Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:21

Сабырдын түбү сары алтын


Өткөн аптада дүйнөдө Эл аралык толеранттуулук күнү белгиленди. Окумуштуулар менен серепчилер дүйнөнүн көп жеринде, анын ичинде Кыргызстанда адамдар сабырдуулугун жоготуп, ачуулуу жана таш боор тартып баратканын белгилөөдө. "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын кафедра башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Токонай Ожукеева, "Адеп башат" окуу фондунун өкүлү Денис Пышкин, "Ата-Түрк Ала-Тоо" университетинин гуманитардык жана так илимдер факультетинин деканы Эргун Кожа жана Ош шаарынан Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, толеранттуулук үчүн күрөшүп келе жаткан Салима Шарипова катышты.





"Азаттык": Дүйнөдө бул жылы көп окуя болду. Маселен Араб дүйнөсүндө, бир катар Европа өлкөлөрүндө бир катар пикир келишпестиктер орун алып кетти.

Коомду иликтеген окумуштуулар, адамдар сабырсыз, таш боор болуп, кыянатчылык кылган адамдар көбөйүп кетти деп айтып жатышат. Токонай айым, сабырсыздыкты эмне менен түшүндүрүүгө болот?
Мен эч убакта улутчулдук проблемасына жолуккан эмесмин. Чоң фонддо иштейм, бул жерде ар кандай улуттар иштеп атат.

Токонай Ожукеева: 21-кылымда дүйнө жүзүндө көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатат. Дүйнө жүзүндө 5 миңге жакын этникалык улут бар, алар 200гө жакын мамлекетте жашайт. Бардык мамлекеттердин 80 пайызы көп улуттуу деп эсептелет. Бул мамлекеттердин көпчүлүгүндө улуттар аралык маселелер дайыма чыгып турат. Себеби бул табигый нерсе. Адамзатынын тарыхында ушундай окуялар болуп келген, мындан ары да боло берет.

"Азаттык": Салима айым, дүйнөдө сабырсыздык көбөйдү дегенге кошуласызбы?

Салима Шарипова: Мен кошулам да, кошулбайм да. Эгерде кыргыз улутун жалпылап карап көрсөк, бир дагы тарыхчы, саякатчы бизди абдан сабырсыз, кыянатчыл, таш боор деп сүрөттөгөн эмес.

Сабырдуулук бул ыймандын тайыздап баруусунан болот. Бизде бир жагы динсиздик, кудайды, ыйык ата-энени тааныбай баргандардан жаман үлгүлөрдү алып, жаман жүргөнгө аракет кылганыбыз жакшы эмес деп ойлойм.

"Азаттык": Эргун мырза, Түркияда абал кандай, ал жерде сабырсыздык деген жагдайлар барбы?
Эгерде кыргыз улутун жалпылап карап көрсөк, бир дагы тарыхчы, саякатчы бизди абдан сабырсыз, кыянатчыл, таш боор деп сүрөттөгөн эмес.

Эргун Кожа: Түркияда 1970-80-жылдары, мен ал кезде 10 жашта элем, эл сабырдуулукту унутуп, жаштарды тышкы күчтөр провокация кылып, бири-бирин өлтүргөнүн эстеп атам. Азыр Түркия тынч, экономикасы өсүп жатат деп бүт дүйнө билет. Бирок тарыхын карасак, бизде да аябай кыйынчылыктар бар болчу.

"Азаттык": Денис, былтыркы коогалаңдан кийин улутчулдук көз караштар күч алды деп айтылат. Албетте толеранттуулук чоң түшүнүк, бирок анын ичинде улуттар аралык мамиле да маанилүү. Сиз орус улутунун өкүлү катары улутчулдук көрүнүштөрдү байкай алдыңызбы?

Денис Пышкин: Мен эч убакта улутчулдук проблемасына жолуккан эмесмин. Чоң фонддо иштейм, бул жерде ар кандай улуттар иштеп атат, көпчүлүгү кыргыз мугалимдер. Алар тараптан маселе болгон эмес. Азыр жасалма проблема чыгарып жатышат. Андай маселе менимче жок.

XS
SM
MD
LG