Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Түлеевдин артынан "сазга сорулгандар"


Нариман Түлеев
Нариман Түлеев

Апта соңундагы басылмаларда кандай темалар козголду?

“Кесепети менен күрөшпөй, алдын алсак болот беле?!” деген ат менен “Кыргыз туусу” гезити Мырзакат Тыналиевдин динге, узун сакалга, узун чапанга жамынып Жараткандын алдында жанкечтилик иштерди жасап келаткан кылмышкерлер жана ага жол берип келаткан мамлекеттин мажүрөөлүгү жана алсыздыгы жөнүндө баяндады.

“А” дейбиз, “бу” дейбиз, совет мезгилине жетпейбиз” деген, “Тарбияламак түгүл, табагын таппай калганда” деген, “Сакалды койду, чапанды кийди, аң-сезими ошол бойдон калды” деген жардамчы темалардан турган макаласында автор совет мезгилинде түрмөгө түшкөндөр бүгүнкүдөй кылмышынын түрүнө карабай бир түрмөдө отурбастан оор-жеңилине жараша ар кайсы түрмөлөрдө, өз-өзүнчө жайгаштырылып келгенин, Жаза аткаруу башкармалыгы реформа деген шылтоо менен Юстиция министрлигине баш ийдирилгенден баштап мурдагы жарым аскердик структурада тартип биротоло жок болгонун, айрыкча биздин өлкө динди эркин коё берип, каалаганыңды жасай бер дегенден кийин чет элдик миссионерлердин көктөн издегени айрыкча Кыргызстандан табылганын, акыркы маалыматтарга ылайык түрмөлөрдө сегиз мечит курулуп, бардык изоляторлордо намазкана ачылганын, булар жабык мекеме болгондуктан, эмне иш кылып атканы, кандай багыттагы исламды таратып жатканы эч кимге белгисиздигин, буга Дин башкармалыгы да, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да кызыкпастыгын, сыягы Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги түрмөлөрдө мечит ачып салса эле кылмышкерлер ошол замат ыйман жолуна түшүп, Кудайдан коркуп калышат деп ойлошот окшобойбу, деп белгиледи.

Автор андан ары азыр качып чыгып кармалбай жаткандардын баары, кармалгандары дагы адам өлтүрүү же адам өлтүрүүгө аракет кылган, террорчулук деген айыптар менен соттолгондор экендигин, мына ушулар түрмөдө олтуруп дагы канчалаган кылмышкерлерди өздөрүнүн катарына тартып алганын бир кудайдан башка эчким билбестигин, өкмөт башчысы Жаза кызматындагы башаламандыкты тартипке салат деп жетекчиликке койгон Алик Мамыркулов тамыры чирип бүткөн бул тармакты жөнгө салат деп ойлоду эле, ал барары менен айрым кызматкерлерди которуштуруулар менен гана чектелгенин, ал эми ушул макалага түшүндүрмө алуу үчүн телефон чалганда Алик Мамыркулов журналистке жооп берүүдөн баш тартканын жазып чыкты.

“Фабула” гезити “Баш ооруга айланган мандат маселеси чечилди” деген ат менен бүгүнкү санына парламентке келген алты партиядан кимдер депутаттык тизмеге кирип, кимдер кирбей калганы жөнүндө тизмени жарыя кылды. Гезит андан ары убагында Максим Бакиевдин ишенимдүү кадры катары эсептелген, “Кыргызтелеком” ишканасын жетектеп туруп чуу менен кеткен, азыр Мамлекеттик мүлк фондун мыкчып олтурган Алмаз Кадыркуловго өкмөт башчы сөгүш жарыялаганын, чындыгында совет мезгилинен мурастап алган бул жаза бүгүн бетке чымын конгончолук дагы таасирин бербей калганын, жазанын ушундай жарамсыз, шалтурук түрүн колдонгондун ордуна Темир Сариев иштей албагандарды дароо кызматтан алып салса туура болмогун белгиледи.

Гезит андан аркы макаласында коррупцияга каршы күрөш жүргөнү Кыргызстандагы коррупционерлердин жападан жалгыз өкүлү катары түрмөдө олтурган Түлеевдин сот процесси бүтпөй койгонун, Түлеев ошол өзү сорулуп кеткен иримге президенттик аппараттын мурдагы башчысы Нарымбаев менен мурдагы депутат Коркмазовду кошо “соруп” кеткенин, экөө тең бүгүн алкымынын аңгектигинен түрмөдө отурушканын, эми күбөлөрдүн көбү суралып бүтүп, Нарымбаев паракордугунун азабын тартчу учурга жакындап калганын билдирген маалымат таратты.

“Сүйүүнү акылым түгөнгүчө жазам”. Мына ушундай ат менен кыргыздын залкар сүрөткери, Кыргыз эл акыны Омор Султанов агабыздын 80 жылдык мааракеси жакында мамлекеттик деңгээлде Кыргыз филармониясында болуп өткөнүн белгилеген гезит, бүгүнкү санына анын “Азаттык” радиосуна берген маегин окурмандарга тартуулады.

“Айбат” гезити жаңы санын “Байлык топтобой, бата топтогон Дүйшөн Ирсалиев” деген макала менен ачып, шайлоодон Нарын облусу боюнча КСДПга эң көп добуш жыйнаган ушул жигит болгонун кабарлады. Кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин туулган жери Кочкордо ага бюст орнотулганын баяндаган “Ар кыл мезгилди, түркүн окуяны кучагына алган жазуучу” деген макала жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Ак үйдүн 7-кабатында, алты мамлекеттин Кыргызстанга жаңы дайындалган элчилеринин ишеним грамоталарын алганын кабарлады.

Аталган гезиттен “Ботаникалык бакта атышуу болгон эмес” деген, “Улут аралык кыртышыбыз бир” деген, “Канттагы учуучу танк” деген, “Беш фракция кетти, ордуна алтоо келет” деген, “Чымчыгы менен тыйын чычканы жок шаар шаар эмес” деген, “Акча алмаштырчу жайлар алдамчыбы?” деген макалаларды жана башкаларды окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG