Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Эч ким уурдабаса, анда ким ууру?


Кыргыз гезиттери коррупция, өкмөт, парламент, элдин турмушу тууралуу жазышты.

Бүгүн жарыкка чыккан “Алиби” гезити санын журналист Тынчтык Алтымышевдин “Облом” же өлкө башчысынын трагедиясы эмнеде?” деген макаласы менен ачып: “Бабанов саясатта алчы-таасын жеген амалкөй, өз кызыкчылыгын өйдө койгон өзүмчүл, акчанын жана ашкере амбициялуу командасынын күчү менен мамлекетти Атамбаев эмес өзү каалагандай башкара алган кудуретке жеткен болчу. Анын “Республика” партиясында республика боюнча тандап алган адамдары жалаң капчыктуулар, паракор же паракор эместигине, акаевчил же бакиевчил экенине карабай топтолгон. Демек бүгүн өз тонунан чыккан КСДП тоготпой жаткан президентти ушул Бабанов менен “Республика” партиясы тоготмок беле?

Анын далили катары кечээ депутат Исках Пирматовдун кол тийбестигинен ажыратып бербей коюшун айтсак болот,-” деп жазган журналист азыркы парламенттин көпчүлүк депутаттары жер тытып, мал баккан, суукка тоңуп чоңойгон карапайым калктын өкүлдөрү эмес, 20 жылдан бери бийлик менен байлыкты гана басып жегенден башканы ойлобогон, коррупцияны гүлдөткөн чөйрөнүн өкүлдөрүндөй сезилерин, өкмөттүн 100 күнүн сынга алгандан мурда парламент 2 жылдан бери өзү эмнени кыйратканын эсепке алганы оң болор эле деген ойду айтуу менен 120 депутат элди чарчатып да, тажатып да бүткөнүн кеп кылды.

Ушул эле санга “Үсөн Сыдыков менен саламдашкан жан эмесмин” деген ат менен депутат Нариман Түлеевдин маеги тартууланды. Түлеев: “Кудай урбадыбы, мен эми ошол кишинин акылына муктаж болуп калыпмынбы?” деп жооп берүү менен парламент жөнүндө да оюн айтып: “Бирдеме болсо эле парламентти баса каласыңар. Парламентте эмне күнөө? Биз өз ишибизди кылып атабыз. Өкмөт “ушуну колдосоңор кыйратат элек” деп келишет, колдоп берип жатабыз. Кептин баары өкмөттүн кашаңдыгында болуп жатпайбы. Эгер чындап эле өкмөт элдин купулуна толгон иштерди жасап турса биз кантип бут тосмок элек” деп айтты.

“Фабула” гезити экс-президент Роза Отунбаева Кыргызстан үчүн өтө маанилүү иштерди жасап, дагы эле жаны тынбай жүргөнүн, ал мурдагы президенттер чогулган “Мадрид клубунун” мүчөсү катары дүйнөнү кыдырып, эс алып жүрө берсе деле жарашмагын, бирок Кыргызстан ушундай абалда турганда чет өлкөлөп кетүүнү туура көрбөгөн Роза айым жакында эле “Азияны ачалы” деген долбоордун негизинде ири ишкерлер менен жолугушуу өткөргөнүн, өзү түзгөн фонд аркылуу Кыргызстанды көтөрүүгө, чет элдик мыкты деген инвесторлорду тартууга болгон күчүн жумшап жатканын жазды.

Журналист Алмаз Темирбек уулу “Карга карганын көзүн чокубайт” деген рубриканын алдында жарык көргөн макаласында депутат Исках Пирматовдун “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы ишмердүүлүгүн, коррупциялык аракеттерге жол бергенин, мамлекетке 258 миллион сомдук чыгым алып келгендигин, бирок Пирматов Башкы прокуратуранын бул көрсөтмөлөрүн кызылдай танып, жокко чыгарып салганын кеп кылды.

Макаласынын аягында автор: “Эң эле кызыгы, президенттин саясатын колдоого милдеттүү болгон КСДП фракциясы Башкы прокуратуранын Пирматовдун кол тийбестигинен ажыратып берүү боюнча сунушун четке какканын Атамбаевге каршы иш жүргүзгөнү катары карасак жарашат. Сыягы, парламент чындап эле президенттин саясатына каршы турууга белсенген окшойт. Эми Атамбаевдин буга карата кадамы кандай болор экен? Өлкө башчысы өзү убада берген коррупция менен күрөштү аягына чыгара алабы же Акаев менен Бакиевдин учурундагыдай баары кайрадан кагаз жүзүндө кала береби, табышмак болуп турат” деп жазды.

