Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Рысалиев: Криминалдын ордун көрсөттүк


Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин айтымында, өлкөдө криминалдык лидерлерди өрнөк туткан жеткинчектер арбыды.

Министр уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш, Садыркуловдун өлүмүн иликтөө иштери, чет өлкөдө качып жүргөн уюшма кылмыштуу топтун лидерлерин кармап келүү аракеттери боюнча суроолорго жооп берди.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз



"Азаттык":
Кыргыз коомчулугунда “кылмыш романтикасы” абдан кеңири жайылганы айтылып келатат. Өспүрүмдөр арасында “тиги лидердей” болсом, “бул авторитеттей” болсом деген жаштар да арбын. Ушундан кантип арылса болот?
Камчы Көлбаев Бээжин олимпиясын жеңип келген жигиттерге президент бергенден да жакшы машина белек кылды. Алар аны “братандын белеги” деп элге айтып жүрүштү.

Зарылбек Рысалиев: Сиздер деле байкасаңыздар керек, Бакиевдин акыркы 3,5 жылында “мен кылмышкер” деген адамдар байып кеткен. Мисалы, Камчы Көлбаев, Алмамбет Анапияев дегендер ким эле?! Алардын бири башка бирөөнүн “шоопуру” болчу, дагы бири жөн эле жүргөн адам болчу. Булар 3,5 жылдын ичинде болуп көрбөгөндөй байыды.

Мисалы, Бакиев президент болуп турганда, дүйнөлүк олимпиядан утуп келген эки жигитибизге өзүнүн жана өкмөттүн атынан сыйлык катары машина берди. Бирок эртеси эле Камчы Көлбаев аларга президент бергенден да жакшы машина белек кылды. Алар “вор в законе” Камчы Көлбаевдин берген машинасын көчөгө айдап чыгып, “братандын белеги” деп, элге айтып жүрүштү. Ал эми муну болсо жаш балдар көрүп жатат.

Анткени, биздин өкмөт, мамлекет жыйырма жылдан бери жаштарга өрнөк боло тургандай кадрларды тарбиялаган эмес. Анан жаш балдар кимди карайт? Албетте, кылмышкерлерди карайт. Кылмышкерлер сүйлөсө, кыйын сүйлөп, каалаган максатына жетип жатат. Көчөдө жүрсө жакшы машиналар менен жүрүп, бут кийимдеринин такасы төрт-беш кабат кайыш. Беш-алтыдан ресторандары, казинолору болсо, беш-алтыдан аял алса, ошолордун жашоосу жакшы көрүнөт да.

"Азаттык": Өткөн жылы мамлекет тарабынан уюшкан кылмыштуулукка күрөш жарыяланып, алардын 160-180дей мүчөсү кармалды деп айтылды эле. Бирок сиз бүгүн өлкөдө кылмыштуулук азайды, уюшкан кылмыштуулук кыскарды деп айта аласызбы?

Зарылбек Рысалиев: Сиздин сурооңуз жалпы суроо болуп жатат. Жалпысынан айтканда, кылмыштуулуктун санын биз 2011-жылы 14 пайызга азайттык. Бул салыштырмалуу. Мен биз кыйратып жибердик деп айта албайм. Милиция кызматкерлеринин мактана турганы -сандар эмес. Милиция качан мактанат? Эгер эл бизди мактап, ишеним жогоруласа, биз ошону көрсөткүч катары кабыл алабыз. Ошон үчүн адам өлтүрүүнү, жол кырсыгын мынчага кыскарттык деп айтуу бизге болбойт. Бизге элдин ишеничи керек.

Бирок биз былтыркы жасаган ишибиз менен уюшкан кылмыштуулуктун белин сындырып, аларга өздөрүнүн ордун көрсөттүк. Кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү, силерге өкмөткө, жетинчи кабатка чыкканга жана депутат болуп эл башкарганга болбойт. Силердин ордуңар тээ төмөн жакта деп аларга ордун көрсөттүк. Силерди участкалык милициябы, же жөнөкөй сержант чакырабы, же милиция кызматкери чакырабы, “жарайт, таксыр” деп келишиңер керек деп билдирдик.

Эгер силер жазылбаган мыйзам менен жашайм десеңер, ордуңарды билип, жогору чыкпагыла дедик. Мыйзамсыздык кылып тоногонго, адамды коркутуп маңдай тери менен тапкан дүнүйөсүн тартып алганга, же маңзат жана курал сатуу менен алектенүүгө жол бербесибизди эскерттик. Элдин кызыкчылыгы башка, элдин жашоосуна киришпегиле деп, аларга өздөрүнүн ордун көрсөттүк. Биз бул иштерибизди жыл өткөн сайын бекемдеп, аларды баш көтөртпөшүбүз керек. Биздин максат ошол.

XS
SM
MD
LG