Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

FA: Кыргызстандан качкан Гуревич


Евгений Гуревич "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жаткан учур, Бишкек, 14-октябрь, 2009.
Евгений Гуревич "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жаткан учур, Бишкек, 14-октябрь, 2009.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (28-октябрь - 3-ноябрь)

Нью-Йоркто жарык көргөн саясат таануучулар менен дипломатия адистеринин Foreign Affairs журналында өткөн жуманын башкы темасы Евгений Гуревич болду. Филип Шишкиндин “Тынчы жок өзөн: Борбор Азиянын жүрөгүндөгү революция, адам өлтүрүү жана интригалар” деген китебинен алынган бул макалада 2010-жылдагы кандуу революциядан кийин Гуревич өлкөдөн кача албай убара болгону, ага эки чечен согушкер жардам берип, 20 миң доллар пара менен Алматыга алып барышып, Гуревичтен өмүрү үчүн 20 миллион доллар сураганы, аны бере албай, Азия Универсал Банкындагы 600 миң долларын карматканы, андан соң Максим Бакиевдин жардамы менен Минскиге качып, бирок аз өтпөй “кан досунун” Латвия менен Жаңы Зеландия банкындагы 45 миллион долларын алып, өз бизнесине жумшаганы, кийин Максим тууралуу жашыруун маалыматты Америка тыңчыларына бергени өз оозунан алынган маалыматтарга таянып жазылган.

Гуревич Минскиге качкан Курманбек Бакиевди Лукашенко эмнеге кучак жайып тосуп алганын мындайча чечмелеп берет: "Лукашенко Европа гана эмес бүткүл дүйнөгө бийлигинин күчтүү экенин билдириши керек. Анын үстүнө Бакиев Беларуска эмне, куру кол бармак беле. Миллиондогон доллар инвестиция жасады".

2010-жылдагы революциядан 4 күн мурда эле кычырап галстук тагынып, Кыргызстандын казна каржысын ары-бери калчап турган Гуревич азыр жүдөп, токулган свитер кийип калганына карабай, дагы да мурдагыдай маанайы көтөрүңкү жүрөт, - деп жазат Foreign Affairs.

Кагаз басылмалардын доору 2033-жылга чейин аяктайбы? Ушул суроонун тегерегинде Le Monde Diplomatique журналынын кабарчысы Серж Халими ой жүгүрткөн. Электрондук басылмалар үстөмдүк кылып жаткан биздин доордо гезит баасы барган сайын түшүүдө. Беш жылдан бери Түндүк Америкада гезит сатуу 13 пайызга түшсө, Батыш Европада 24,8, ал эми Чыгыш Европада болсо 27,4 пайызга түшкөн. Гезиттин жалпы баасы Британияда 20 жылдан бери 90 пайызга арзандаган. Азыр басылмалар кулактандыруу жана жарнамалар менен гана күн көрүп калышты. Маселен Францияда чыккан атактуу Le Figaro гезитинин ээси ушул жылдын май айында L’Opinion аттуу жаңы гезит чыгарып, 3 миң нускасын араң саткан деп жазат Le Monde Diplomatique.

Узап бараткан аптада жеке эле түрк басылмалары эмес, дүйнө медиасынын көңүлүн Түркиянын 4 аял депутаты да бурду. Reuters агенттиги шаршемби күнү Түркия бийлигиндеги АК партиянын 4 аял өкүлү Мажилиске жоолукчан кирип, партиялаштары аларды кучак жайып, өпкүлөп тосуп алганын жазып чыкты. Мындай көрүнүш 15 жылдан бери биринчи жолу болуп жатат. Республикалык партия бийликте экенде мамлекеттик мекемелерде жоолукчан жүрүүгө тыюу салынган.

“Web 2.0” деген сөз англис тилиндеги бир миллионунчу сөз болду. The Guardian гезити Техастагы окумуштуулар англисчедеги неологизмдерди санашып, эң акыркы жаңы кирген сөздүн “Web 2.0” экенин ырастаганын жазды. Оксфорд сөздүгүндө буга чейин расмий 600 миң англис сөзү болсо, жаңы технологиялар, интернеттин өнүгүүсү менен 400 миңдей неологизмдер кирген. Англисчеде 98 мүнөттүн ичинде бирден жаңы сөз пайда болуп турат, деп жазат The Guardian.

Батыш эли апта соңунда Хэллуинди майрамдашты. Лондондун чоң дүкөндөрүндө канга боёлгон кишинин кесилген колдору сатылышы адамдарды чочутту. Дүкөн ээлери элден кечирим сурады, деп жазат Daily Mirror. Кэмбридждеги ASDA супермаркетинде фашист аскердин кийимин кийип, денесине свастика тартып алган адамды көргөндөрдүн үрөйү учкан. Мындай тамашага чыдай албаган кардарлар менен дүкөндүн жооптуу кызматкерлери ССче кийинген 60 жаштагы Рузина Расинди дүкөндөн кубалап чыкты.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG