Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Кыргыз-америка алакасы экономикага оойт


АКШдагы кыргыздар Нью-Йорктогу түрк элдеринин парадында. 19-май, 2012-жыл.
АКШдагы кыргыздар Нью-Йорктогу түрк элдеринин парадында. 19-май, 2012-жыл.

Бишкекте кыргыз-америка экономикалык форуму өтүп, анда эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана инвестиция тартуунун жолдору талкууланды.

Адистер Кыргызстан менен АКШ саясий, аскердик багытта кызматташканы менен экономикалык багыттагы алака-катышы чеке жылытпай турганын билдиришүүдө.

Бишкекте өткөн экономикалык форумга АКШнын Невада, Висконсин, Миннесота штаттарынан сенаторлор жана бир катар ишкерлер келген. Форум алкагында Кыргызстан менен АКШнын экономика, билим берүү жана парламентаризмди өнүктүрүү багыттарында кызматташуусу талкууланды. Иш-чарага катышкан биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айтымында, эки өлкө кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө убакыт келди:

- Биз эки тарапка тең пайда алып келчү кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издешибиз керек болуп турат. Бул жагынан алганда бүгүнкү форум соода-экономикалык байланыштарды түзүүнүн жакшы аянтчасы болууга тийиш. Ошондой эле кыргыз экономикасына америкалык инвестицияны тартууга маани беришибиз зарыл.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 227 миллион доллар болгон. Ал эми бул өлкөдөн келген түз инвестиция болсо 8 миллион гана доллар. Бул сан экономикалык өнүгүү боюнча эң алдыңкы орунда турган өлкөдөн келген инвестиция үчүн аябай эле аз экенин өкмөт өкүлдөрү моюнуна алышат. Экономика министрлиги алдында жаңыдан түзүлгөн инвестицияны тартуу боюнча агенттиктин директору Алмаз Сазбаков бул жаатта ишти жакшыртуу керек дейт:

- АКШ менен саясий кызматташтык жолго коюлуп, жакшы эле деңгээлде жүрүп жатат. Бирок экономикалык тармакта кызматташуу абдан начар. Бул өлкөдөн инвестиция дээрлик жок болуп жатат. Ошондуктан, бул кемтикти жоюу үчүн бүгүнкү өтүп жаткан форумдун мааниси чоң. Маселен, бүгүн эле АКШдан келген ишкерлер чакан ГЭСтерди курууга инвестиция салуу кызыкдарлыгын билдиришти. Ошондой эле алар кайра иштетүү жана курулуш тармагында кызматташууга даяр экен.

Ошондой эле АКШдан келген ишкерлер өлкө аймактары менен кызматташууга даяр экенин билдиришти. Бул багытта боордош шаарлар деген долбоорду сунуштап жатышат. Маселен, АКШдан келген Sister Сities International долбоорунун башчысы Мери Кейндин айтымында, бул долбоор алкагында азырынча эки шаар тандалып алынды:

- Учурда Кыргызстанда эки шаарды сунуштап жатабыз. Алардын бири Токмок шаарын Иллинойс штаты менен кызматташтыгын камсыздап, өндүрүштүк парк салуу долбоору иштелип жатат. Ал эми экинчиси - борбор шаар Бишкек менен Колорадо штатынын ортосунда туризмди өнүктүрүү боюнча долбоор каралууда.

Быйыл июнь айында “Манас” аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу борбору жабылган соң бул өлкөдөн кыргыз экономикасына салынган каражат кескин кыскарды. Буга чейин Кошмо Штаттар жүк ташуу борборунун ижара акысына 60 миллион доллар төлөчү. Андан сырткары борбордо иштегендер, тамак-аш жана башка керек-жарагы үчүн 100 миллион доллардай каражат Кыргызстанда калчу. Жүк ташуу борборунун жабылышы менен бул каражаттар кыскарып, саясий кызматташтык да солгундаганын эксперттер белгилешет. Бул кемтикти толтуруу үчүн АКШ менен ири долбоорлорду ишке ашыруу керек дейт Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева:

- Экономикада диверсификация деген түшүнүк бар эмеспи. Бардык акчаны бир эле капчыкка сала бербей, ар кыл тармакка салып туруу керек. Ошол сыяктуу азыр бардык маанилүү долбоорлорду Орусия сыяктуу бир эле мамлекетке бербестен, башка өлкөлөр менен кызматташуу керек. Азыркыдай ири долбоорлор бир мамлекетке көз каранды болсо келечекте кандайдыр бир маселе чыкса, бизге терс таасири тийип калышы мүмкүн.

Кыргыз-америкалык экономикалык форум быйыл экинчи ирет уюштурулууда. Былтыр ноябрда Вашингтон шаарында өткөн. Форумду кийинки жылы да өткөрүү мерчемделүүдө. Анда эки жыл ичинде сунушталган долбоорлор канчалык ишке ашканы талданмакчы.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG