Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Атаханов: Кыргызстанды каптаган кара булут тарап жатат


Вице-премьер-министр Шамил Атаханов ички жана тышкы коопсуздук маселелери боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Шамил мырза, өлкөдөгү шайлоо алдындагы коопсуздук кырдаалына кандай баа бересиз?

- Коопсуздук дегенде ички жана сырткы коопсуздукту бөлүп көргөзгөн оң.
Ички коопсуздук жөнүндө сөз кылсак, эң чоң коркунуч туудурган очок – коомдун бардык тармактарына кеңири тамыр жайган уюшкан кылмыштуулук болчу. Жадакалса тартип коргоо органдары уюшкан кылмыштуулуктун таасиринде калган. Себеби мамлекеттик башкаруу кылымыш дүйнөсү менен чырмалышып калган эле. Кылмыштуу топтор бийликтин куралына айланган. Бара-бара криминалитет ага бөлүнгөн ролго токтобой, турумдарын барган сайын бекемдеп жатты. Натыйжада тартип коргоо органдарына кеңири тарап, иш жүзүндө башкаруунун тизгини кылмыш дүйнөсүнүн колуна өткөн.

Анан легитимдүү бийлик уюшкан кылмыштуулукту түп тамыры менен жок кылууну эң башкы максаты деп атаган. Ал максат дээрлик жүзөгө ашты. Уюшкан кылмыштуулуктан толугу менен арылдык деп айта албайбыз. Бирок мурункудай болуп коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүн баш ийдирип алган көрүнүш жоюлду. Эки айдын ичинде кылмыштуу топтордун 150дөн ашуун активдүү мүчөлөрү кармалды. Жаза өтөө мекемелеринде алар үчүн атайын режим түзүлгөн. Башкача айтканда абалды стабилдештирүү үчүн чаралар көрүлдү.

- Сиз айткандай уюшкан кылмыштуу топтордун төбөлдөрү кармалып жатат, ошол эле маалда кез-кезде алардын айрымдары коё берилип жатканы тууралуу маалыматтар пайда болууда.

- Биздин коом азырынча идеалдуу деп атоодон өтө алыс. Чүй районунун сотунда Көлбаевдин иши эмне болгонун билесиздер. Башка соттордо каралган иштер тууралуу угуп жүрсөңүздөр керек. Маселен, 70 кишинин иштери соттордо каралса, алардын 20 процентиндейи шарттуу түрдө кесилип бошотулган. Аларга рэкет, зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрү, бирөөнүн мал-мүлкүн тартып алуу өңдүү оор кылмыштар боюнча айып тагылган. Бул жерде эски бийликтен калган коррупциялык схемалардын изин тапса болот.

Биз андай учурларды көзөмөлдөп, бөгөт коюууга аракет көрүп жатабыз, эски системанын туруштугуна карабай, оң жылыштар байкалууда. Образдуу айтканда, Кыргызстанды каптаган кара булуттар тарап жатат.

- Камчы Көлбаев жөнүндө айтып калдыңыз, жакында АКШ аны дүйнөдөгу эң ири наркобарондордун тизмесине киргизген. Айрым маалыматтарда болсо анын акталганы тууралуу айтылып жүрөт. Карама-каршылыктуу жагдайларды угармандарыбызга түшүндүрүп бересизби?

- Көлбаев 22 жылга абакка кесилген. Бирок соңку 7 жыл ичинде такай мунапыска туш болуп, акыр аягында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн эрте бошотулган. Колония-поселениеге жөнөтүлүп, дайыма катталып турушу керек эле, бирок ал эрежени сактаган эмес. Натыйжада ага каршы кылмыш иши козгологон. Көлбаев азыр башка өлкөдө жашырынып жүрөт, Интерпол аркылуу расмий издөө жарыяланган.

- Эми тышкы коопсуздук жөнүндө сөз кылсак. Кыргызстанга согушкерлер жапырык жасашы ыктымал деген маалыматтар жогорку жетекчилер тарабынан да айтылып журөт. Бул албетте, элди чочутпай койбойт. Ушундай билдирүүлөрдүн жасалышы канчалык туура?