Жазуучу Кален Сыдыкова “Салт элдүүлүктүн белгиси” деген макаласында “Мусулманчылыктын баалуулугун сактоо деген арамза шылтоо менен азыр 70 сектага бөлүнгөн исламдын сандырак талабын коррупциялангандар чыккынчылык менен колдоп келатат, алардын кыргыз салтын жоюп салчу мындай аракеттери улантыла берсе, анда бул Жогорку Кеңешти тымтыракайын чыгара кууп таратып, аларга кылмыш ишин козгоо зарыл. Элдин салтын, каадасын, үрп-адаттарын жоюу деген Ата Мекенди басып алгандан да жаман кылмыш. Акча менен мыйзамсыз бийликке келген Жогорку Кеңеш кыргыздын ата салтын сактап бермек беле?” деп жаны кашайды.

“Фабуланын” бул санында “Курманбек Байтерековдун өзүм билемдигине качан чекит коюлат?” деген темада, учурунда андан запкы көргөндөрдүн ойлору жарыяланды. Арасында Жаркынай Адиеванын “Байтереков боюман түшүргөндөн кийин төрөбөй калдым” деген каты да бар.

“Жаңы агым” гезити “Бүтүндөй Бишкекти ууландырган 45 гектар таштанды” деген баштема менен таштанды маселесин козгогон ой-пикирлерге кенен орун берди.

Маселен Калыс-Ордо конушунун маала башчысы Гудус Абсаматов Бишкек шаардык кеңешинин Павел Десятников деген депутаты проблеманы чечмек тургай бут тосуп келатканына нааразы болсо, ушул эле конуштун тургуну Эрлан сыртка жайылган кийимдер кадимкидей таштанды сасып каларын, кош бойлуу аялдарга зыян экенин айтты.

Алтын казык конушунун тургуну Асылбек Таштанбеков “Иса Өмүркулов бийликке келсем таштандыны жабам” деп айтканын, бирок ал маселе ошол айтылган бойдон келатканын кеп кылды.

Ак Бата жаңы конушунун тургуну Рая аттуу келин, кыз-келиндер ооруй баштаганын айтса,

Теңдик конушунун тургуну Кыдырма Абакиров таштанды төккөн аймакта жалпысынан 54 миңге жакын адам жашаарын, 2008-жылы эле теледен келип майып төрөлгөн баланы тартып кетишкенин, бирок аны көрсөтпөй коюшканын, ошондуктан эртерээк таштандыны токтотпосо Бишкекте мутант балдар төрөлө баштаарын, азыркы күндө таштандынын айланасында жайгашкан 11 жаңы конуштагы балдардын көбү ара төрөлүп жатканын, таштандыны иштеткенге грант келип, тендер өткөрүлгөнүн, бирок ал ачык болбой жабык болгонун, демек ал дагы эле коррупциянын колуна түшкөнүн, жаз келген сайын чоңдордун берген убадалары жаз менен кошо ойгонуп, жашагандардын кыжыры кайнай баштаганын, чиновниктер болсо таштандыдан да оюн, саясат, коррупция жасап жатканын кеп кылды.

Калыс-Ордо конушунун тургуну Абды Сариев болсо, өткөн жылы президенттик шайлоодо 11 айылдын эли чогулуп “Кыргызстандын эли да Түркия, АКШ өлкөлөрүндөгүдөй бай-кедей, кызматтуу-кызматсыз болуп жасалма түрдө социалдык жактан экиге бөлүнүп калды. Кыргызда илгертен бай-кедей болсо дагы теңчилик өкүм сүргөн. Биз дагы “Париж синдромун” кайталоого мажбур болобуз. Президенттик шайлоо убагында участкалык добуш берген жайларды жабабыз, жол тособуз. Шаарга, Көк-Жарга, Царский шаарчага чейин барып коммунисттердин тартиби менен бай-кедей дегенди тегиздейбиз” деп катуу чуу салышкан. Биз араң токтотуп калганбыз. Эгер таштандыны жаап башка жакка тез арада көчүрбөсө мунун акыры жамандык менен бүтөт. Эми элди токтотуш кыйын” деп айтты.

“Жаңы агымдын” ушул эле санында Жети-Өгүздүн Барскоон жана Тамга айыл өкмөтүнүн тургундарын азапка салган суу маселесин козгогон макала жарык көрдү. Жер менен жанын багып келаткан мына ушул эки айылда канча жылдан бери айдоо жерлерин суу менен камсыз кылуу көйгөйү чечилбей келатканын, убада кылынган каналдын казылып бүтпөй жатканы тууралуу кеп болду.

Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Бекболот Акулуев быйыл жут болуп, эл үрөнгө сактаган, калган-каткан арпаларынын баарын малга беришкенин, быйыл күйүүчү майга болгон баа Балыкчы шаарында 33-35сомго, ал эми арпа-буудайга болгон баа 15-17 сом болгонун, мамлекеттен 3 тонна 400 литр май келип, 7 миң адамы бар элге бөлгөндө жарым литрден туура келгенин, ушундан көрө өкмөт май бербей эле койсо болмок эле деп жатканын айтты.
XS
SM
MD
LG