Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:20

Өзбекстан чек араны өз алдынча бекитүүдө


Өзбекстан чек араны бир тараптуу тосууну 2006-жылы эле баштаган. Сүрөттө: чек ара тилкесиндеги кыргыз чек арачылары, Баткен облусу.
Өзбекстан чек араны бир тараптуу тосууну 2006-жылы эле баштаган. Сүрөттө: чек ара тилкесиндеги кыргыз чек арачылары, Баткен облусу.

Өзбекстан тактала элек алты жүз чакырымдан ашуун чек ара сызыгын Кыргызстандын макулдугусуз тосуп, беките баштады.

Бул тууралуу билдирген кыргыз өкмөтүнүн чек араларды тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров Ташкен Кыргызстан тараптын чек аралар такталмайынча демаркация иштерин токтотуу талабын тоготпой жатканын белгиледи.

Бузулган макулдашуу

Өзбекстан тарап Кыргызстандын макулдугун сурабастан чек аранын такталган жана тактала элек участокторун бир тараптуу негизде бекитүү иштерин баштады. Курулуш-инженердик иштер жүргүзүлүп жаткан кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы аянты 600 чакырымды түзөт.

Өкмөттүн чек араларды тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров Өзбекстан тактоо иштери аяктамайынча чек арада бир тараптуу тосмолорду орнотпоо боюнча макулдашууну бузуп жатканын айтат:

- Өзбекстан бул боюнча Кыргызстан тарап менен эч кандай макулдашпастан эле бир тараптуу негизде тикенек зым тосмосун орнотуп, курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Биз чек араны тактоо иштери бүтмөйүнчө курулуш иштери токтотулуп турсун деген талап менен бир нече жолу нота жөнөткөнбүз. Бирок алар өкмөттөр аралык комиссиянын ортосундагы он үчүнчү жобону одоно бузуп жатышат. Кыргыз-өзбек чек арасындагы кайсыл жерде кызыкчылыгы болсо ошол жерди алар тосуп алышууда. Мында такталган дагы, тактала элек дагы участоктор бар.

Өзбекстандын чек арадагы көпчүлүк курулуш иштери Кыргызстандын Жалал-Абад жана Ош облустарынын чек аралаш аймактарына туура келет. Ташкен өзүнүн бир тараптуу иш аракеттерин коопсуздук маселеси менен байланыштырган.

Шылтообу же саясатпы?

Курбанбай Искандаров макулдашуу бир тараптуу бузулгандыктан Кыргызстандын өкмөтү дагы кыргыз-өзбек чек арасындагы тиешелүү чек ара тилкелерин тосуп алууга кирише тургандыгын белгиледи:

- Алар “биз өзүбүздүн аймакты ар кандай экстремисттик күчтөрдөн жана аткезчиликтен коргошубуз керек” деген шылтоону айтууда. Анан биз дагы мындан улам өзүбүз кызыкдар болгон чек ара аймактарында чек ара тилкесин тосууну баштай турган болдук. Бул боюнча өкмөт дагы маселеге көңүл буруп, колдоого ала турган болуп жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын жетимиш пайызы аныкталып бүткөн. Ортодо алтымыштан ашуун участок же башкача айтканда үч жүз чакырымдан ашуун чек ара тилкеси тактала элек. Айрым кыргызстандык чек ара адистери Өзбекстан такталып бүткөн тилкелерде чек араны бир тараптуу бекитүүгө акысы бар деп эсептешет. Мына ушундай эле чараларды Кыргызстан дагы токтоосуз баштоого тийиш дешет алар.

Чек ара иштери боюнча эксперт Кубанычбек Сарыбаевдин айтымында, чек аранын бекемделиши андагы чатактардын азайышын шарттайт:

- Негизи эле такталып бүткөн чек ара аймактарында инженердик курулуш иштерин жүргүзүп, тосуп бекитүү эки тарапка тең пайдалуу болмок. Анткени чек арадагы чыр-чатактардын бардыгы мына ошонун айынан болуп жатат. Мында Өзбекстан өзүнүн такталган чек ара аймактарында бекитүү иштерин жүргүзүүгө укугу бар. Ал эми тактала элек чек ара тилкелеринде ошондой болуп жатса Кыргызстан сүйлөшүүлөр аркылуу аны токтотууну талап кылышы керек.

Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен чек ара тилкелерин бир тараптуу тосууну 2006-жылы эле баштаган. Ага чейин ачык турган чек ара тилкелери өткөн аймактарда аңдар казылып, мамылар орнотулган.

Талдоочулар талаштуу деп эсептелген чек ара тилкелерин Өзбекстан өзүнө каратып, тосуп алуу менен аларга биротоло ээлик кылып калууга аракеттенип жаткандыгын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG