Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:51

Сариев: сууну сактоо, жеткирүү жана башкаруу бааланышы керек


Премьер-министр Темир Сариев Дүйшөмбү шаарында Борбор Азияда суу ресурстарын чогуу пайдалануу маселесин көтөрдү. Анда сууну сактоо, жеткирүү жана башкарууга кеткен чыгымдар акталышы керектигин айтты.

“Сууну пайдалануу боюнча азыркы тажрыйба бардык кызыкчылыктарга төп келе бербейт, сууну бирдей эмес пайдалануу, энергетикалык жана ирригациялык эки ача кызыкчылыктар карма-каршылыктарды көбөйтөт. Суунун башында турган Кыргызстан менен Тажикстан сууну чогултуп жана сактап берген үчүн тиешелүү акысын ала албайт жатат” деди Сариев. Кыргызстан коңшулары Өзбекстан менен Казакстанга суу топтоп берет. Расмий Бишкек буга чейин да суу товар катары бааланышы зарыл, ага байланышкан чыгымдар төлөнүшү керек деген маселе көтөрүп келген.

Борбор Азия мамлекеттериндеги чек аралаш сууларды пайдалануу маселелери боюнча эки күндүк эл аралык Дүйшөмбү конференциясы ишин 9-июнда баштады. Ага катышуу үчүн барган Кыргызстан өкмөт башчысы буга чейин эки тараптуу бир катар жолугушууларга катышкан.(EBM)

XS
SM
MD
LG