Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:03

Тендер: өң-таанышка тартуу өнөкөтү


Кыргызстанда тендер өткөрүүдө акча өөнөп алуу, тааныш-билишке тартуу аракеттери токтобой келет.
Кыргызстанда тендер өткөрүүдө акча өөнөп алуу, тааныш-билишке тартуу аракеттери токтобой келет.

Атайын кызмат Транспорт жана коммуникация министрлигинде мамлекеттик сатып алууларда коррупцияга жол берилгенин аныктады.

Ага ылайык, Ош-Бишкек унаа жолу боюнча Мамлекеттик дирекция өткөргөн 2,5 миллион сомдук тендерди ошол дирекциянын жетекчилеринин биринин аялы менен уулу жетектеген ишкана утуп алган.

Буга чейин вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жакындарына тиешелүү компаниялар миллиондогон сомдук тендерлерди утуп алып жатканы боюнча талаш чыгып, депутаттык комиссия түзүлгөн.

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызмат ушул тушта министрлик жана мамлекеттик мекемелердеги сатып алуу иштериндеги коррупциялык схемаларды аныктоону улантып жатат.

Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, мунун негизинде Транспорт жана коммуникация министрлигинде 2012-жылы тендерди уюштуруп, өткөрүүдө жемкордукка жол берилгени ачыкка чыкты:

Бишкек-Ош жолу
Бишкек-Ош жолу
- Министрликке караштуу Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциясынын жолду эсплуатациялоо боюнча бир ишканасы тендер өткөргөн. Анын жыйынтыгында тендерди утуп алган компания менен ишкана жетекчилигинин кандайдыр бир байланышы бар экени аныкталган. Тактап айтканда, аталган дирекциянын жетекчисинин аялы менен уулу ошол тендерди уткан компаниянын башчысы жана негиздөөчүсү болгон.

Бул факт боюнча Транспорт министрлиги өзү да териштире баштады. Аталган министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов мамлекеттик сатып алууларда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу аракеттери көрүлүп жатканына ынандырууда:

- Тендерлер боюнча жарандык коом менен да кызматташып жатабыз. Мисалы министрликтин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан жол чарба техникалары инвестициясы боюнча тендердик комиссиянын курамына кирди. Андан сырткары Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү министрликтин коллегиясынын жыйындарына катышып, кандайдыр бир терс көрүнүштөргө жол берилген болсо, аларды ачык айтып, көрсөтүп турушат.

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык схемалардан улам өлкө казынасы миллиондогон сом чыгым тартат. Андан сырткары мамлекеттик жооптуу кызматта иштегендердин жакындары жана туугандары миллиондогон сомдук тендерлерди утуп алышы боюнча да талкуу көп. Мисалы жакында эле вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жакындарына таандык компаниялардын Кумтөргө күйүүчү май жеткирген жана Бишкектеги жолдорду оңдоого байланышкан тендерлердин баарын утуп алып жатканын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн эле.

Тааныш-билиштикке каршы мыйзам

Жогорку Кеңеш мындай көрүнүштөргө бөгөт коюу үчүн мыйзам кабыл алганы жатат. Парламенттеги Коррупцияга каршы күрөш комитетинин мүчөсү, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков мамлекеттик сатып алууларда чоң суммадагы акчаларды өөнөп алуу өнөкөткө айланып кеткенин айтууда:

- Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын жана муниципалдык кызматкерлердин туугандарынын компаниялары мамлекеттик сатып алууларга, куруу жумуштарына, ар кандай аукциондорго жана сынактарга катышпасын деген мыйзам кабыл алынганы жатат. Эгер ал мыйзам кабыл алынса, мындай иштерге бөгөт коюлат. Тааныш-билиштик да коррупциянын элементи. Мисалы “ушундай сумма сунуштасаңар силер утасыңар”, дегендей маалыматты же болбосо эсептөөлөрдү берип, тендерди утууга ыңгайлуу шарт түзүшү мүмкүн. Ушундайлардын айынан тендер өткөрүүдө коррупция болууда.

Негизи тендерди уюштуруп өткөрүү иштерин Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуу башкармалыгы жүргүзөт. Аталган башкармалыктын өкүлү Мелис Акжигит уулу бул тармакта туруктуу коррупциялык схемалар түзүлүп калганын жокко чыгарган жок. Ошондой эле коррупцияны азайтуу жол-жоболору тууралуу айтып берди:

- Биз азыр электрондук сатып алууларга өтүп жатабыз. Тендерди уюштуруп өткөрүүнү ачык кыла турган жагдайлар көп. Мисалы, бүгүнкү күнгө чейин тендердин документтерин алуу кыйын болуп, бизге түшкөн арыздардын теңи ушуга байланыштуу болчу. Каралып жаткан жаңы мыйзамда мамлекеттик сатып алуу боюнча документтерди толугу менен интернетке жайгаштыргыла, буга акча алынбасын деген жобо кирген. Бирок бул мыйзам кабыл алынганга чейин эле ар бир мамлекеттик сатып алуучу уюм канча акчага эмне сатып алганы жатканы тууралуу жарыясын, керектүү документтерди сайтка жайгаштырып жатат. Мисалы, өкмөт башчынын орун басары, же парламенттин төрагасы, балким прокуратуранын жооптуу кызматкеринин фирмасы тендерге катышып жатса, алар чалып ушул фирма сөзсүз өтсүн деп айтып коюушу да мүмкүн. Биз муну да мыйзам менен тыялы деп жатабыз.

Кыргызстандын жаңы бийлиги коррупцияга каршы күрөш жарыялаган. Буга байланыштуу ири суммадагы акча жүгүргөн мекемелерди текшерүү күчөдү. Мындан улам ар кандай иликтөө-текшерүүлөрдөн жүдөгөн айрым министрликтерде, мамлекеттик мекемелерде ушул тушта тендер өткөрүү иштери убактылуу токтоп калганы да айтылууда.
XS
SM
MD
LG