Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

Дыйканды бушайман кылган буурчак баасы


Төө буурчак. Талас.
Төө буурчак. Талас.

Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында 17-октябрда төө буурчактын арзандап кеткенине нааразы болгон 500дөй кишинин катышуусунда митинг өттү. Учурда Таласта төө буурчак 25-35 сомдон сатылууда.

Кара-Буурада буга чейин 15-октябрда да митинг өтүп, чогулган эл бийликке төө буурчак баасын жогорулатуу талабын койгон. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Жуманазаров “Дүйнөлүк баа 1 доллар болуп жатса, биздин төө буурчакты ким 100 сомго алат? Бирок дыйкандардын баа арзан дегенин танбайбыз. Жок дегенде 35-40 сомго сатылса болмок” деп “Азаттыкка” айткан эле.

- Бул жерде аким же губернатор кетсин деген саясий оюн жок. Сокурдун тилегени эки көз дейт. Биз төө буурчак баасынын арзандап кеткенине кабатыр болуп чыктык. Кечээ бир аз баа жогоруласа, сатып алгандар доллар кымбаттаганына шылташты. Андай болсо биздин буурчагыбыз 400 сомдон сатылышы керек экен. Сатып алгандар майда, кир экен деп тандап элдин шорун кайнатууда. Өткөн жылдары президент өзү кийлигишкенде буурчак баасы 120 сомго чыккан эле, - деди Бакыян айыл өкмөтүнүн депутаты Эмил Атабаев.

Талас
Талас

Өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Жуманазаров чогулган элге төө буурчак баасын көтөрүү үчүн жүрүп жаткан аракеттер тууралуу мындай маалымат берди:

- Кара-Буура районунун аймагындагы ишкерлер төө буурчак баасын атайылап көтөрбөй жатат деген маселе коюлду. Кечээ атайын иликтөө комиссиясы түзүлдү. Ага финполиция, укук коргоо жана жалпы фискалдык органдын өкүлдөрү кирди. Силер айткандай, майда-баратына чейин тез арада текшерип беребиз, - деди Байыш Жуманазаров.

Жуманазаров төө буурчакты тышка экспорттоодон тышкары, мамлекетке караштуу муниципалдык мекемелерге сатуу жолун да караштырып жатканын билдирди.

Бирок чогулган элди өкмөт өкүлүнүн бул жообу анча ынандырган жок. Алар төө буурчак баасын ылдыйлатуу артында ортомчулар жана аларды калкалаган бийликтегилер турат деген пикирде. Дыйкандар буурчактын бажыдан өткөн баасы бүдөмүк деп шек санашууда. Бул маселени түзүлгөн комиссия чече албайт, андан көрө кылмыш иши козголсо айылдан чыккан баа менен бажыдан чыккан бааны салыштырып көрмөкпүз, - деди Кара-Буура районунун тургуну Жыпарбек ажы Тойчубеков:

- Мен өзүм экс-губернатор Курманалиева түзгөн комиссиянын мүчөсүмүн. Комиссия канчалык иликтегени менен төө буурчак сактаган кампаларга кире албасын жакшы билем. Ал бажыдан да маалымат ала албайт. Эгер прокуратура кылмыш ишин козгосо, иликтегенге оңой болмок. Биз районго катталган төө буурчак алуучу 10 фирманын үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылабыз.

Кара-Буурадагы митинг. 15-октябрь, 2015-жыл

Бүгүнкү митингде дыйкандар өкмөт өкүлүнүн жообуна канааттанбаганын ачык айтышты. Буга байланыштуу ар бир айыл өкмөттөн бирден аксакал жана бирден активист чогулуп, дүйшөмбү күнү өкмөт башчы Темир Сариевге кабыл алууну талап кылып борборго бармай болушту.

Тизмеге 23 айыл өкмөттөн 35 адам жазылды. Бишкекке барган жол киресин, тамак-ашын, жатаканасын камсыздоону Кара-Буура районунун акимчилигине жүктөштү. Аким борборго алар менен чогуу бармай болгонун Кара-Буура районунун тургуну, жарандык активист Иманбек Байсеитов “Азаттыкка” билдирди.

Учурда облуста төө буурчак баасы 25 сомдон 35 сомго чейин алынууда. Облус боюнча баа бир кылка эмес.

XS
SM
MD
LG