Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Кыргызстан Түркияга төө буурчак сатууну көбөйтөт


Айыл, суу чарба министрлиги маалымдагандай, Кыргызстанда жыл сайын өстүрүлгөн 80 миң тонна төө буурчактын 60 миң тоннасы экспортко кетет. Бирок түркиялык ишкерлер Кыргызстанда өстүрүлгөн төө буурчакка суроо-талап жогорулап жатканын, Түркия жыл сайын 200 миң тонна төө буурчак сатып алууга даяр экенин билдиришкен.

Төө буурчактын баасы анын сортуна жараша аныкталат. Учурда түрктөр жакшы көрүп жеген таттуу төө буурчактын Түркиядагы баасы 5 доллар.

Министрликтин маалыматы боюнча, түрк ишкерлери төө буурчак өстүрүүнү кеңейтүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр.(ZKo)

XS
SM
MD
LG