Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:38

Арай көз чарай

Баары үй-бүлөдөн башталат

Кыргызстан президенти быйылкы жылды Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялады. Жүз миңдеген мигранттар үй-бүлөсүнөн алыста жүргөн, өткөн жылдары кандуу кагылышууларды башынан өткөргөн Кыргызстанда кечиримдүүлүк, үй-бүлө жылы кантип өткөрүлөт?

Текст көлөмү - +
Талкууга мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, президенттик аппараттын кызматкери Алмаз Кулматов жана саясат таануучу Табылды Акеров катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:







“Азаттык”: Алмаз мырза, быйылкы жыл Үй-бүлө, ынтымак, кечиримдүүлүк жана тынчтык жылы деп жарыяланды. Төртөө тең чындыгында опол тоодой маани камтыган сөздөр. Алардын ар бирине токтолуш керек.

Биз ушул үй-бүлө маселесинен баштасак. Бул үй-бүлө мамлекеттин кичинекей ячейкасы деп айтылып жүрөт. Ал канчалык бекем болсо, мамлекет да бекем болот дейт. Мына ушул үй-бүлөнү бекемдөө үчүн кандай аракеттер жасалат? Кандай иштер аткарылат?

​​Алмаз Кулматов: Темасы айтып тургандай, Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо менен баары бүтүп калат дегенди билдирбейт.

​​Биринчиден, чоң темалардын бири жардыкка камтылып жазылды. Ушул багыттардын баары тең өз ара тыгыз логикалык байланышта турат. Бардык нерсе үй-бүлөдөн башталат.

Биз эңсеп, көксөп келген, мамлекеттик саясаттын эң негизги багыты болгон социалдык-экономикалык өнүгүү, жарандын коопсуздугун камсыз кылуу, биздин өлкөдө атуулдардын сыймыктанып жашагыдай, меймандарга суктангыдай өлкөгө айлантуу үй-бүлөдөн баштала тургандыгына байланыштуу болот. Бул мамлекеттик саясатка стимул бере турган жардык.

Жогорку Кеңеш бул маселени талкуулаган. Бизге көптөгөн жарандык коомдор кайрылган. Бул мыйзам чыгаруу бутагы, аткаруу бийлиги, башка бардык коомдук-саясий институттардын биргелешкен аракетин талап кыла турган багыт.

​​“Азаттык”: Табылды мырза, бул жооптор сизди канааттандырып атабы?

​​Табылды Акеров: Негизинен идея жакшы эле болгон. Бирок бул идеяны элге таратуу бир аз кыйыныраак болот. Себеби аты төрт бөлүктөн болуп, узун болуп жатпайбы. Муну дагы бышырып, башка бир нерселерге жакыныраак алыш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Кечиримдүүлүк. Бул кимге багытталат? Апрель, июнь коогалыңында набыт болгондордун жакындары адилет сотту жана күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып жатпайбы. Ушул төрт пункттан турган жардык азыркы учурга шайкеш келеби?

Осмонакун Ибраимов: Ынтымакка эмне жетсин? Үй-бүлөдө ынтымак болуп, эл-журт менен аман-эсен жатсак ага эч нерсе жетпейт. Бул жагынан мен бул жардыкты колдойм.

​​Ошону менен бирге, коомчулукта белгилүү кооптонуу да бар. Анткени жакында биздин борбордук аянтта набыт болгондордун саны 100гө жетти, түштүктө эки шаарыбыз ордуна келе элек, көп жарааттар айыга элек. Ошондуктан кечиримдүүлүк өтө жакшы нерсе, өткөн-кеткендин баарын эстеп отурбай, келечекке көз таштап, жакшы нерселерди баштасак жакшы болот.

Ошону менен бирге кечирбей турган нерселер да бар. Аны эч качан унутпашыбыз керек. Канткен менен 100 кишинин каны эч кимди койо бербейт, ошого күнөөлүүлөрдү жана аларды жазалабай жаткан сотторду эч качан кечирбейт. Ошондуктан бул жерде бизде таза, ачык позиция болуш керек.

Саясий карама-каршылыктан келип чыккан нерселерге албетте айкөлдүк кылып, аны эсепке албай, “Манаста” айтылгандай, "чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улашыбыз" керек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жер-Эне каяктан: Баткен
07.02.2012 15:24
Ушул жардыкты ким чыгарса да биринчи оз уйбулосуно унулсун.эки жарым милион кыргыз тентип журот...Уйбуло жонундо кандай соз болушу мумкун...Урматтуу Атамбаев мырза сиз Москвадагы Кыргыздар жашаган батирде бир кун туноп чыгыныз?Бул менин сунушум анан кыргыз уй булолорундо коломто уйбуло деген тушунук бар же жок экенин айтасыз.Кечирим жонундогу жарлыкпы же суранычпы?Жакынын жоготкон адамдарга отконго салават айтуу кыйын.Бул жарлык менен балким аткаминерлерге элдерден кечирим алып берем десениз ото терен жаныласыз.Тынчтык,ынтымак аба мн суудай кажет нерсе.Кыргыз эли кечирим деген нерсени мойнуна алгыдай эч кандай куноо кылган жок!!!
Пикирге жооп

кимден: Барсбек каяктан: Москва
08.02.2012 20:07
Мен танкалам, кайда болбосун 100адамдын каны дейт, жуз адам уй алды. милиондон акча алды. Оштогу 400 ашуун адам эмне алды. Аларды ойлогон барбы???? Олгондорго кокустан окко учуп уй бере берсе жылда чыга берет которулушко, иштеп уй алыш кыйын Кыргызстанда , а окко учуп алыш оной. Оштуктардын кыргызы. озбеги адам. алардын психологиясы эмне болду. ошону менен курошкон адам барбы?????

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине