чек араларды тактоо, электр энергиясын сатып алуу жана транспорт тармагында кызматташуу болгону байкалып турат.

Кыргызстан азыркы кезде энергетикалык кризистин кучагында турат. Токтогулда сууну топтоп, кышка сакташ үчүн азыр аны агызбаш керек. Суу агызылбаса, электр энергиясын иштеп чыгуу да азайат. Энергетикалык тартыштыкты жабыш үчүн былтыр тажиктерден электр энергиясы сатылып алынган. Былтыр тажиктер бир киловатт электр энергиясын 2 центтен саткан болсо, быйылкы жылы бааны көтөрүп жиберишти.

Өкмөт башчы Темир Сариев электр энергиянын баасы президент Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүдө чечилгенин билдирди:

- Биз азыркы күндө суубузду үнөмдөйбүз деп, Бишкек жылуулук борборун иштетип жатабыз. Көмүр жагып жаткандыктан, анын наркы да көтөрүлүп, 6 центке чыгып кетип жатат. Ошон үчүн биз кышка да даярдык көрүшүбүз керек. Тажикстандан электр энергиясын сураганбыз. Президент Эмомали Рахмон менен макулдашып, орток баага келдик. Алар 4 центтен өйдө бааны сунуштаган. Андан кийин 3.75, андан кийин 3.35 цент болду. Соңунда сүйлөшүүдө 2.5 центтен макулдаштык.

Темир Сариевдин айтымында, мындай баа менен Кыргызстан Тажикстандан 500 млн. киловатт саат элект энергиясын сатып алат.

Кыргыз өкмөт башчысы Дүйшөмбү шаарындагы суу боюнча конференцияда Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда Өзбекстандын позициясын өзгөртүү, Токтогул суу сактагычында сууну топтоо үчүн компенсация алуу маселесин козгоду. Компенсацияны Сариев Кыргызстан Токтогулду кошуна мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн ирригациялык режимде иштетип, чыгымга учурап жатат деп негиздеген.

Бирок өзбек тараптан буга оңдуу жооп болушу күмөндүү. Анткени Кыргызстан Токтогул суу сактагычын Сариев айткандай ирригациялык эмес, алда качантан бери энергетикалык режимде иштетип калганы маалым.

Энергетика боюнча эксперт Расул Үмбөталиев дагы муну тастыктайт:

Расул Умбеталиев
Расул Умбеталиев

- Кыргызстан эгемендик алгандан бери ирригациялык эмес, энергетикалык режимге өткөнбүз. Биз негизи өзү энергетикалык режимде иштешибиз керек. Ирригациялык режимде иштөө Өзбекстан менен Казакстандын кызыкчылыгында. Премьер-министр Сариев менен кошула албаймын. Ал Камбар-Ата ГЭСи боюнча маселе көтөрүп, биз силерге суу топтоп беребиз деп атат. Алдап атат. Бул туура эмес. Ошондуктан ага кошула албаймын. Биз биринчи кезекте Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошубуз керек.

Расул Үмбөталиев кошуна мамлекеттер кийин өкмөт башчынын сөзүн бетке кармап, ГЭСтердин ирригациялык режимде иштешин талап кылышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Акыйкатчыны "аңтаруу" операциясы...

Кыргызстандын саясий майданында узап бараткан жумада “Кыргызстан” партиясынын курултай өттү жана Жогорку Кеңеш акыйкатчынын жылдык баяндамасын жактырган жок.

Жогорку Кеңеш, дегеле бийлик менен акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин келишпестиги ал шайланар замат эле башталган. Анткени Аманбаев бийликтин планын бузуп, алардын талапкерин жеңип, акыйкатчылык кызматка келген. Андан кийин акыйкатчынын Кумтөргө байланыштуу Саруу айылындагы окуяларда кармалган балдардын сабалышын ачыкка чыгарганы бийликтин жаалын келтирген. Президент Алмазбек Атамбаев болсо акыйкатчыны кабыл алуудан баш тартып келатат.

Андан кийин Аманбаевге КТРКада иштеген мезгилинде 40 млн. сом киреше кирбей калган деген айып коюлду. Эсеп палатасы Акыйкатчы институтун тыкыр иликтөөдө. Мына ушундай жагдайда акыйкатчынын жылдык баяндамасын адегенде Жогорку Кеңештин Адам укуктары, мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитети, андан кийин жалпы парламент да жактырбай койду. Эми баяндаманы иликтөө боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлүп, ал өз баасын берүүгө тийиш. Комиссиянын иши тууралуу Адам укуктары, мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов буларды билдирди:

Жогорку Кеңештеги КСДПнын депутаттары
Жогорку Кеңештеги КСДПнын депутаттары

- Комиссия баяндаманын оң-терс жактарын изилдеп чыгып, бир ай ичинде парламентке өз корутундусун алып чыгышы керек. Корутундуга комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн экиси кол койсо гана чыгарылат.

Бекматовдун айтымында, парламент акыйкатчы боюнча комиссияны келерки жумада түзүшү күтүлөт. Ал июнь айынын ичинде өзүнүн корутундусун даярдаса, анда парламент жайкы эс алууга чейин акыйкатчы боюнча чечим кабыл алууга үлгүрөт.

Саясий айдыңдагы экинчи окуя - “Кыргызстан” саясий партиясынын курултайы болду. Курултайда “Жети кадам” аттуу программа кабыл алынып, жетекчилик шайланды. Партиянын төрагасы Канат Исаев, орун басарлары Каныбек Иманалиев жана Арзыбек Бурканов болуп калды. “Кыргызстан” партиясы азыркы кезде күзгү парламенттик шайлоого өз алдынча барууну көздөп жатат. Бирок анын “Бир бол”, “Өнүгүү” сыяктуу партиялар менен биригип, потенциалын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG