Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

"Эл үнү": Майрамбектин тагдырына ким кызыгат?


Беш-Күнгөйдөгү атышуудан өрттөлгөн үй. 6-январь, 2011-жыл
Беш-Күнгөйдөгү атышуудан өрттөлгөн үй. 6-январь, 2011-жыл

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар өкмөт кен байлыктарына инвесторлорду тартууда эл аралык эрежелерди сактоо зарылдыгын айтышып, кылмыш дүйнөсү менен күрөшүү үчүн адегенде тартип коргоо органдарын тазартуу керектигин белгилешти.

Бишкек шаарынын тургуну Кытайбек Романов: Биздин кен-байлыктарды болбогон тыйындарга эле сатып атышат. Эми ошол кендерди иштетүүнүн эл аралык стандарттары бар. Мисалы, "Кумтөр" алтын кенин он процент менен сатып жиберишкен. Деги эле тарыхта он процент менен бир да мамлекет, бир да эл өзүнүн кенин башка мамлекеттерге иштетүүгө берген эмес, бербейт дагы.

Кен боюнча дүйнөлүк стандарт боюнча 50-50 болуп бөлүнүп, кенди иштеткен тарап бардык каражатты көтөрөт. Кыргыз мамлекети бир тыйын бербейт. Кийин казылган алтындын жарымын Кыргызстанга керек болсо ай сайын берип турат. Каражат Улуттук банктын казынасына түшүп турат. Өкмөт ушул маселени колго алышы керек.

Рыспек Акматбаевдин жактоочуларынын митинги, 31-март, 2006-жыл
Качкын Булатов, укук коргоочу: Жакында кыргыз бийлиги кылмыштуулук менен айоосуз күрөшүү керектигин айтып жарыя кылды. Кылмыштуу топторду ким өстүрдү? Убагында кылмыш дүйнөсүнүн авторитети Рыспек Акматбаев тарапкерлери менен митинг өткөргөндө мурдагы президент Курманбек Бакиев аянтка кол куушуруп, өзү чыгып, маселесин чечип берем деп убада кылбады беле. Мына ошондой бийликтин мамилесинен кийин кылмыш дүйнөсү маселесин президенттин деңгээлинде чечүүгө болот экен деп, өзүнүн саясатын, өзүнүн талаптарын аткартып калышкан.

Азыр парламенттин ичинде да кылмыштуу топтун кишилери же өздөрү орун алып алышканы жашыруун эмес. Ошондуктан бийлик кылмыш дүйнөсүн тазалайбыз десе биринчиден сотторду, прокуратура, милиция кызматкерлерин, коопсуздук кызматын тазалап, татыктуу таза кадрлар менен камсыздап, мыйзамдуулукту сакташы керек. Чын-чынына келгенде булар натыйжа бербей эле, Бакиевдин учурундагыдай май-талкандын үстүндө эле жашап жатышат.

Атайын операциядан жабыркагандар

4-январда Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылынын чет жакасындагы бир үйдө жашырынып, күч органдарына куралдуу каршылык көрсөткөндөрдү кармоо үчүн ИИМ менен УКМК биргелешкен атайын операция жүргүзүп, кылмышка шектүү адамдар күч органдарына ок атып, кармашуу 1,5 сааттан ашык убакытка созулган. Жоочулардын экөө жок кылынып, бирөө тирүүлөй колго түшүрүлгөн. Ок атышуу маалында УКМКнын бир кызматкери октон мерт болуп, колго түшүрүлгөн Эдил Абдрахманов аттуу 25 жаштагы жигит учурда тартип коргоо органдарына көрсөтмө берип жаткандыгы кабарланууда.

Мына ошол үйдө кароолчулук кылып, үй-бүлөсү менен күн өткөрүп келген Майрамбек аттуу жигит “Азаттыкктын” кеңсесине апасы менен келип, төрт баласы менен көчөдө калганын билдирди.

Беш-Күнгөйдөгү операция, 6-январь, 2011-жыл
Майрамбек:
Мен ал үйдүн кароолчусумун. Ал үйдүн ээси Нурлан Жороевич Мамытов деген энерготармактын министринин орун басары болчу. Ал үй жарылгандын эртеси барганда бир жолу көргөм, андан башка көргөн жокмун. Такыр басып да келген жок. Сурап да койгон жок. Ошондо менин үйүм күндүз жардырылды. Мени кечинде милиция кыматкерлери алып кетишти. РОВДга алып барып сабашып, кыйнашты. Ден соолугумдун жарымысын алып коюшту. Азыр мен төрт балам менен бара турган жерим жок, келинчегим менен көрүнгөндүн үйүндө жашап жүрөм. Жардырып кеткен үйдөгү оокаттарымды ага тиешелүү кызматтар кайра толуктап берсе деп келгем. Бирок бул боюнча кимге кайрылаарымды билбейм.

Майрамбектин апасы: Ошол күнү тарсылдап атылып эле вертолеттер айланып калды. Сыртка чуркап чыгып карасак Майрамбектин үйү жакта атышуу болуп жатыптыр. Барып тактап билгиле деп балдарды чуркаттым. Жардыруу болуп, экөө өлдү дегенинен Майрамбек майып болгон экен деп эсим чыкты. Анан эл "Эдил деген куда балаңар Майрамбектин үйүндө экен, ошолор менен атышып, жардыруу болду" деп айтты.

Майрамбекти милициялар кечинде келип кармап кетип, аябай кыйнап, түн бир оокумда кайра бошотушуптур. Эми минтип төрт баласы менен талаада калды. Эмне кылаарыбызды билбейбиз. Үч баласы тиги жакта, бир баласын көтөрүп алып келинчеги бул жакка келди. Кайын эжеси телефон чалып жатат, балдарыңар ачка, төшөнчү алып келсеңер боло деп. Аргасыздан “Азаттыкка” келдик, акыйыкаттык издеп. Айлабыз кетип калды.

Бул маселе боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлмүнө кайрылганыбызда, атайын операцияны Улуттук коопсуздук кызматы менен Ички иштер минситрлиги өткөргөнүн, Майрамбекти райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишпегенин билдиришти.

Ал эми Коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинен Майрамбектин маселесине байланыштуу тыңгылыктуу жооп ала алган жокпуз.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 же 31-61- 53 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG