Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Саясий шоубу же реформабы?


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун 16-февралда Бишкектеги Калкты тейлөө борборуна күтүүсүз барышы социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборуна алдын-ала пландаштырбай барганы алгач "Твиттер" социалдык желесиндеги өзүнүн барагында жарыяланды.

Бабановдун аталган жайга кичи автобус менен барышы, ал тургай жол тыгынга туш болушу "Твиттер", "Фейсбук" социалдык тармактарда кызуу талкууланды.

Мисалы, "Фейсбуктун" Кубан Жумалиев деген колдонуучусу “мындай күтүүсүз бир жолку текшерүүдөн эмне чыгат, бул жөн гана популизм, башка нерсе жок”, - деп жазган.

Константин Конкин деген колдонуучу Бабановдун келээрин Калкты тейлөө борборунда иштегендер мурда эле билгенин, өзү да ошол жерде жашарын жана Жол коопсуздугу кызматы эртең мененки саат тогуздан тартып эле ошол жакта болгонун жазса, Эгем Абдазов Орусия премьер-министри Путинди туурап”, - деп белгилеген.

Серепчилер болсо Бабановдун барганы эмес, маселенин чечилиши маанилүү экенин белгилешүүдө. Ал эми кандай маселелер көтөрүлүп, эмне чечилгенин өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаров “Азаттыкка” айтып берди:

- "Каякка барабыз" десем "бир жакка барабыз" деп, кичи автобуска журналисттер менен бирге түшүп алды. Өзүм да Калкты тейлөө борборуна барган эмесмин. Ошондуктан жеткенче каякка бара жатканыбызды эч ким билген жок. Барганда Калкты тейлөө борбору паспортко муктаж болгон адамдардын муктаждыгын камсыз кыла албай турганына өкмөт башчынын көзү жетип, эки принципиалдуу маселе чечилди.

Өткөн жылдын 11-октябрында Өмүрбек Бабанов премьер-министрдин милдетин аткарып турган чакта Бишкектеги “Народный” дүкөнүнө күтүүсүз баш баккан болчу. Анда ири дүкөндөрдө кошумча баа 10 пайыздан ашпаш керек жана атамекендик товарлар көзгө даана көрүнгөн текчелерде турушу керек деген өкмөттүн токтому аткарылбай жатканы айтылган. Ошондон кийин борбордогу “Народный”, “7 дней”, “Бета сторес” жана башка дүкөндөрдү текшерип чыгууга тапшырма берген эле. Эксперттер бул тапшырма аягына чыкпай калганын айтып, Калкты тейлөө борборуна жасаган сапар да популизм болуп калбаса экен дешет.

Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев:

- Өкмөт башчы, же элге белгилүү кишинин кадамдарында сөзсүз популизм болот. "Рейтингим көбөйсүн" дейт. Бардыгы эле лидерлер ушундай кылат. Мисалы, Барак Обама деле. Кандайдыр бир университетке, мектепке кирип калганын көрөм. Бирок барып, ал жердеги маселени убактылуу чечкенин билбейм. Андайды алар “бул алдап атат” деп билишет. Премьер-министр деген иш бөлмөсүндө отуруп уюштуруш керек, анча-мынча жерге барбай эле коюш керек. Бизде жайлоодогудай болуп калган. Капиталисттей эмгек бөлүнгөн эмес, бардык эле ишти бир киши жасай берет, бир киши кирише берет. Эмгек бөлүнүп, ар ким өз милдеттерин аткарыш керек.

Кеңешбек Сайназаров
Кеңешбек Сайназаров
Ал эми "Фейсбуктагы" Мира Алымкулова деген колдонуучу премьер-министрдин аталган борбордо болушун жана паспорт алуу кандай жүрүп жатканын, кезек күткөн элди өз көзү менен көрүп келгендин өзүн жакшы жышаана катары баалаган. Серепчи Кеңешбек Сайназаров:

- Популисттик деп айта албайм. Мындай учурда эл арасындагы жаман-жакшы сөздөрдү угат. Бул ыкма мурда деле пайдаланып келген. Мисалы, падышалар жаман чапан кийип эл аралап, көп нерсе угуп анан вазирлери менен кеңешип, элге жаккан саясатты жүргүзгөн.

Ал эми эл аралык байланыштар боюнча адис Чынара Эсенгул азыркы реформанын алкагында Бабановдун ушундай кадамдарга барганын оң баалоодо. Бирок бул системага салынышы керек:

- Мындай кадамдардын табияты жакшы эле. Кээде-кээде чыгып, барып туруу идеясы өзү жакшы. Мисалы, дүйнө жүзүндө шаар мэрлери дайыма күтүүсүз сапарларды жасап турушат. Бирок мунун системалуу жагдайы керек. Бир барып эле "эми жасайт, жакшы болот" деп, кийин карабай койгон болбойт. Бир маселени айыл өкмөтү чече албай Бабанов чечкен бир учур болгон. Бир жагынан өкмөт башчы айыл өкмөтүнүн деңгээлине түшүп алып, маселени чечип жүргөнү абдан терс көрүнүш. Бул мамлекеттик органдар иштебей жатканын көрсөтөт.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнөн кабарлашкандай, премьер-министр Өмүрбек Бабанов мындан кийин да калкка кызмат көрсөткөн бардык мамлекеттик органдарга күтүүсүз сапар жасап, алардын ишин текшере турганын белдирди.

XS
SM
MD
LG