Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Төрөт үйүндөгү кырсыктын чоо-жайы такталууда


Догдурлар мындай окуя акыркы 20 жылдан бери биринчи жолу болду дегени менен, адистер төрөт үйлөрүндөгү терс жагдайларды ачыкка алып чыгууда.

Окуя Энеликти жана балалыкты коргоо боюнча улуттук борбордун төрөт бөлүмүндө болуп отурат. Ай-күнүнө жетип турган 19 жаштагы келин үчүнчү кабаттан, терезеден секиргенин төрөт бөлүмүнүн башчысы Руслан Агайдаров палатага кирип баратып көрүп калган. Ал келинге догдурлар үч саат операция жасап, бирок жанын сактай албай калышты, ичиндеги аман калган ымыркайынын абалы өтө оор.

Энеликти жана балалыкты коргоо боюнча улуттук борбордун төрөт бөлүмүнүн башчысы Руслан Агайдаровдун айтымында, толготуп келген келин башында эле ага баланын кереги жоктугун айткан.

- Ал төрөт бөлмөдө жаткан. Мен жана акушерка ага жакшы эле көз салып турганбыз. Саат түшкү үчтө кыздын абалын текшерип, аны төрөт китебине жазайын деп бөлмөмө баш баккам. Менин столум менен палатанын эшигинин аралыгы жарым метр. Жазып жатып, терезенин ачылганын укканда палатага чуркап келдим. Кирсем кыз секирип бараткан экен. Акушерка болсо ал учурда кан басымын текшерген танометрди алганы чыгып кетиптир.

Агайдаров кыз психологиялык жактан абалы түзүк болгонун, башкаларга эле окшоп сүйлөшүп, өз өмүрүнө кол салайын деген түрү жок болчу деп кошумчалады.

Аман калган курсактагы баланын салмагы 3 килодон ашыгыраак экен. Бала азыр эсине келе элек, түтүкчө аркылуу дем алып жатат. Башкы дарыгердин орун басары Салтанат Назаралиеванын сөзүнө караганда, ымыркай катуу жабыркаган, мындан аркы саламаттыгы тууралуу божомол айтуу да кыйын.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Света Байтикова маалымдагандай, Өзгөндөн келген 19 жаштагы маркум келин Бишкекте 15 жаштагы сиңдиси менен батирде жашачу, толгоо башталганга чейин догдурларга көрүнбөгөндүктөн боюндагы ымыркай канча айлык экенин билген эмес, баланын атасы белгисиз.

- Ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жана ФАПта биздин адистер "үй-бүлөнү пландаштырып, сактанып, боюңда болсо көрүнүп тур" деп аялдарга айтып эле келатышат. Ал эми төрөт үйлөрдөгү догдурлар тууралуу айтсак, алар бизде эң күчтүү жана кесипкөй адистер деп саналат. Алар биздин аялдарды оор абалдан алып чыгып, балдарын төрөтүп, өз чеберчилигин көрсөтүп жатат. Ошон үчүн алардын кесипкөйлүгүнөн күмөн саноого негиз жок.

"Репродуктивдик ден соолук боюнча альянстын" программалык координатору Жамиля Мадалбекованын баамында, бул өндүү окуялар алдын ала түшүндүрүү иштеринин жүрбөгөндүгүнүн далили. Кыргызстанда айрыкча аймактарда жашаган жаштарда сактануу, үй-бүлөнү пландаштыруу жөнүндө маалыматы жок, ата-энелерге айткандан уялышат. "Ошон үчүн мамлекет мектептерде балдарга репродуктивдик ден соолук жөнүндө айтып бериши керек", - дейт Мадалбекова.

- Төрөт үйлөрүндө адистер жетиштүү, себеби төрөт жана бойдон алдыруулар дарыгерлер үчүн эң майлуу-сүттүү иш. Төрөт бүт жерде бекер дешет, бирок бүгүнкү күндө такыр эч нерсе берген жокмун деп айткан аялды таппайсыз. Негизи бул чөйрөдө иштеген дарыгерлерди мен бирдей деп айта албайм, бирок көпчүлүк учурда орой мамиле кездешет.

Энеликти жана балалыкты коргоо боюнча улуттук борбордун төрөт бөлүмүндө толгоо учурунда 19 жаштагы кыздын 3-кабаттан кулап каза болуу фактысы боюнча Ички иштер жана Саламаттыкты сактоо министрликтери тергөө, иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Тартип коргоо органдары өлүм боюнча суицидден башка версияларды карап жатканын маалымдашты.
XS
SM
MD
LG