Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:23

Футбол: 38 жалданма оюнчу бар


18-ноябрда Башкырстанда бел кур күрөшүнөн дүйнө кубогу башталды. 18-ноябрда кыргыздар куралсыз кармаштан Азия чемпионатынан 9 медал утту.

18-ноябрда Казакстандын Актөбө шаарында эрежесиз кармаш боюнча Азия чемпионатынан кыргызстандык 12 спортчу олжолуу кайтып келишти. Бул Азия биринчилиги Казакстандын эгемендигинин 20 жылдыгына арналып, 110 команда катышты.

Жыйынтыгында кыргыз жигиттери эки күмүш жана жети коло байге утуп келди.

"Командалык эсепте Казакстан менен Орусиядан кийинки үчүнчү орунду ээледик", - дейт башкы машыктыруучу Бек Тотошев.

Байге алгандардын катарында жакында эле АКШда өткөн дүйнө чемпионатынан күмүш медал уткан Азамат Мадалиев менен Жайыл Жакшылык уулу баштаган жигиттер бар.

Тажикстанда таэквондодон таанылгандар

Таэквондонун ИТФ түрүнөн Тажикстандын ачык чемпионатында кыргызстандыктар 9 медал утуп келишти. Алардын үчөө алтын, үчөө күмүш жана үчөө коло байге.

Дүйшөмбү шаарында өткөн мелдеште бишкектик Ига Цой эки алтын байге утса, Акежан Бабышев бир алтын жана күмүш медалы менен айырмаланды. Земфира Амантурова эки күмүш байгелүү болду. Үчүнчү орундарды Илдар Дасиф, Рысбек Токоев менен Мээрим Бакаева жеңип алышты.

Кыргызстандык таэквондочулар 18-ноябрда Казакстандын Семипалатинск шаарына барышты. 19-ноябрда “Семей Кубогуна” арналган эл аралык турнир башталат. Мында өлкө намысын 30 спортчу коргойт.

Акыл таймашында кыргыздар алдыда

Учурда Казакстандын Чымкент шаарында тогуз коргоол боюнча “Чеберлер турнири” аталган эл аралык мелдеш өтүүдө. Тогуз коргоол федерациясынын вице-президенти Камчыбек Касымов:

- Мында Кыргызстан, Монголия жана Казакстандын тандалган оюнчулары мөрөй талашууда. Өлкө намысын 8 оюнчу коргоп жатат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча кыргыз жигит-кыздары алдыңкы орунда баратат.

Футзал: Бишкектин чемпионаты старт алды

19-ноябрда футзал же кичи футбол боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты башталат. Өлкөнүн кичи футбол ассоциациясынын башкы адиси Ырыскелди Мусаевдин айтымында, чемпионат жогорку жана биринчи лигадан туруп, эки айлампада өткөрүлөт.

Жогорку лигада 12 команда, биринчи лигада 16 команда мөрөй талашып, жеңүүчүлөрү келээрки жылдын март-апрель айларында аныкталат. Оюндар ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү өтүп, мыктылары иргеле бермекчи.

Жогорку лига: 6 командада 38 легионер

Футбол федерациясы Жогорку лигада өлкө чемпионатында ойногон командалардын катарындагы жалданма футболчулардын тизмесин жарыялады. Бардыгы 38 чет элдик оюнчу ойноп жүргөнүн “Азаттыкка” федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.

Мисалы, өлкөнүн 7 жолку чемпиону “Дордой” клубунда чет элдик 8 оюнчу ойнойт. Алар: үчөө бразилиялык, төртөө орусиялык жана бирөө ганалык оюнчулар. Бул команданын башкы устаты да орусиялык Дворянков болуп саналат.

Былтыркы чемпион Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасында 4 легионер болсо, анын экөө украиналык, экөө өзбекстандык оюнчулар. Канттын “Абдыш-Ата” командасында 5 жалданма оюнчу болсо, алардын бирөө ирандык, калганы Казакстан менен Өзбекстандан келгендер. Бишкектин “Алга” клубунда да жети легионер бар. Алар Орусия, Түркмөнстандан бирден болсо, калганы Өзбекстандан келген оюнчулар.

Кыргызстанда эң көп жалданма оюнчуну командасына кошкон - Оштун “Алай” клубу. Алардын катарында 11 оюнчу легионер болсо, үчөө Нигериядан келген. Калганы Өзбекстандан келип, “Алайдын” атын чыгаргандар. Быйыл жаңы уюшулган “Ысык-Көл” командасы да катарына нигериялык үч футболчуну кошуп алууга үлгүрдү. Эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов:

- Мындай көрүнүш өлкөдөгү футболду өнүктүрүүгө өбөлгө түзбөстөн, жергиликтүү жаштардын демин суутуп, каражаттын көбү чет мамлекеттерге кетүүдө. Чет жерден мыкты оюнчулар келбей, эч бир команда кабыл албай койгон начарлары келип жатат. Алар биздин Жогорку лигадагы командаларды алдыга сүрөп деле “жарк" этип чыга калбады. Алар чеберчилигин өстүрүп, башка мамлекеттерге кетип калышууда. Мындан көрө жергиликтүү жигиттерден тандап, таптоо майнаптуу болмок.
XS
SM
MD
LG