Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Парламент: куралдуу топ кайдан чыкты?


Куралдуу топко каршы атайын операция, 5-январь, 2011-жыл
Куралдуу топко каршы атайын операция, 5-январь, 2011-жыл

Кыргызстанда биринчи жолу жергиликтүү шартта уюмдашкан, өңчөй кыргыз улуттундагы курамдан турган террорчул уюмдарга окшош аракеттенген жана жабдылган куралдуу топтун бети ачылды. Бул тууралуу парламент отурумунда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери атайын маалымат беришти.

Алгач 4-январда Бишкекте үч милиция кызматкерине кол салып, эртеси
Чүйдүн Беш-Күңгөй айылында жок кылынган куралдуу топ өздөрүн “Жайшиш Махти” коому деп атаган.

Бул уюм боюнча ыкчам маалыматтар биринчи жолу өткөн жылы 26-декабрда ичине жардыруучу зат жүктөлгөн унааны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына коюп кеткен адамдарды издөө учурунда гана белгилүү болгон. Буга чейин аталган кылмыштуу топтун он мүчөсү кармалып, экөө жок кылынып, калган үчөө издөөдө экендиги айтылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Марат Иманкуловдун айтымында, ал куралдуу топтун кол салуу аракеттеринде террорчул белгилер бар экендиги аныкталган:

- Тергеп-иликтөө иштеринин жүрүшүндө алар жашаган үйлөрдү тинтүү учурунда компьютерлер, уюлдук телефондор тартылып алынган. Анда эл аралык террорчуларды туурап, маскачан, камфуляжчан, колдоруна автомат көтөрүп сүрөттөргө, видеого түшүшкөн. Анан алар өздөрүн “Жайшиш Махти” деген коомбуз деп атап алып уюшкан экен. Биз аларды кимдер уюштургандыгын аныктайбыз. Булар өздөрүнүн эмнеге жөндөмдүү экендигин эл аралык террорчуларга көрсөтүшүп, ошолорго кошулсак дегендей ойлору болгон окшойт. Эң эле башкысы бул уюмдун мүчөлөрү Кыргызстандын ар кайсы аймагынан чогулушкан кыргыздын эле жигиттери болуп чыгышты.

Салгылашкандар “Салафи” жолунда беле?

Мындан сырткары парламент депутаттары аталган куралдуу топтун мүчөлөрүнүн “Салафи” диний агымына тиешеси бар экендиги боюнча расмий маалыматтар таратылып жаткандыгына кызыгышты.

Эл өкүлү Каныбек Осмоналиев аталган куралдуу кылмышкерлерди “Салафилер” деп атоого кандай негиздер бар экендигин айтып берүүнү талап кылды.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев буга атайын операция учурунда тирүүлөй кармалган Эдил Абдырахмановдун көрсөтмөсү, табылган далил заттары жана эксперттердин бүтүмү негиз бергендигин белгиледи:

- Алынган далил заттарынын негизинде колгон түшкөн жигиттен силер кимсиңер деп суракка алсак, ал “Кавказда, Түндүк Казакстанда жайылып кеткен “Салафи” диний агымына киребиз” деди. Анан мен ал жөнөкөй кылмышкерлерден айырмаланып тургандыктан Муфтияттан өкүлдөрдү жана дин иштери боюнча эксперт Кадыр Маликовду чакыртып, кармалган Эдил Абдрахманов менен жолуктуруп, алар баш-аягы төрт саатча сүйлөшүп көрүштү. Эксперттер мага кармалган жигиттин көз карашына жана тутунган турумуна караганда чын эле “Салафилерден” экендигинен күмөн саноого болбойт деген тыянак чыгарып беришти.

Адистер “Салафи” агымы исламды таза сактоо кыймылы катары он бешинчи кылымдан бери белгилүү экендигин айтышат. Коңшулаш Казакстанда жана Тажикстанда аталган агымдын жактоочулары куугунтукка алынып келет. Кыргызстанда “Салафилердин” жолдоочуларына расмий тыйуу салынган эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп турган учурда аталган агымды иликтеп чыкканына токтолду.

Каныбек Осмоналиев
Анда Каныбек Осмоналиев “Салафилердин” идеялык нускамаларында коомго зыян келтирүүчү жана куралдуу каршылык көрсөтүүгө багыт берүүчү жагдайлар жок экендигин кошумчалады:

- Сиз министр болгондон кийин айткан сөзүңүз коомдо ар башкача кабыл алынышы мүмкүн. Ошондуктан тергөөнүн жыйынтыгы чыга электе эле ал куралдуу топтун мүчөлөрү “Салафилер” деп айтпай турсаңар жакшы болот эле. Анткени бул агымдын жолдоочулары динди таза кармоого үгүттөгөн кыймыл катары бириккен, коомго зыян келтирбей турган эле адамдар. Албетте өзүнүн жанагыдай дин тутуу жаатындагы айырмаланган көз караштары бар. Бирок анын жактоочуларын террорго түртө тургандай иделогиялык нускамалар жок. Муну биз атайын илимий изилдөө учурунда аныктаганбыз.

Күмөн санаткан күч түзүмдөрү

Ошол эле учурда айрым эл өкүлдөрү күч түзүмдөрү жөнөкөй уюшкан кылмыштуу топтор менен болгон кагылыштарга террорчулук күч алды дегендей түс берүүгө аракет жасап жаткандай жагдайлар орун алгандыгын көтөрүп чыгышты.

“Ар-намыс” фракциясынан депутат Анвар Артыков бул окуяга байланышкан жагдайларды депутаттык комиссия аркылуу иликтөөнү сунуштады:

- УКМКнын абагында жаткан жигиттерди кыйнап-кыстап, моюндарына алдырган деген сөздөр болуп жатат. Ошон үчүн биз сөзсүз бул жагдайды иликтеш үчүн депутаттык комиссия түзүшүбүз керек. Өз көзүбүз менен көрүп ынанышыбыз керек. Чын эле террористтерби же... Террордук акт болгондо сөзсүз кандайдыр бир уюм анын жоопкерчилигин мойнуна алат болчу. Биз аша чаап эле бизде терроризм күчөдү деп кыйкырып жаткан жокпузбу? Ар кандай мына ушундай жасалма жагдайлардын арты менен чоң акча кылса болот экен деген сөздөр болуп жатат.

Андан соң эл өкүлдөрү күч түзүмдөрүнүн жалпы ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин алгач комитетте карап көрүүнү сунушташты. Отурумдун аягында 4-5-январда куралдуу топ менен күрөшүү учурунда окко учкан төрт офицерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү чечими кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG