Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Баткенде чек ара жаңжалында курман болгондор эскерилди


Достук айылы, Баткен району. Сентябрь, 2022-жыл.
Достук айылы, Баткен району. Сентябрь, 2022-жыл.

30-апрелде Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондор эскерилди. 2021-жылы апрелде жана 2022-жылы сентябрда чек ара жаңжалында каза болгондорго тургузулган мемориалга гүл чамбар коюлуп, куран окулду.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Эскерүү иш-чарасына облус жетекчилери жана чек ара окуяларында курман болгондордун жакындары катышты.

“Кыргыз-тажик чек арасында эки ирет орун алган куралдуу жаңжал ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Биз бүгүн сиздер менен, ошол окуялардын оор жоготууларын эскерип турабыз. Албетте адам өмүрү кымбат. Үй-жай, мал-мүлктүн орду толтурулду. А бирок жоготкон жарандарыбыздын ордун эч нерсе толтура албай келет. Убакыт баарын дарылайт дейт элибизде, баарыңыздарды кайраттуу болууга чакырам”, - деди президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу 28-апрелде кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоп, бул оор сыноо жалпы кыргызстандыктардын биримдигин бекемдегенин билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар болуп келген. Акыркы жолу эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышка дуушар болду. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган. Анда эки тараптан тең карапайым тургундар жана чек арачылар каза болгон.

2021-2022-жылдардагы чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин эки тарап чек араны тактоо иштерин жанданткан. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат.

Расмий акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 50-55-чакырымдай тактала элек тилке калды. (КЕ/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG