Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Кеч төрөттүн кесепети кыйын


Жаңы төрөлгөн ымыркай
Жаңы төрөлгөн ымыркай

2014-жылдын 27-декабрында АКШнын Балтимор штатынын тургуну 56 жаштагы Лиза Свинтон Мак Лафлин эгиз тун уулдарын төрөп, бир нече аптадан кийин каза болуп калган.

Отуз жыл бою төрөй албай жүрүп, 55 жашында гана эне болуу бактысына ээ болгон Лизанын балдарын эми 67 жаштагы атасы Майк багууда.

Бул окуядан кийин АКШнын саламаттык сактоо сектору төрөт жашын кайрадан карап чыгып, аялдардын 35 жаштан кийинки кош бойлуулугу сөзсүз түрдө коркунуч менен коштолорун аныкташты. Айрыкча кырктан ашып төрөгөн аялдардын балдары жана өздөрүнүн саламаттыгы үчүн да опурталдуу кырдаал түзүлөт дешет Батыштын адистери.

Төрөттүн эң туура жашын догдурлар 20 жаштан 35 жашка чейинки учур дешет. Эрте, ошондой эле кеч төрөт энелердин жана балдардын өмүрүн тобокелге салууга барабар.

Pew изилдөө борборунун маалымдоосу боюнча Батышта 1990-жылдан бери 35 жаштан 39 жашка чейин балалуу болгон аялдардын саны 47% көбөйгөн. АКШда болсо 40 жаштан 44 жашка чейин төрөгөн аялдар 80% арбыган.

Кыргызстанда кеч төрөгөн аялдар көбөйдү

Акыркы мезгилде Кыргызстанда да кеч төрөгөн аялдар арбып, муну менен кошо бала жана эненин саламаттыгы жабыркаган учурлар болуп жатканын адистер айтышат. Эне жана бала өлүмүнүн башкы себептеринин бири да кеч төрөт.

Бишкектеги 2-төрөт үйүнө баш багып, жашы 35тен өткөн Евгения бир күн мурда кыздуу болуп, бирок кыйналып отурганына күбө болдук:

- Төрөтүм анча жакшы болгон жок. Өзүм төрөй албай кесарево кылышты. Эки жыл мурда турмушка чыккан элем. Анан боюма бүтпөй кыйналып жүрдүм. Мына эми кыздуу болдум. Бирок кыйналып жатам. Төрөгөндөн кийин бардык жерим ооруп жатат. Кесарево кылганга көп себептер бар болчу. Жашым да өйдөлөп, буттарым шишип, канымдын резус факторлору терс болуп, кыскасы догдурлар коопсуз жагын тандашты.

Жашы өтүп калган кезде кош бойлуу аялдарда боюнан түшүү, ара төрөө, рак, кан диабети, жогорку кан басым сыяктуу илдеттер көбөйүп, түйүлдүктүн тубаса майып болуп калуу коркунучу артат. "Даун синдрому" деп аталган дарт менен төрөлгөн балдардын көбү 35 жаштан улуу аялдардыкы деп жазат The Guardian гезити.

Акушер-гинеколог Айнура Жусупова 35 жаштан улуу аялдар тарткан төрөттүн кыйынчылыктарын мындайча санады:

Врач Айнура Жусупова
Врач Айнура Жусупова

- 35 жаштан өйдө курактагылардын балдары өнөкөт же тубаса кемтиктери менен төрөлүп калуусу мүмкүн. Ошондуктан, кош бойлуу кезде эле биз хромосомаларды саноого жиберебиз. Айрыкча жашы өткөн аялдардан бала "Даун синдрому" менен төрөлүүсү ыктымал. Эненин кан басымы жогорулайт, себеби организмдин биологиялык сааты келип, жашы өтүп калган болот да.

Дарыгердин көзөмөлү маанилүү

Кеч төрөгөн аялдар кош бойлуу маалында дароо дарыгердин каттоосуна туруп, тийиштүү бардык шарттарды аткаруусу керек. Бойкат учурда керектүү витаминдерди алып, баласынын жана өзүнүн саламаттыгында коркунуч жок болсо, адистер алардын өз алдынча толгоо тартып төрөөсүнө жол берет. Кандайдыр бир кооптуу жагдай байкалса, эне менен баланын саламаттыгы биринчи планга чыгып, кесарево операциясын жасайбыз дейт адис Жусупова:

- Кеч төрөгөн аялдар көбөйүп баратат. Отуз жаштан өткөн кош бойлууларды кеч төрөт деп эсептейбиз. Алар эртерээк каттоого турушу керек. Эгерде каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүнөн өтсө, анда алардын кооптонуусу азаят. Биз аларды төрөтөөрдө бардык анализдерин карайбыз. Кан басымы жайындабы, кант диабети менен оорубайбы, ультраүндүк анализдери кандай, жамбаш сөөгү нормалдуубу деп бардык жагдайларын тең салмактап туруп, көбүн эсе кесарево жолу менен баланы алып чыгабыз. Эгерде жашы өтүп калган аял турмушка чыгып, дароо эле боюнда болсо, анда кооптонуу азаят. Кокус тукумсуздук менен жабыркап, же боюнан улам түшсө, анда төрөт маалында да кыйынчылык жарылышы ыктымал.

Балтимордогу Лиза айымдын окуясынан кийин жогоруда айтылгандай, АКШнын адистери аялдарды 20 жаштан 35 жашка чейин төрөөгө чакырууда. Төрөт үчүн идеалдуу жаштын 20 жаштан 30га чейин экенин адистер эскертишет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG