Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

“Жаш элчилер” ынтымакка үндөйт


Ошто “Тынчтыктын жаш элчилеринин” жүрүшү башталды. 17 жаштан 19 жашка чейинки ар улуттун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып, элди ынтымакка, биримдикке чакырмакчы. Алар барган жерлеринде түрдүү этностордун үйлөрүндө жашамакчы.

Кыргызстандын бүт облустарынан чогулган “Тынчтыктын жаш элчилери” кайрадан өлкөнүн булуң-бурчун кыдырууну Оштон баштап отурушат. Алар барган жерлеринде жаштар менен жолугушууларды өткөрүп, толеранттуулук жана сабырдуулук тууралуу окууларды өтүшмөкчү.

Топтогулардын бири Нурмухаммед Аташбай уулу өз максаттары тууралуу буларды айтты:

- Түндүк-түштүк, кыргыз-өзбек деп айтпашыбыз керек. Себеби биз бир өлкөдө, бир асмандын алдында жашайбыз. Кыргызстан биримдикке, достукка буга чейин болуп көрбөгөндөй суусап турат. Ар бирибиз колдон келген аракетибизди ушул жакка жумшашыбыз керек. Ошол максатта да биз Кыргызстанды кыдырабыз. Элди, улуттарды ынтымакка чакырабыз.

Нурмухаммед Аташбай уулу
Нурмухаммеддин белгилешинче, байкалбаган менен улутчулдук, уруучулдук жана аймакчылдык сыяктуу адаттар Кыргызстандын өзүнө эле зыянын тийгизүүдө:

- “Ырыс алды ынтымак” деген жакшы сөз бар. Ушул бир сөз азыр эң керектүү болуп калды. Мисалы, “сен бул жердиксиң, сен тиги жердиксиң” деп айтып койдук, бирок биз андан эмне таптык? Ош окуясында деле уруштук, эмне таптык? Жакшынакай болгон шаарыбызды гана талкалап алдык. Демек урушуу менен эч ким жеңбейт, эч ким жеңилбейт, жөн гана баары зыян тартат.

Түрдүү улут өкүлдөрүнөн турган 36 улан-кыз барган жерлеринде ар кайсы этностордун үйлөрүндө туракташмакчы. “Бул да жакындан таанышып, достошууга түрткү берет” дешет “Тынчтыктын жаш элчилери”.

Орус улутундагы Сергей Никитенко буларды айтты:

- Мен Кыргызстанда жашап, кыргыз тилин жакшы билбейм. Өлкөнү кыдырып атканымдын башкы себеби да ушул. Эл менен аралашсам, тил байлыгым дагы да өсөбү дейм. Ошондой эле мекенибиздеги ар кандай улуттун өкүлдөрү менен таанышып, достошуп келишим керек. Биз мекенчил болушубуз зарыл.

Алина Абдрасул кызы
Жарым айлык саякаттан кийин “элчилер” Бишкекте Достук фестивалына катышып, 28-сентябрь – эл аралык Тынчтык күнүн президент менен чогуу майрамдашмакчы.

Топтун көпчүлүгү окуучулардан түзүлгөндүктөн 15 күндүк сабакты да калтырууга туура келет.

“Бирок баарына жетишебиз” дейт 11-класстын окуучусу Алина Абдрасул кызы. Ал өзү Баткен облусундагы Ильич Ленин атындагы мектептен келген экен:

- Бизге азыр окуудан да мамлекетибиздин тынчтыгы абдан зарыл болуп турат. Сабакты досторубуздан сурап билип окуп алабыз. Окуунун эрте-кечи жок дегендей, баарына жетишүүгө болот.

“Тынчтыктын жаш элчилери” долбоору ПРООНдун колдоосу менен “Кыргызстандагы Тынчтыкка данакер аялдар” тармагы тарабынан аткарылууда.

Жамила Капарова
Тармактын Оштогу координатору Жамила Капарова:

- Биздин долбоордун жемиши жакшы болот деп ишенебиз. Анткени балдар ар жерден ар нерсени үйрөнөт, ар ким менен достошот.

Анан билгендерин өз айылдарына келгенден кийин тренингдерде, сабактарда башка досторуна айтып беришет. Башкача айтканда муну менен жаштардын бири-бирин жакшылап түшүнүүсүнө шарт түзүлүп атат.


Былтыркы калабалуу окуялардан кийин элдердин достугун чыңдоо максатында аймакта буга чейин да бир катар долбоорлор иштеп баштаган. Бирок алардын көпчүлүгү формалдуу гана болуп, жагдайга түзүктөп таасир этпей жатканын серепчилер белгилеп келишет. Эми мынтип иш-чаралардын масштабдуу деңгээлде уюштурулушу өз жыйынтыгын берет деп ишенгендер да бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG