Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:55

Ооган күчтөрү Кундузду кайтарып алууга киришти


Кундуз шаары 28-сентябрда толугу менен талиптердин колуна өткөн
Кундуз шаары 28-сентябрда толугу менен талиптердин колуна өткөн

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү кечээ "Талибан" кыймылынын колуна өткөн Кундуз провинциясын бошотуу операциясын баштады.

"Өлкөдөгү кырдаал бизди кооптондурууда. Кундузду басып алган соң башка провинциялар талибдердин колуна өтсө өлкөдө коопсуздук бузулуп, эл жабыркайт", - деп Кабулдун тургуну Хавизуллах Хан өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Кундуз аймагындагы кырдаалга тынчсыздануусун жашырбады.

Дүйшөмбүдө талибдердин карамагына толугу менен өткөн провинциянын борбору Кундуз шаарына 29-сентябрда Кабулдан кошумча күчтөр жөнөтүлүп, чаарбаш согушкерлерге каршы контрчабуул башталды.

Соңку маалыматтарга ылайык, шаардык түрмө жана полиция бекети талибдердин колунан бошотулду. Шаарды көзөмөлүнө алган соң согушкерлер бир канча өкмөттүк имаратты, анын ичинде түрмөнү да басып алып, андагы 500дөй кишини бошотуп жиберген.

Кундуздагы кырдаалга маалымат жыйынында токтолгон Ооганстандын президенти Ашраф Гани аскердик операцияда жөнжай калктын коопсуздугу эске алынарын билдирди:

- Ооган өкмөтү жоопкерчиликтүү өкмөт. Ал шаардагы өз жарандарын бомбалай албайт. Андыктан мен министрлерге, аскер кол башчыларга, башка кызмат адамдарына биринчи кезекте жайкын тургундардын өмүрүн сактоону буюрдум.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани маалымат жыйынында
Ооганстандын президенти Ашраф Гани маалымат жыйынында

Ал арада ооган аскерлерине көмөк көрсөтүү максатында өлкөдөгү АКШнын учактары Кундуздагы талибдер ээлеген болжолдуу жайларга абадан сокку урду. Бул маалыматты Ооганстандын Коргоо министрлиги да ырастады.

Аскер аналитиги, отставкадагы генерал Атикуллах Амаркилдин айтуусунда, талибдер Кундузду көпкө кармап тура алышпайт:

- Өкмөттүн айрым кемчиликтеринен улам талибдер Кундузду өз карамагына алышты. Бүгүн жана эртең олуттуу салгылашуулар болушу мүмкүн. Бирок согушкерлер Кундузду көп убакыт кармап тура алышпайт. Алар шаарды талап-тоношу мүмкүн, бирок бул көпкө созулбайт.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү соңку күнү Кундуздун ооруканаларына 170тен ашык адам түшкөнүн, алардын 17си каза тапканын кабарлады.

300 миңдей калкы бар Кундуз шаарынын борборуна талибдер 28-сентябрдын кечинде өз туусун илгенге жетишкен. Ал эми өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Сидик Сидикки өкмөттүк күчтөр мындай чоң масштабдагы чабуулду күтпөгөнүн, согушкерлер бир эле маалда шаарга он тараптан кол салганын билдирди.

Тажикстандын Хатлон облусу менен чектеш Кундуз провинциясында талибдер буга чейин быйыл апрель жана июнь айларында чабуул жасап, шаарды камалоого алган.

Андагы салгылаш бир нече күнгө созулуп, согушкерлердин мизин кайтаруу үчүн Кабулдан кошумча күч тартылган.

Ушул жылдын башынан бери өлкөдөгү коопсуздукту көзөмөлдөө ооган күчтөрүнүн колуна өткөн. 2014-жылдын соңунда эл аралык коалициянын миссиясынын аякташы менен АКШ жана НАТО аскерлеринин басымдуу бөлүгү чыгарылган.

Ушу тапта Ооганстанда жергиликтүү аскерлерди машыктыра турган АКШнын тогуз миңдей аскери бар.

XS
SM
MD
LG