Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Жогорку Сот Түлеевге чыккан чечимди өзгөрткөн жок


Нариман Түлеев, 29-июль, 2013-жыл
Нариман Түлеев, 29-июль, 2013-жыл

Бишкектин Ленин райондук соту 2013-жылы июлда Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан, шаардык сот былтыр аны күчүндө калтырган.

Нариман Түлеевге Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мындан тышкары таштанды ташуучу унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталган болчу.

Экс-мэрге быйыл май айында да Бишкектин 6-кичирайонундагы 4,5 сотук жердин мыйзамсыз сатылышына тиешеси бар делип, дагы бир кылмыш иши ачылган. Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошеванын айтымында, ошол иш кайрадан прокуратуранын кароосуна жөнөтүлдү:

- Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (кылмышка шериктештик), 183-беренеси (кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу) боюнча прокуратура тергөөнү улантсын деп берилди. Башка өкүмдөр күчүндө калды.

СИЗОдо өткөргөн бир күн бир нече күнгө эсептелет. Мындай болгондо, Түлеевдин 11 жылынын канчасы бүттү, прокуратура башка ишти тергегиче абакта дагы канча отурат деген суроолор азырынча ачык турат. Аны Токтошева сот өкүмү толук колуна тие электиги менен түшүндүрдү.

Мурдагы мэр менен кошо соттолгон мэриянын жетекчи орундарында иштешкен беш кызматкерге чыккан чечим да өзгөрүүсүз калып, алар 5, 10, 13 жылга чейин эркинен ажыратылышты. Мыйзам боюнча Жогорку Сот акыркы инстанция, анын бүтүмү даттанууга, кайра кароого жатпайт.

Башында чоң резонанс жараткан сот боюнча акыркы чечим коомчулукта салкын кабыл алынды. Бул боюнча Түлеевдин адвокаттары да сүйлөп берүүнү каалашкан жок. Алардын бири Нина Зотова:

- Биз сүйлөшүп, азырынча эч кандай комментарий бербей туралы деп чечтик.

Алгачкы сот чечими чыккан эки жыл мурда Нариман Түлеев журналисттер менен кыскача ой бөлүшүп, өзүнө коюлган айыптарды бийликтин саясий буйругу деген эле:

- Саясий чечим болду. Эч нерсе эмес, акталабыз. Сот аткаруучу саясий буйрукту аткарды.

Партиялаштар эмне үчүн колдогон жок?

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев да убагында Түлеев оппозициялык "Ата-Журт" партиясында белдүү адамдардан болгонун, андан мурда Бакиевдин бийлиги учурунда мэрликке чейин көтөрүлүп, ал бийликтин ишенимдүү адамы катары азыркы бийликке кооп жаратканын белгиледи:

- Ал митинг уюштуруп, жол тостурган жок. Жалаң адвокаттар менен иштеди. Экинчиден, Түлеев оппозициялык “Ата-Журт” партиясында болчу. Унчукпай калбай, бийликке жагымсыз билдирүүлөр менен чыгып турган. Мурунку бийликтин көрүнүктүү өкүлү эле. Бул албетте, сот ишине саясий боёк жукканын билдирет.

Бирок мурдагы мэрдин сот ишин саясатка аралаштырбагандар да бар. Алардын бири - Түлеевдин бир кездеги “Ата-Журттагы” тарапташы Нурлан Шакиев. Ал эмне үчүн партиялаштары да Түлеевди аягына чейин колдобогонун мындайча түшүндүрдү:

- Башында Түлеев деле "эгер зыян келтиргенимди аныктап беришсе төлөп бергенге даярмын" деп айтып жүрбөдүбү. Эми башка соттордон айырмаланып, бул иш саясат жыттанат деп деле айтуу кыйын. Анткени иштин саясий жагы менен экономикалык жагы аралаш болуп атпайбы. Мен сотко басым кылууну жактабайм. Ал эми башка колдоочуларынын азайып кетиши соттун узакка создугушунан болду деп ойлойм.

Түлеевге чечим чыкканда анын жана жакындарынын да мүлктөрү камакка алынган болчу. Кийинчерээк камакка алынган мүлктөр маселесин оң жолго чечип бермекчи болуп, кызы Назгүл Түлеевадан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен парламент депутаты Хажимурат Коркмазов кармалып, ал ошо кездеги президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин буйругу менен буга барганын айткан.

Түлеева алар жалпы жонунан 200 миң доллар сурашканын, анын 50 миң долларын мурдараак сотко бир телефон чалуу үчүн эле алышканын айтып чыккан. Бул иш боюнча сот жүрүп, Нарымбаев үч, Коркмазов 1,5 жылга эркинен ажыратылышты. Үй-мүлктөрү мамлекетке алынган.

XS
SM
MD
LG