Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Үмөталиев: Жаштар чоң күчкө айланууда


Ишкер, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев жаштар жана саясат тууралуу “Азаттык" менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Сиз жаштар менен байма-бай пикир алмашып, алтүгүл айрымдарын таптап да жүрөсүз. Жаштардын дареметине кандай баа бересиз? Саясатка келгенге, улуу муунду алмаштырууга даярбы?

Эмил Үмөталиев: Бүгүнкү күндө биздин жаштарыбыздын арасында мурдакы муундарга караганда кыйла эле жакшы жактары менен айырмаланган өкүлдөр көп. Анткени алар совет доорундагы идеология, тарбия жана билимге алданып калбай, же болбосо мурдакы доордун мурасынан алыстап келатканы анык. Алар бүгүнкү күндө көбүрөөк жер-сууну кыдырып, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын көрүп, көп жерлерде окуп, жаңы дос-тааныш күтүп көздөрү ачылып жатат.

Дүйнө жүзүндө кандай процесстер болуп жатканын толугураак билип, көрүп, таанып, жакшыларын өздөрүнө тартып алганга аракет кылып жатышат. Биздеги жаштарга толук болбосо да айрым мүмкүнчүлүктөр ачылып, коомдук-саясий турмушка аралашып калгандыктан булардын күчү да көбөйүп, чыңалып келатат.

“Азаттык”: Жаштар ошол күчтү пайдаланып жатабы? Саясатта муун алмашуу кандай жүрүшү керек?

Эмил Үмөталиев: Бизде былтыркы жылдан баштап, былтыркы дебейли, 2005-жылдан баштап Кыргызстанда конституциялык реформа жөнүндө кеңири талкуу башталган болчу. Ошол кезде бийлик башка күчтөргө алдырып жибергени менен негизинен коомчулук, эл, саясий муун баары тең саясатта муун алмашышы керектигин жана кандайча алмашышы керектигин конституциялык реформа аркылуу түшүнүп калган болчу.

Ошол жылдары элдин баары Конституция кандай болуп, эмнеге башкача болуп өзгөрүшү керектигин, кайсы күчкө таянышыбыз керектигин, саясий плюрализм, партиялардын атаандаштыгы, бийликти бир колго топтобой баарына тең салмактык керектигин билип, 70-100 жылда түшүнбөгөн нерселерди түшүнүп, калаап-тилешти. Ага активдүү катышты, былтыр мындай өзгөртүүгө ээ болду. Жаңы Конституция кабыл алганыбыз жана күзүндө ошол Конституциянын негизинде парламенттик шайлоону өткөргөнүбүз бул ошол доордун алмашканынын, жаңы муундун келгенинин белгиси.

“Азаттык”: Өзүңүз билгендей Кыргызстанда мыйзамда атайын көрсөтүлүп, парламентте жаштарга атайын орун бөлүнгөн. Бул чара өзүн актап жатабы?

Эмил Үмөталиев: Негизинен квотанын берилиши жаман эмес. Бирок биз жаштар, аялдар деген талапты биринчи ирээтте эмес, экинчи ирээтте көтөрүп чыксак болот эле. Анткени биз биринчи ирээтте демократиялык эрежелерди коргошубуз керек. Эгер биз демократиялык эрежелерди сактап, адам укугунун баалуулуктарын коргосок, анда алар аркылуу аялдардын да, жаштардын да, баардыгынын тең укутары корголуп келе берет. Андан кийин экинчи, үчүнчү кылып квоталарды киргизсек болот. Адам укуктарын, демократиялык укуктарды жана мыйзамдуулукту коргобосок анда квота эч нерсе бербейт. Андай квата тоталитардык системада деле бар. Керек болсо тоталитардык, бийликти энчисине басып алган өлкөлөрдө мына жаштар деп өздөрүнүн уул-кыздарын бийликке отургузуп, өз туугандарына бийликти карматып коюп жатпайбы.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG