Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Чекисттер диниятчыларга: кызматташалыбы?


УКМК намаз окуган айрым жаштарды өздөрүнө жалдап пайдаланууга аракет кылат деген сынга кабылды.

Мындай билдирүүнү адвокат Акин Токталиев таратты. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматы бул дооматтарды четке какты.

13-февралда Улуттук коопсуздук комитетинин эки кызматкери муфтияттын маалымат катчысы Максат Мамбеталиевди алар менен чогуу УКМКга баруусун талап кылган. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Ортого адвокат Акин Токталиев аралашкандан кийин гана копсуздук кызматынын адамдары кетүүгө аргасыз болгон.

Токталиев атайын кызматтын аракеттерин мыйзамсыз деп эсептейт. Ал муфтияттын кызматкерин тыңчылык кылууга, жашыруун маалымат берип турууга мажбурлап жатат деп УКМКны сынга алды.

- Муфтияттын маалымат катчысын өздөрүнө тартып, башын айлантып жатат. Өздөрүнө тыңчы, муфтияттын ичиндеги иштер боюнча маалымат берип туруучу баканооз кылалы деп жатышат. УКМКга чакырган билдирүү кагазы жок эле телефон чалып коркутуп жүрөт.

Токталиевдин айтымында, бул биринчи гана жолу эмес. Ал буга чейин намаз окуган Мукарамов аттуу жаранды да УКМК өздөрүнө тыңчы болуп, террорчулукка каршы күрөшүүгө мажбурлашканын билдирди.

- Мукарамов дегенди да ушундай кылышкан. Ага УКМК "ооган, урду, англис тилдерин, жалпы тогуз тил билет экенсиң, чет өлкөгө барып бизге тыңчы болуп иштеп бер" дешкен. Бирок ал макул болбой койот. Ошондон кийин чагымчылдык кылып, аны сабашып, үстүнө иш козгогула деп милицияга беришет. Бирок прокуратура жана башкалар карап, эч кандай кылмыш жок деп, иш козголбой калган.

Тоталитардык системанын эпкини

Саясат таануучу Уран Ботобековдун пикиринде, коркутуу жолу менен маалымат алуу ыкмасы тоталитардык системага таандык көрүнүш. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин башка деле маалымат табуу жолдору бар экенин айтат.

- Маалымат чогултуу, диний уюмдар менен иштөө боюнча УКМКнын өз бөлүмдөрү бар. Бирок анын баары коркутуу-үркүтүү менен эмес, мыйзамдын гана чегинде болушу керек. Анткени дин деген адамдын ишеничин камтыган татаал нерсе.

Улуттук коопсуздук комитети болсо, атайын кызмат намаз окуган адамдарды тыңчылыкка мажбурлап тартат деген дооматтарды четке кагууда. Алардын айтымында, муфтияттын басма сөз катчысы боюнча арыз түшкөн. Ошонун негизинде гана тактоо иштерин жүргүзүү зарылдыгы келип чыккан.

УКМКнын маалымат катчысы Нурлан Токталиев буларды билдирди.

- Максат Мамбеталиевдин үстүнөн Касым жаңы конушунун мусулмандар жамаатынын үстүнөн арыз түшкөн. Ошол боюнча гана чакырылган. Биринчи чакырганда өзү макул келем деп айтып, бирок келбей жүрөт. Келип эле арыз боюнча түшүнүк берип койо турган иш болчу. Эгер жок келбейм, билдирүү кагазын жөнөткүлө десе, эчак эле аны деле жөнөтмөкпүз.

Кыргызстанда 8 диний уюм экстремисттик деп табылган. Алардын ичинен Кыргызстанда “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөлөрү арбын экендигин белгилешүүдө. Бирок айрым укук коргоочулар күч түзүмдөрү террорчулук менен күрөшүүдө аша чаап кетип, жөн-жай күнөөсүз адамдарга да кедерин тийгизип коюуда деп сындап келатышат.
XS
SM
MD
LG