Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Кочкоров: Чек араны чечүүдө алсыз болуп жатабыз


Кыргызстан Өзбекстан менен чектешкен Бүргөндү аймагына чек ара тосмолорун орнотуу аракетинде. Бирок буга өзбек тарап нааразылык билдирүүдө. Бул маселеге байланыштуу Жогорку Кеңеш депутаты Улукбек Кочкоров "Азаттыкка" маек курду.

- Өзбекстан Кыргызстан тараптын Бүргөндүдө чек араны тосмолоо аракетине каршылык көрсөтүп жатышына кандай негиз бар?

- Эч кандай негиз жок. Биз бул боюнча документтердин баарын карап чыкканбыз. 1955-жылы Өзбекстандын министрлер кабинети кайрылган. Анын негизинде биздин өкмөт чечим кабыл алып, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши 1955-1956- жылдары ошол жерди убактылуу колдонууга деп өткөрүп бергенбиз. Бүгүнкү күндө, эң өкүнүчтүүсү, өзбек тарап ошол документтерди отуруп карайлы десек бет тырмалык кылып жатат. Сүйлөшүүгө отурбай жатат.

- Демек дагы талкуулаш керекпи бул маселени. Чекит коюла элекпи?

- Талкуулаш керек. Макул, силер өзүңөрдүкү деп айтып жатасыздар, кандай негизде, документиңерди көрсөткүлө, балким бизде жок документ силерде бардыр десек эч бир аргументи жок, жөн эле биздин жерибиз, бербейбиз деп жатат.

Эртеңки күнү ушул жерлер чектелип, толугу менен Кыргызстандын юрисдикциясына өтө турган болсо, Сох анклавына бир топ ыңгайсыз жагдай түзүлүшү мүмкүн. Ошондуктан булар эртеңки күнүн ойлоп эле бойкот кылып жатат.

- 2011-жылы бул маселе парламентте да каралып, Бүргөндүдөгү азыр Өзбекстан иштетип жаткан газ, мунай кендерин Кыргызстанга өткөрүү боюнча токтом кабыл алынды эле, өкмөткө тапшырма бергенсиздер. Ал аткарылбай жатат. Кыргыз бийлиги ушунчалык алсызбы бул маселеде?

- Чындыгында биз, кыргыздар, бийлик талашып, өзүбүз менен өзүбүз болуп эле бул маселелерди эл аралык деңгээлде чечүүгө алыбыз деле келбей калды. Муну моюнга алышыбыз керек. Бул боюнча быйыл августта мен президентке да кирип чыккам. Себеби жергиликтүү эл менен жолукканда алар мага талапты катуу коюп жатат. Элдин социалдык көйгөйлөрү толтура. Бирок ошого карабастан дал ушул маселе биз үчүн артыгыраак, маанилүүрөөк деп айтып жатышат. Парламентте акыркы эки жылда үч-төрт токтом кабыл алдык. Тилекке каршы өкмөт чечкиндүү иш-чараларга бара албай жатат. Балким президент кандайдыр бир чечим кабыл алаар.

Дагы бир нерсени айта кетким келет. Бул жерде кызыкдар жеке жааттар да бар. Биз токтомго ошол жерде мамлекеттик ишкана салынсын деп жазганбыз. Бирок жеке адамдарга лицензия берилип, ошолорго өткөрүү аракети болуп жатат.

- Алар кимдер, ачык айта алсызбы?

- Тилекке каршы мен азыр ачык айта албайм. Колумда документтер жок. Бирок ошол жерлер бүгүнкү күндө жеке менчикке өтүүдө. Ошентип эки-үч жакка тартылып, бул маселе чечилбей келатат. Балким Кыргызстан бир позицияда болсо чечилмек.
XS
SM
MD
LG