- Мындай маалыматтарды эч ким жаап-жашырбайт. Жакында АКИ-прессте немис эксперттеринин материалы жарык көрдү. Алар Кыргызстанга террористтер кирип келиши мүмкүн деп болжолдошот. Биринчи кезекте Өзбекстан Ислам кыймылынын активдүүлүгүн белгилешет. Ооганстандагы коалициялык күчтөр ал жердеги өзгөчө агрессивдүү оппозициялык топторду түштүккө, Тажикстан менен чек арага карай сүрүп жаткан кезде Өзбекстан Ислам кыймылы да активдеше баштады. Мындан тышкары Пакистан менен Ооганстандын чек ара аймактарында илгертеден эле Өзбекстан ислам кыймылынын, Талибандын, Ал-Кайиданын террорчуларды даярдаган машыктыруу лагерлери бир топ.

- Ушундай маалыматтар бар болгондон кийин Кыргызстандын күч структуралары кандай чара көрүп жатат?

- Биринчиден, түштүк чек араларды бекемдедик. Кошумча 20 чакты чек ара заставалары түзүлдү, 500 киши коргоо министрлигинин карамагынан чек ара кызматына өткөрүлдү. Мындайча айтканда, түштүк облустардагы чегараларды кайтарган аскерлердин саны көбөйтүлдү. Экинчиден, чегаралардагы коопсуздукту камсыздоого коргоо министрлиги да тартылат. Ала-Букада тоо аткычтар батальону жайгаштырылган. Майлы-Суудагы тоо аткычтар бригадасы жоюлуп кеткен эле, биз аны калыбына келтирдик. Аны менен катар түштүктөгү тартип коргоо органдарынын бөлүктөрү абдан эле күчтөндүрүлдү. Маселен, Ошто кайгуул күзөт кызматы түзүлдү. Бул жагынан алганда түштүктөгү чек араларды бекмедөө үчүн активдүү иш жүрүп жатат.

- Кыргыз өкмөтү орус бийлиги менен Баткенде антитеррордк борбор ачуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатат деген маалыматтар пайда болду эле...

- Ооба, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

- Жыйынтык оң болобу?

- Бардыгы болушу мүмкүн.

- Демек, соңку чечим кабыл алына элек?

- Анын жыйынтыгы сүйлөшүүлөргө жана тараптардын өз ара түшүнүүсүнө, макулдашууларына жана аракеттерине байланыштуу болот.

- Ал эми АКШнын “Манастагы” Транзиттик борбору Кыргызстандын коопсуздугуна салым кошуп жатабы?

- Ооба, салым кошууда. Биз алакандай өлкөбүз. Ооганстан, Пакистан, АКШ, Россия, Өзбекстан өңдүү чоң оюнчулар кандай ири стратегиялык чечимдерди кабыл алышаарын болжолдоо үчүн биздин чамабыз чектелүү. Кыргызстандын оперативдүү чалгындоо мүмкүнчүлүктөрү, жетиштүү ресурстары жок. Биз ири өлкөлөрдүн стратегиясы менен пландарынан көз карандыбыз.

Мен дагы бир нерсе тууралуу айтайын деп турам. Ички жана сыртык коопсуздук үчүн эн чоң коркунуч туудурган элемент – бул коррупция. Аны менен күрөшүү абдан оңой эмес. Паракорлук бийликтин бардык тармактарында кеңири жайылган. Тартип коргоо органдарындагы коррупция биздин мамлекетке абдан чоң коркунучу жаратууда. Жакында премьер-министр Алмазбек Атамбаев БУУнун конвенциясына негизделген антикоррупциялык орган түзүү чечимин кабыл алды. Биз долбоорун даярдап, Дүйнөлүк банктын экспертизасына бердик. Долбоор эл аралык укуктук нормаларга төп келет деген бүтүм чыкса эле, аны ишке ашыра баштайбыз. Менимче, бул бизге эң чоң коркунучтан – коррупциядан арылууга мүмкүнчүлүк берет.

XS
SM
MD
LG