Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:17

Көлдөгү окуяларды көбүрткөндөр


Караколдогу окуялар тууралуу жазууда журналисттер ырасталбаган чагымчыл маалыматтарга орун берип коюуда деген сындар айтылды.

Маселен, “Вечерний Бишкек” интернет сайты башаламандыктын артында Отунбаева, Бабанов жана Каптагаев турат деп, булагы тастыкталбаган кабарды жарыялаган.

Ошондой эле айрым маалымат булактар адам курмандыктары болгонун жазып жибергени талкуу жаратты.

Интернет басылмалардагы “жаңылыктар”

Ысык-Көл облусундагы окуяларды Кыргызстандагы бардык жалпыга маалымдоо каражаттары кеңири чагылдырууда. Мындан тышкары чет элдик айрым маалымат каражаттары да ага орун берди. Булардын арасында билип-билбей бул окуяларга өзгөчө боёк бергиси келгендер, же аны атайын бурмалоону каалагандар болууда дейт эксперттер.

Маселен, Тushtuk.kg интернет сайтынын орус редакциясы милиция Караколдогу элди кууп таратып жаткан мезгилде 7 адам каза тапкан деп жазып жибергени калпыстык болгонун мойнуна алды.

Аталган интернет басылманын башкы редактору Анара Мамытованын билдиришинче, бул редакциянын ичиндеги түшүнбөстүктөн улам орун алган.

- Ар кандай маалыматтар келип жатты. Жогорудагы маалыматты алгач биз алып, даярдап, бирок жарыялаган эмеспиз. Редакторлорубуздун бири эшикке чыгып келип, аны байкабай чыгарып салган экен. Бир канча секундадан кийин эле мен аны көрөр замат алдырып салдым. Андан соң мен Фейсбукта бул үчүн кечирим сурадым.

Ал эми “Вечерний Бишкек” интернет сайты Караколдогу башаламандыкты экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев өзү уюштурган деп жазды. Басылма бул маалыматты атын атабастан, азыркы бийликтеги жогорку кызмат адамына таянып жазганын билдирүүдө.

Орус тилдүү “Вечерний Бишкек” сайтынын редактору Дина Маслованын айтымында, аларга маалыматты берген булак ишенимдүү.

- Бизге маалымат берген булак аны кайдан алганын билбейм. Бирок ал бийликтин эң жогорку тепкичиндеги адам. Балким, ал адамды адаштырып же ага туура эмес маалымат берип коюшкан деп ойлойм. Бирок биздин жазган маалыматыбыз ишенимдүү жана маалыматты берген адам аны атайы эле ачыкка чыгарып койгусу келген деп ойлойм.

Отунбаева менен Бабановдун жообу

Буга байланыштуу экс-президент Роза Отунбаева атайын билдирүү менен чыгып, Караколдогу митингди ал уюштурган деген дооматтарды кескин түрдө четке какты.

“Мен бул ойго келбес айыптоолор боюнча комментарий бермек эмесмин. Бирок өлкөдө кыйын кырдаал түзүлүп, коопсуздук үчүн жооптуу айрым адамдар коомчулуктун көңүлүн митингдин чыныгы “уюштуруучуларынан” алаксыткысы келип жатат”, - деп белгилейт Отунбаева.

Ошондой эле экс-президент "Булакты” мени каралаган жалган маалыматы үчүн сотко берем. Убактылуу өкмөт тарабынан иштелип чыккан Башмыйзам ММКларга текшерилбеген маалыматты жарыялоого укук бергени өкүнүчтүү, мурдагы Башмыйзам боюнча бул маалымат үчүн алар кылмыш жообуна тартылышмак, - деп жыйынтыктайт билдирүүсүн.

Ушундай эле билдирүү менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да чыкты. Ал митингчилердин талабы негизинен туура экенин белгилеп, бирок алардын мыйзамсыз аракеттерин айыптаган. Ал тастыкталбаган маалыматты жазганы үчүн басылмага “өкүнүчүн” билдирген.

Журналист жана эксперт Бакыт Орунбеков айрым орусиялык маалымат каражаттары да Караколдогу окуяга өзгөчө боёк бергиси келгенин айтат.

- Бул окуяларды орусиялык каналдар да көрсөттү. Алардын да боёкту сүйкөп, көбүртүп берген учурлары болду. “Кыргызстанда дагы эле тополоң-тоз болуп, ызы-чуу токтобой жатат” дегендей берилди. Бул окуя бир гана шаарда же аймакта болуп жатканы айтылбастан, жалпы алганда бардык жерде ушундай тополоң болуп жаткандай таасирде берүүгө аракет кылышты.

Эксперттер өлкө үчүн маанилүү болуп турган мындай шартта журналисттер тастыкталган жана чагымдан алыс гана маалыматты таратуу зарыл деп эсептешет.

7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу менен коштолгон. Кечинде акциянын катышуучулары кууп таратылып, айрымдары кармалган. Ысык-Көлдөгү нааразылык акциясы 8-октябрда да уланып, алар Саруу айылынын тушунан Балыкчы-Каракол жолун тосушту.

XS
SM
MD
LG