Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:07

Молдованын Орусиядан чочулоосу күчөдү


Молдованын премьер-министри Юрий Лянке маалымат жыйында. Кишинев, 28-март, 2014-жыл
Молдованын премьер-министри Юрий Лянке маалымат жыйында. Кишинев, 28-март, 2014-жыл

Молдованын европачыл премьер-министри Юрий Лянке жикчил Приднестровье аймагында “бир нече чагымчыл аракеттер” болгонун айтты. НАТО болсо Крымды өзүнө кошуп алган Орусиянын кийинки бутасына Молдова илиниши мүмкүн деп буга чейин эскертен.

Бейшембиде премьер-министр Лянке “Рейтерс” агенттигине Молдованын жикчил аймагы Приднестровьеде опурталдуу кырдаал жаралганына токтолуп: "Украинадагы жаңжал бизге жакын жерде болуп жатканы кооптондурат. 23 жылдан бери жикчил Приднестровьеде биздин дагы ошондой көйгөйүбүз бар", - деп айтты.


Өткөн аптада НАТОнун жогорку аскер командири, америкалык генерал Филип Бридлав “Эгер Кремль чечим кабыл алса, Приднестровье аймагына кирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бардыгын” эскерткен. 1990-жылы румын тилдүү Молдова коңшу Румыния менен биригүүгө аракет жасаганда, калкынын көпчүлүгү орус тилдүү Приднестровье Кишиневден көз каранды эместигин жарыялаган.

Өлкө экиге бөлүнүп калгандан кийин тутанган жаңжал согушка айланып, 1992-жылы Орусиянын аскер күчтөрү Приднестровьеге кирген. Дүйнөдөгү бир дагы өлкө Приднестровьени тааныбаса дагы, жикчил аймак Москванын канатына кирип алганына канааттанган. Бул аймакта Орусиянын 1400 аскери бейкуттукту коргоочулар деген макам менен жайгашкан.

"Приднестровьенин жетекчилиги ар кандай провокациялар аркылуу аймакта туруктуулукка залалын тийгизе турган чечимдерге барбайт деп ишенип турабыз” – деген Молдованын өкмөт башчысы Приднестровьеде румын тилиндеги бир нече мектепте жана чек аралаш аймактарда фермерлер түрдүү чагымдарга кабылганын мисал келтирип, бейрасмий “аскерий түзүлүштөр” аң казып салганын, Орусиянын армиясы ал жерде турганын кооптонуу менен билдирди.

Молдова өткөн ноябрда Европа Биримдиги менен ассоциациялык келишим түзүү демилгесин көтөргөн жана молдова өкмөтү ага ушул жайда кол коюуну пландоодо.

Лянке Молдовага, Украинага жана Грузияга 2003-жылы батыш балкандыктарга берилгендей биримдиктин ичинде “такталган” кепилдиктердин болушун айткан. Ал ошондой эле евроинтеграцияны ишке ашырууда көбүрөөк демократиялык колдоолорго чакырган.

Евробиримдик ушул жайдан тарта Молдованын жарандарына визаны алып салууга макулдук берген. Ага карабастан, премьер Лянке Европанын жарды өлкөлөрүнүн евроинтеграцияны эңсөөсү украин кризисине чейин эле солгундап калганын белгилеген.

Молдовада ноябрь айында өтчү парламенттик шайлоодо Европага кошулууга каршы маанайдагы, жашы өйдөлөп калгандар менен жарды катмардагы жаштардын колдоосуна ээ коммунисттик партиянын таасири дале күчтүү бойдон.

Ал ортодо Молдованын тышкы иштер министри Наталья Герман орусиялык кесиптеши Сергей Лавров Кишиневго апрель айынын соңунда келээрин бейшембиде билдирди.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Виктория Нуланд 30-мартта Молдовага бир күндүк сапарга келээрин дагы министр Герман кошумчалады.

XS
SM
MD
LG