Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Мечит имамы “хизбутчу” деп шектелүүдө


Жалал-Абаддын Сузак жана Ноокен райондорунда “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөлөрү деп кармалган 9 адамдын бири Жийде-Арал айылынын имамы болуп чыкты.

Тартип сакчылары диний экстремисттик уюмдарга мүчө деп шектелгендерин эң көбү Жалал-Абад облусунда, анын ичинде Сузак районунда экендигин белгилешүүдө.

Облус аймагында экстремисттик уюмдардын таасиринде жүргөн жарандар көбөйүүдө. Ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Мамыр Мергентаев “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөсү деп шектелген 527 жаран катталганын билдирди.

Бөлүм 9-февралдан бүгүнкү күнгө чейин “Экстремист” аттуу операция өткөргөн. Бул иш-чара маалында соттун санкциясы менен тинтүү жасалып, натыйжада мурда көзөмөлдө жүргөн аталган жашыруун уюмдун 9 мүчөсү жүздөгөн диний экстремисттик адабияттар, ал уюмдун максаттарына үндөгөн дисктерди көчүрүүчү компьютерлер менен кармалган. Алардын арасында мурда ушул партиянын адабияттарын таратканы үчүн эки ирет соттолуп чыкканы да бар.

Бөлүм башчы Мамыр Мергентаев тергөө иштерине байланыштуу алардын ысымдарын атабаганы менен Жийде-Арал айылынын имамы баш болгон сузактык төрт жаран убактылуу камакка алынганын билдирди. Былтыр январь айынан бери мечитте иштеген имам 2005-жылы каттоого алынган. Ал эми Ноокен районунда “Хизб-ут Тахрир” партиясына шектүү саналып, бирок камала элек 5 адамдын иши Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлө турган болду:

- Булардын үстүнөн мурда атайын иликтөө иштери жүргүзүлүп жүргөн. Бул төрт даректеги адамдардын бардыгы “Хизб-ут Тахрирдин” активдүү мүчөлөрү. Булардын ичинен бирөө Жийде-Арал деген айылда имам болуп иштейт. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Буларга кылмыш иши козголуп, азыркы күндө Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө убактылуу камакка алынган. Ноокен районунда экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Жактоочу Закир Курбанов үчүн имамдын диний-экстремисттик уюмга мүчөлүгүн аныктоо кыйынга турууда. Анткени, анын айтымында, имамдын үй-бүлөсү ага эч кандай маалымат бербөөнү табыштаптыр. Имамдын өзү да “Хизб-ут Тахрир” партиясына мүчөлүгү жана эмне себептен ал уюма киргени тууралуу суроого жооп бербей койгон. Закир Курбанов:

- Көрсөтмө берүүдөн баш тартып атат. Азырынча себебин түшүндүргөн жок. Китептери теологиялык экспертизага жөнөтүлдү, азырынча жыйынтыгы келе элек. Суроолорго жооп бербей, эч кандай маалыматты айтпай атат. Укуктары бузулган жок, адвокат жалдады. Төрт балалуу. Булардын максаты - исламды таратабыз деп, баары исламга кирип, ошо ислам менен жүрүү буларга шарт экен. Курандын хадистери менен жашап жүрүүнү каалашат экен. Теологиялык экспертизадан кийин китептери “Хизб-ут Тахрирге” байланыштуубу, байланыштуу эмеспи, анан кийин жыйынтыгы чыгат.

Диний уюмдарга жаштар, аялдар жана жумушсуздар тез тартылары айтылууда. “Жаш жарандарды өнүктүрүү" коомдук корунун жетекчиси Асылбек Шералиев облуста коомчулукту диний-экстремисттик уюмдардын таасиринен сактоо иши жетишээрлик деген ойдо. Ал жаштарды ар кандай уюмдардан сак болууга чакырды:

- Көпчүлүк жаштардын ал уюмдар тууралуу сырттан уккан маалыматтары болуусу мүмкүн. Алар чакан топто иштешсе керек. Жаштар алар тууралуу так маалыматтарды билбесе керек.

“Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөлүгүнө шектелип кармалган башка үч адамдын жактоочусу өз коргоосунда турган жарандар жөнүндө сүйлөшүүдөн баш тартты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG