Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Он бир журналисттин иши: абактагы 30 күн


16-январда кармалып, 13-мартка чейин камакка алынган журналист.
16-январда кармалып, 13-мартка чейин камакка алынган журналист.

Бишкекте 11 журналист кармалып, камакта жатканына туура бир ай болду.

Журналисттердин айрымдары бул убакыт аралыгында алардын чөнтөк телефондорун мыйзамсыз текшерүү аракеттери болуп жатканын айтып, сотко арызданган. Арыз 16-февралда каралмак.

Бирок камактагы 11 журналисттин экөө - Актилек Капаров жана Акыл Орозбековдун арызын кароо боюнча сот отуруму 19-февралга жылдырылды. Адвокат анын ишмердигине тымызын тоскоолдуктар болуп жатканын айтты.

Бир айдын ичинде бир канча эл аралык уюм тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин абактагы журналисттерди бошотууга үндөп келет.

16-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, камакта жаткан Актилек Капаров жана редакциянын азыркы кызматкери Акыл Орозбековдун арызы каралмак.

Алар 1- жана 6-февралда чөнтөк телефондору мыйзамсыз текшерилген деп ИИМге караштуу тергөө тобунун жетекчиси Кубанбек Байышовдун үстүнөн сотко арызданган.

Cотко журналисттер да, тергөө тобунун башчысы да келбегендиктен, отурум адвокат Самат Матцаковдун өтүнүчү менен 19-февралга жылдырылды.

Самат Матцаков
Самат Матцаков

"Телефондорду текшерүү боюнча арызды Акыл Орозбеков өзү жазып, менин колума тапшырган. Ал эми Актилек Капаров болсо ушул эле маселени мага айтып берип, мен сотко даттануу жаздым. Соттук отурумдарды өткөрүү эрежелерине ылайык, Орозобеков даттанууну өз колу менен жазганына байланыштуу, отурум анын катышуусунда өтүшү керек. Капаровдун мыйзамдуу өкүлү мен болдум. Бирок талаптарга карабай, Капаров да, Орозбеков да сот залына алып келинген эмес. Арестанттардын эмне себептен сотко жеткирилбегени тууралуу айтылган жок. Мен даттануу алардын катышуусу менен гана каралышы керектигин жана арестанттар үстүнөн даттанып жаткан Кубанбек Байышов да келиши керектигин белгиледим. Мындан улам эмки отурумга тергөө тобунун башчысы Байышовдун да келишин камсыздап берүүнү сурандым. Судья Туратбек Бекешов өтүнүчүмдү канааттандырып, даттанууну кароону 19-февралга жылдырды", - деди адвокат.

Самат Матцаков мындан тышкары тергөө абагына барган сайын камалган журналисттер менен жолугуу кыйынга туруп жатканын кошумчалады:

"Белгисиз себептерден улам менин жактоомдогулардын абактагы камераларын байма-бай алмаштырып жатышат. Мен тергөө абагына 5-февралда барганымда, посттогулар Капаров менен Орозбековду кагазда көрсөтүлгөн камералардан таппай койгондуктан, атайы бөлүмгө кайтып келүүгө аргасыз болдум. 15-февралда барганымда Орозбековду жазылган камерадан табышкан жок. Аны бир жума ичинде эле төрт жолу камерадан камерага которушту. Мындай көрүнүштөр менин убактымды алат, такташууга эле кеминде бир саат кетүүдө. Ошол себептүү бул адвокаттын ишмердигине тымызын жолтоо болушу ыктымал деп эсептейм. Себеби, биз аябай көп убакытты Капаров менен Орозбеков кайсы камерада экенин аныктоого эле кетирип жатабыз. Мен бул боюнча прокуратурага арыз жазып, алар бул факт боюнча текшерүү уюштурушу керек деп эсептейм".


Камактагы Актилек Капаровдун апасы Кундузбүбү Маматова уулун бир айдан бери көрө элек. Ал баласынын эмне үчүн камалганын түшүнө албай жатканын айтууда:

"Бийликти басып ала турган киши үйдө, ата-энесинин жанында бир үйдө уктап отуруп мамлекетти басып албайт. Мен муну мурда да айткам. Менин балам эч убакта мамлекетке кыянаттык кылган эмес, эки-экиден эч кимди чабыштырган эмес. Саясатка да, мафияга да, коррупцияга да эч качан малынган эмес. Негизи эле балам саясатчы эмес, балам болгону журналист. Мен анын ак экенине ишенем. Мага ушул күнгө чейин эмне себептен кармалып, камакка алынганы түшүнүксүз. Актилектин “Темиров LIVE” редакциясынан кеткенине 6-7 айдын жүзү болгон. 30 күндөн бери уулум камакта, ал чыгат деген илгери үмүтүм бар, себеби эч айыбы жок, ал бир да адамды үгүттөп, жаман ишке барган эмес. Мендей үмүт артып, күнөөсү жок жакынын кезерип күткөн ондон ашык үй-бүлө отурат азыр".

Журналисттердин жапырт камалышына эл аралык уюмдар да тынчсыздануусун билдирип, бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет. "Журналисттерди коргоо комитети" (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюму журналисттерди эки айга камакта калтыруу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин кескин айыптаган.

“11 журналистти камакта калтыруу – Кыргызстандын жаңы тарыхындагы басма сөз эркиндигине жасалган кайталангыс кол салуу. Кыргызстандын бийлиги өлкөнү “Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин аралчасы” деген баркынан айрыганы турушат. Бийлик "Темиров LIVE" редакциясынын мурдагы жана азыркы журналисттерин токтоосуз түрдө бошотуп, аларга тагылган жасалма айыптоолорду алып, көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоону токтотушу абзел”, – деп айтылат комитеттин Европадагы жана Борбор Азиядагы программасынын координатору Гүлноза Саиддин сөзүндө.

Бирок кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги куугунтукталууда дегенге кошулбайт.

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берип, камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

Журналисттердин адвокаттарынын апелляциялык арызын караган шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

ИИМ “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголгонун билдирген. Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG