Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Ала-Тоодон “атпа” деген үн чыккан


“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандарыбыз 7-апрель Элдик ыңкылап күнүнө карата пикирлерин билдиришип, бейкүнөө адамдарга ок атууга буйрук берген тиешелүү адамдардын алигүнчө жазаланбай келатканына нааразы болушту.

“Эстейли”, Темирлан Ормуков:

- Мына өлкө, өнүгөт деп абдан,
Эл ишенип үмүттөнсө жаңыдан,
Кайталанып, болду дагы калаба,
Качып элден ажо, ханың тагынан.

Өтпөчүдөй ушул дүйнө жалгандан,
Өкүмдарлар көр байлыкка байланган.
Өз максатын бийик коюп мекенден,
Өлкө иши оюндарга айланган.

Качырып биз, ажолордун экөөсүн,
Кайран кыргыз азаттыкка жетиштиң,
Калайык-калк түбөлүккө унутпас,
Кан төгүлгөн апрелдин жетисин.

Азыноолак саясатты тескейли,
Азаттыктан аша чаап кетпейли,
Ата-журттун шейит болгон уулдарын,
Атпай кыргыз түбөлүккө эстейли.

“7-апрелдеги баатырларга таазим”, Жаңыл Бегалиева:

- Ойго албай бир жамандык болоорун,
Ак үй жакка үмүт менен бараттык.
Кан чыгарып бийликтеги адамдар,
Койбодубу жүрөктөрдү канатып.

Баратышкан балдар элдин алдында,
Жаңы жашоо, жакшы максат оюнда,
Тилектери аткан таңдай, ак эле,
Кабылышты баш кесердин огуна.

Күн күркүрөп чагылгандар чартылдап,
Ала-Тоодон “Атпа, атпа!”-деген үн чыгат.
Тян-Шанда бороон чапкын башталып,
Арча-кайың “Атпа, атпа!” дешет шуулдап.
Ысык-көл да чыдай албай жарыктык,
Толкундары “Атпа, атпагын”,-деп жээкке урат.

Токто шамал, шамалыңды токтотчу,
Токто жамгыр, көз жашыңды төкпөчү,
Мекен үчүн курман болгон уулдарды,
Эскерүүгө бир минута туралы.

Бишкек шаарынын тургуну, Кундузбек: Мен өткөн жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтында болдум. Окко учкан эки баланы Киев көчөсүндөгү "спецбольницага" алып бардык. Ошол жакта өлгөн балдарды көрүп, жүрөгүм түшүп азыркы учурга чейин көз алдымдан кетпейт. Ошол жерде жапжаш балдар тизилип, өлүп жатыптыр. Коркконубуздан чыкканча шаштык.

Чүй облусу, Чаргынова: 7-апрелден кийин бийлик эч кандай сот тармагына реформа жасаган жок. Элдин мүдөөсү аткарылган жок. Коррупция жоюлган жок. Баягыдан дагы начар жашап жатабыз.

Өндүрүш Токтонасыров (солдо) "Азаттык" үналгысын коргоп пикетте, 30-март, 2010-жыл.
Сокулук району, Өндүрүш Токтонасыров:
2005-жыдагы жана 2010-жылы болуп өткөн революциялык процесстерге активдүү катышкан жарандык коомдун активисти катары айтам, азыр ушул тапта революция, алардын каармандары баатырлар жөнүндө шаңдануу менен сөз кылып жатабыз.

Бирок акыйкаттык, калыстык, Кыргызстандын келечеги деп тынч жыйынга чогулган элди Бакиевдер тарабынан мөндүрдөй ок жаадырган адамдарды мыйзамдын чегинде алигүнчө бирөөнү дагы жоопко тартуу маселесин көтөрбөгөн Жогорку Кеңешке таарынычым бар.

Эл өкүлдөрү болгондон кийин ар түрдүү чечимдерди шылтоолоп отура бербей, сыртка чыга качкан оор кылмыш жасагандарды экстрадиция кылганга, кайра өлкөгө алып келүүгө аракет кылса болмок. Бийлик да апрель окуясына байланыштуу декларативдик иш чараларды өткөрүп калды. Анын бардыгын токтотуп, тынч жыйынга чогулган элди атууга ким буйрук бергенди жана буга тиешеси бар адамдарды тез арада аныктап, тактап, жоопко тартса эл арасында нааразылык болбойт болчу.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, "Эл үнү" программасына деп аты-жөнүңүздү айтып, авто жоопко пикириңизди жаздырып коюңуз. Ал эми бирөөнү каралаган, кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирген же далилсиз маалыматтар болсо эфирге чыгарылбайт.

XS
SM
MD
LG